Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов пресс-конференциянын жүрүшүндө эсептик чендин өлчөмүн 6 пайыздан 5,5 пайызга төмөндөтүү чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады  

  

Улуттук банк Башкармасы 2016-жылдын 28-ноябрында эсептик чен өлчөмүн 50 базистик пунктка, 6 пайыздан 5,5 пайызга чейин төмөндөтүү  жөнүндө чечимди кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрында, пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымдады.    

Бул чечим төмөнкү факторлордун негизинде кабыл алынган. 2016-жылдын ноябрында (18 числосуна карата) дефляция жылдык мааниде 0,7  пайыз деңгээлинде байкалган. Азык-түлүк группасынын товарлары жыл ичинде 5,8 пайызга төмөндөгөн, ал эми акыркы айларда азык-түлүк эмес группасындагы товарлардын да өсүш арымдарынын азайюусу байкалууда. Биздин баа берүүлөргө ылайык 2016-жылдын акырына карата инфляция нольго жакын болоору, ал эми кийинки жылдын ичинде 5-7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтүн ылдыйкы чегине жакын болоору күтүлүүдө. Ошондой эле Улуттук банктын эсептик ченинин төмөндөшү улуттук валютадагы акча рыногунун чендеринин азайышына алып келүүдө. Азыркы учурда банктар аралык кредит рыногунда пайыздык чендер Улуттук банктын пайыздык коридорунун чегинде болууда.  

Толкунбек Абдыгуловдун сөзүнө  караганда, экономикабыздын абалы жакшылануу тарабына өзгөрүүдө. 2016-жылдын январь-октябрь айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ИДӨ (ички дүң өнүмү) 2,7 пайызга көбөйгөн. “Кумтөрдү” эске албаганда экономиканын өсүшү 3,3 пайызды түзгөн. Ички керектөө калыбына келүүсү байкалууда. “Эскертип кетсем, буга чейин Улуттук банк өлкөбүздүн экономикасын колдоо үчүн эсептик ченди 2016 жылдын март айында 10 пайыздан 8 пайызга чейин, ал эми 2016 жылдын май айында 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөткөн. Бул чечимдер экономиканын өсүшүнө түрткү бере турган чараларга колдоо көрсөтүүдө деп Улуттук банктын төрагасы белгилеп кетти.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, жыл акырында инфляция нөлгө жакын мааниде күтүлүүдө жана жакынкы айларда басаңдатылган инфляциялык чөйрө сакталып турат. Баа ыргагы боюнча болжолдоолорду эске алуу менен Улуттук банк Башкармасы эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Өлкөнүн борбордук банкы мындан ары да, тышкы таасирлер орун албаган шартта өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү акча-кредит саясатын ишке ашырууга ниеттенүүдө