Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пресс-конференциянын жүрүшүндө эсептик чендин өлчөмүн 8 пайыздан 6 пайызга төмөндөтүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады 

 

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 31-майында эсептик чен өлчөмүн 200 базистик пунктка, 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда, пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.   

2016-жылдын алгачкы эки айында 7,8 пайыз Кыргызстандын экономикасында төмөндөө болуп, ал негизинен “Кумтор” алтын кениндеги өндүрүштүн басандашы менен байланыштуу болгон; эгерде “Кумтордогу” өндүрүштү эсепке албай турган болсок, анда ИДП өсүмүнүн темпинин төмөндөөсү 0,1 пайызга барабар.  

Толкунбек Абдыгуловдун сөзүнө караганда, бул чечимди кабыл алуу инфляциянын жана экономикалык өсүштүн азыркы учурдагы динамикасына жана келерки мезгилге болгон болжолдоолоруна негизделген. Азыркы учурда өлкөдө инфляция төмөн деңгээлде болууда. Анын жылдык маанидеги көрсөткүчү 2016-жылдын май айында (20 числосуна карата) 0,2 пайызды түзгөн, ошол эле көрсөткүч жылдын башына карата 3,4 пайызды түзгөн. Төмөн инфляциянын калыптанышына буга чейин кабыл алынган акча-кредит саясат жагындагы иш-чаралар таасир кылган. Төмөндөөгө азык-түлүк товардык группасынын арзандашы жана ички керектөө суроо-талаптын басаңдашы да таасир кылган.  

Улуттук банктын төрагасы белгилеп кеткендей, ички валюта рыногунда сомдун бекемделишине тенденциясы бар туруктуу жагдай байкалууда. Жыл башынан бери сом АКШ долларына карата 10,1 пайызга бекемделген. Учурда АКШ долларынын расмий курсу 1 доллар үчүн 68,2690 сомду түзөт.