Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алды 

 

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы старт алып, ал өлкөнүн бардык аймактарында 2017-жылдын 27-марттан 2-апрелге чейин созулат. Мындай билдирүүнү Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов басма сөз жыйынында билдирди.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул иш чаранын башкы максаты жаш муундарды акча топтоп, иштеп акча табууга үйрөтүү жана ошондой эле финансылык билимди жеткиликтүү кылуу, акча кантип иштээрин көрсөтүп, финансы институттары, финансы рыногу тууралуу маалымат берүү, кредит алуу жана банктык аманат жасоо сыяктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.  

«Албетте Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүү калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу масатында уюштурулган иштердин бири гана. 2016-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул багыттагы Программа кабыл алынган. Аны ишке ашыруу 2020-жылга чейин созулуп, Кыргызстандын жалпы калыкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга каралган» деп билгиледи Толкунбек Абдыгулов. 

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу бюоюнча иш чаралардын алкагындагы Дүйнөлүк акча жумалыгы компаниясы Кыргызстанда 2017-жылдын 2-апрелине чейин уланат.