28-мартта эсептик чен боюнча пресс-конференция өттү 

 

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 28-мартта өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банк Башкармасынын мындай чечимге келишинин себептерин чечмелеп берди.  

Иш-чарага Улуттук банктын Төрагасы менен бирге эле банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азамат Давлеталиев, Төлөм системасы башкармалыгынын башчысы Эвелина Лелевкина жана Экономика башкармалыгынын башчысы Алтынай Айдаровалар катышкан. 

Жогоруда белгиленгендей эле, Улуттук банк 2017-жылдын 28-мартында эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алган. 

Борбордук банктын Төрагасы өлкөдө экономикалык жигердүүлүк ичтен керектөөнүн бара-бара калыбына келиши менен колдоого алынып жаткандыгын, 2017-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүш көрсөткүчү 5,4 пайыз деңгээлинде түптөлгөндүгүн белгилеген. Мааниси акча-кредит саясаты үчүн орчундуу көрсөткүч болуп саналган “Кумтөр” алтын кен ишканаларынын маалыматтарын эске албаганда, экономиканын өсүшү 3,6 пайызды түзүп, экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн алгылыктуу өнүгүү арымы, ички валюта рыногунда туруктуулук сакталып, жыл башынан бери (26-мартка карата) сом 0,5 пайызга чыңдалгандыгын жана март айында Улуттук банк ички валюта рыногуна катышпагандыгын баса белгилеген.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, тышкы экономикалык чөйрөнүн жана экономиканын мындан ары өнүгүшүнө күндөлүк баа берүүгө таяна турган болсок, инфляция арымы 2017-жылдын акырына карата 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген максаттуу көрсөткүчкө жакындашат. Тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаган шартта, эсептик чендин ушул деңгээлде сакталышы экономиканын өсүш арымын колдоого өбөлгө түзөт.  

Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорго баа берип туруу менен тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат 

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму өтүп жаткан жылдын 29-майына пландаштырылган.