Тажрыйбалык такшалуудан өтүү 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогорку окуу жайларынын акыркы курсунун студенттерин жана жаш адистерди окуу стажировкасын өтүүгө, сынак өткөрүү жолу менен кабыл алат.  

    Сынак өткөрүүнүн этаптары:  

  • документтерди тандоо;  

  • кесипкөйлүк тесттен өткөрүү;  

  • маектешүү;  

    Талапкерлерге коюлуучу талаптар:  

  • жогорку окуу жайлардын эң мыкты баалар менен аяктаган 25 жаштан жогору эмес студенттери жана республиканын окуу мөөнөтү беш жылдык жогорку окуу жайларынын жана магистратуралардын акыркы курсунун студенттери;

  • Улуттук банкка тажрыйбалык такшалуудан өтүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары гана кайрыла алат.

  • өзүн жакшы сапатттары менен көрсөтө алган жана квалификациялык талаптарга жооп берген, адис/инспектор/экономист бош кызмат орундары үчүн сынакка катышкан талапкерлер.

Тажрыйбалык такшалуудан өтүү мөөнөтү 3 айдан 1 жылга чейин.

    Тажрыйбалык такшалуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынышы мүмкүн:

  • бош кызмат ордуна сунушталат/сунушталбайт;  

  • тажрыйбалык такшалуу өтүү мөөнөтү узартылсын;  

  • тажрыйбалык такшалуу аяктасын.  

    Талап кылынуучу документтер:  

  • кадрларды эсепке алуу баракчасы, сүрөтү менен;  

    өмүр баяны  

  • билими жөнүндө документтер (диплом тиркемеси менен же зачеттук китепчесинин көчүрмөсү), илимий даража жана наам ыйгарылгандыгы, квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө диплом, сертификаттар ж.б.  

  • эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эгер бар болсо);  

  • таржымал (кошумча маалыматтар) талапкердин каалоосу боюнча;  

  • паспорт же инсандыгын тастыктаган башка документ, ошондой эле аскердик билети документтерди тапшырып жаткан учурда, талапкердин өз колу менен берилет.  

    Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:  

  • Бишкек шаары, Калык Акиев көчөсү, 89, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Персонал менен иш алып баруу бөлүмүнүн № 225 иш бөлмөсүнө же (0312) 66 90 15 (+1034) телефондоруна кайрылсаныздар болот.  

Өздүк баракча Персонал менен иш алып баруу бөлүмү тарабынан берилет, №225-бөлмө.