Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы – сом 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө киргизилген. Бир сом жүз тыйындан турат.
«Сом» деген сөз түрк тилдүү элдерде алгач толук иштетиле элек металл же жыгач деген мааниде колдонулган. Убакыттын өтүшү менен, акча алмаштыруунун эквиваленти катары колдонулган баалуу металлдардын толук иштетилбеген куймалары да «сом» деп аталган. Байыркы кыргыздар акча пайда болгонго чейин алмашуу эквиваленти катары боз тыйын чычкандын терисин – «тыйын чычканды» колдонушкан. Кийинчерээк кыргыз тилинде майда тыйындын аталышы катары «тыйын» деген сөз бекем орногон.
Улуттук валютанын номиналдык катары төмөнкүдөй:
жүгүртүүдөгү монеталар: 50 тыйын, 1, 3, 5,10 сом;
банкноттор: 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000 сом.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын графикалык символу (сом белгиси) улуттук валютанын туруктуулугун түшүндүргөн, ылдый жагы сызылган, «сом» деген сөздүн «С» баш тамгасынан турат.
Сомдун графикалык символу Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 27-октябрындагы токтому менен бекитилген жана 2017-жылдын 8-февралынан тартып жалпы колдонууга киргизилген.
Сом белгисин киргизүүнүн максаты - товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөр рынокторунда жарнактарды, маалыматтык, маалымдама материалдарды өндүрүүдө, жайгаштырууда жана жайылтууда, ошондой эле башка максаттар үчүн Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин көрсөткүчү катары сомдун белгисин стандартташтыруу.
Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын графикалык символу Юникод символдордун кодун белгилөөнүн эл аралык стандартында катталган жана Microsoft Windows операциялык системасында Microsoft Windows 11 версиясынан баштап жана андан кийинки бардык чыгарылыштарда ишке ашырылган.
Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн тил панелинин параметрлеринен кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы «оң Alt+9» айкалышын колдонуу керек.