Кыргыз Республикасынын жүгүртүү монеталары
Азыркы учурда жүгүртүү монеталарсыз (металл) накталай акча жүгүртүүнү элестетүү кыйын. Төмөн номиналдагы банкноттор алмашуу операцияларында жана күндө керектелүүчү товарларды сатып алууда көбүрөөк колдонулуп, жогору номиналдагы банкнотторго караганда тез эскирип, тытылып жаткандыктан, накталай акча жүгүртүүгө металл монеталар колдонууга киргизилген. Ушул себептен, төмөн номиналдарды кагаз банкноталарга караганда кыйла бышык, көпкө колдонулуучу металл монеталар түрүндө чыгаруу максатка ылайыктуу болуп саналат.
2008-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын 10, 50 тыйын жана 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталарды жүгүртүүгө киргизген. Мында, 1 тыйын номиналындагы жүгүртүү монетасы коллекциялык монета статусунда чыгарылган.
Монетанын курамы
1, 10 жана 50 тыйын номиналындагы монеталар болоттон даярдалып, жез менен капталган, ал эми 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар болоттон даярдалып, никель менен капталган. Ар бир жүгүртүү монетанын диаметри жана салмагы айырмаланып турат.
Идеялык-көркөм мазмуну
1, 10 жана 50 тыйын номиналындагы монеталардын негизги сюжетин кыргыз колдонмо искусствосунда байыртадан бери кездешип келген, эң эле кеңири тараган жана кооз орнамент элементтеринин бири болуп саналган гүл түрүндө салттуу кыргыз орнаменти түзөт.
1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталардын негизги сюжетинде токчулуктун жана бакубаттыктын символу катары улуттук суусундук – кымыз куюлуучу, булгаарыдан жасалган кыргыз улуттук идиш – көөкөр түшүрүлгөн. Ар бир көөкөрдө тумардын сүрөтү чагылдырылган.
Бардык номиналдагы монеталардын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жыл түшүрүлгөн.
Тегеректөө тартиби
Кыргыз Республикасында накталай эсептешүү тартибин белгилөө максатында, ошондой эле 1 жана 10 тыйын номиналындагы монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу жана аларды андан ары бардык накталай эсептешүү түрлөрүндө колдонуу токтотулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2011-жылдын 13-октябрында № 631/35/10 «Кыргыз Республикасында накталай эсептешүүлөр учурунда тыйын калдыгынын суммасын тегеректөө тартиби жөнүндө» биргелешкен токтому (мындан ары - Тегеректөө тартиби) кабыл алынган. Тегеректөө тартиби Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg(Банк жөнүндө/Улуттук банктын ченемдик актылары/Накталай акча жүгүртүү) дареги боюнча жайгашкан.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жүгүртүү монеталары 50 тыйын, 1, 3, 5 жана 10 сом номиналдарда чыгарылууда.
Расмий төлөм каражаты
Улуттук валютадагы жүгүртүү монеталарынын бардык номиналы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана номиналдык наркы боюнча төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.