5 сом номиналындагы жүгүртүү монетасы 

 

 

 

Монетанын алдынкы бетинде кыргыз улуттук суусундугу - кымыз сакталуучу, булгаарыдан көркөм чеберчиликте кылдат жасалган көөкөрдүн сүрөттөлүшү чагылдырылган. Ар бир көөкөр бетине түпкүлүктүү эл жаман көздөн, суук сөздөн сактаган ыйык белги катары аздектеп келген, үч бурчтук формасындагы тумардын сүрөттөлүшү түшүрүлгөн.  

 

Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби жана монета чыгарылган жыл орун алган.  

 

Монеталардын техникалык мүнөздөмөсү

Номиналы 

Жүгүртүүгө чыгарылган күнү 

Металлы 

Диаметри 

Салмагы 

Кыры 

5 сом 

2008-жылдын 1-январы 

Никель капталган болот 

23 мм 

4,2 г 

Кесикче 

 

5 сом номиналындагы жүгүртүү монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.