2017-жылдын 30-майда эсептик чен боюнча пресс-конференция өттү 

 Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 30-майда өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Улуттук банк Башкармасынын мындай чечимге келишинин себептерин чечмелеп берди.   

Иш-чарага Улуттук банктын Төрагасы менен бирге эле банктын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын башчысы Азамат Давлеталиев, Тышкы козомол башкармалыгынын башчысы Сейтек Чалбаев жана Экономика башкармалыгынын башчысы Алтынай Айдаровалар катышкан.  

Жогоруда белгиленгендей эле, Улуттук банк 2017-жылдын 30-майында эсептик чен өлчөмүн 5,00 пайыз деңгээлинде сактап туруу чечимин кабыл алган.  

Улуттук банктын болжолдоолоруна ылайык, тышкы экономикалык чөйрөнүн жана экономиканын мындан ары өнүгүшүнө күндөлүк баа берүүгө таяна турган болсок, инфляция арымы 2017-жылдын акырына карата 5-7 пайыз деңгээлинде белгиленген максаттуу көрсөткүчкө жакындашат. Тышкы жана ички инфляциялык тобокелдиктер орун албаган шартта, эсептик чендин ушул деңгээлде сакталышы экономиканын өсүш арымын колдоого өбөлгө түзөт.   

Улуттук банк инфляцияга таасир эткен тышкы жана ички факторлорго баа берип туруу менен тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзүүнү улантат  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмүн кароого алган кийинки отуруму өтүп жаткан жылдын 26-июнуна пландаштырылган.