Улуттук банктын 2019-жылы аткарган иштеринин алдын ала жыйынтыгына арналган 

пресс-конференция болуп өттү 

  

Улуттук банктын 2019-жылы аткарган иштеринин алдын ала жыйынтыгына арналган пресс-конференция болуп өттү.   

Пресс-конференцияга Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов катышты.  

Өз сөзүндө Толкунбек Абдыгулов 2019-жыл ичинде экономиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу жактары, өткөн жылдагы макроэкономикалык алдын ала көрсөткүчтөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында Улуттук банк тарабынан аткарылган иштер тууралуу айтып берди.  

«Улуттук банк отчеттук жыл ичинде өз ишин өлкөбүздүн мыйзам талаптарына ылайык жүргүздү. Улуттук банктын ишинин негизги максаты болуп, баа туруктуулугун камсыз кылуу эсептелет. Өткөн жылы баа туруктуулугун камсыз кылуу максаттарына жетиштик. 2019-жылы баалар орточо алганда 1,1 пайызга, инфляция жылдык мааниде (2019-декабрь/2018-декабрь) 3,1 пайызга өскөн, алмашуу курсу жыл ичинде 0,3 пайызга төмөндөп, 69,6439 сомду түзгөн»  деп белгиледи Абдыгулов.  

Эл аралык резерв көлөмү 2019-жылдын башынан 268,6 млн АКШ долларына же 12,5 пайызга көбөйүү менен 2019-жылдын 31-декабрына карата 2 424,1 млн АКШ долларын түзгөн, бул Улуттук банктын берген баасы боюнча товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр импортунун келечектеги көлөмүнүн 5,0 айын жабат.   

Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, банк секторунда да жагымдуу жетишкендиктер болгон. Кредит портфели 14,5 пайызга 146,4 млрд сомго чейин көбөйгөн (2018 жылы  127,9 млрд сом), банктагы депозиттер 13,4 пайызга 151,0 млрд сомго чейин өскөн (2018 жылы  133,1 млрд сом), кредиттер боюнча чендер төмөндөө тенденциясына ээ болуп, улуттук валютада жаңыдан берилген кредиттер боюнча орточо салмактанып алынган чен, 2018-жылга салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка төмөндөп, 2019-жылы 19,0 пайызды түзгөн, чет өлкө валютасында 0,1 пайыздык пунктка төмөндөө менен 9,6 пайызды түзгөн.  

Экономикалык жигердүүлүктү колдоо үчүн Улуттук банк коммерциялык банктарды андан ары кредиттөө үчүн ресурстарды сунуштап турган. Мында 54,5 млрд сом өлчөмүндө каражаттар сунушталган (анын ичинде «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасы жана региондорду өнүктүрүүнү колдоо үчүн), бул каражаттардын ичинен коммерциялык банктар 2,02 млрд сом көлөмүндө каражаттарды алышкан. Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте 2019-жылы экономикага 4,04 млрд сом көлөмүндө: 12 пайыздан ашпаган чен боюнча 2,46 млрд сом көлөмүндө региондорду өнүктүрүү максатына, 10 пайыздан ашпаган чен боюнча «Айыл чарбасын каржылоо-7» программасынын алкагында 1,58 млрд сом өлчөмүндө кредит жумшаган.  

Улуттук банк 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган жарлыгынын талаптарын аткаруунун алкагында, региондордо банк инфраструктурасын өнүктүрүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жагында ченемдик жана укуктук базаны өркүндөтүү, регионалдык долбоорлорду кредиттөөнү кеңейтүү боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.  

Нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн арттыруу жагында жүргүзүлгөн иштер жакшы көрсөткүчтөргө ээ болгон: чыгарылган банктык карттардын саны көбөйүп (+20,8%) 3,0 млн жакын көрсөткүчтү түзгөн, төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган операциялардын көлөмү 2019-жылы 240 млрд сомго жакындап 22,3 пайызга өскөн, орнотулган банкоматтар менен ПОС-терминалдардын саны 1,7 миң бирдикке жана 11,1 миң бирдикке чейин жеткен.  

Көчмө кассалар аркылуу өлкөнүн алыскы региондорунун жашоочуларын банктык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоор Жалал-Абад, Ош жана Нарын областтарында ишке киргизилген. Банктык кызмат көрсөтүүлөр 127 айылда сунушталып, 3 064 570 сом өлчөмүндө 212 282 адам акча каражаттарын алган. Төлөм картынан нак акча каражаттарын алуу боюнча региондордо коммерциялык банктар менен биргеликте «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын пилоттук долбоору ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө 321 POS-терминал 980ден ашык алыс жайгашкан айылдарды (калктуу конуштардын жарымы) тейлөөдө.  

«Элкарт» улуттук картынын ээлери үчүн мобилдик телефон аркылуу бир нече секунд ичинде дээрлик бардык операцияларды жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берген «Элкарт Мобайл» тиркемеси иштелип чыккан. Учурда 83 миңден ашык пайдалануучу «Элкарт Мобайл» тиркемесин жигердүү пайдаланып келет, алар аркылуу 1,5 млн транзакция ишке ашырылган. «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК тарабынан 2019-жылдын 1-мартынан тартып «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу QR-кодун (эки өлчөмдүү штрих-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча долбоор ишке киргизилген, бул соода түйүндөрүнө мобилдик телефон аркылуу нак эмес формада төлөмдөрдү кабыл алууга өбөлгө түзөт.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын имаратында Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору (Дата борбору) курулду.  

Регионалдык долбоорлорду каржылоону колдоого алуу үчүн Улуттук банк «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомуна 550 млн сом инвестициялаган (1 132 млн сомго чейин капиталдаштырган), бул айрыкча, күрөөлүк камсыздоону сунуштоого мүмкүнчүлүгү жок өлкөнүн региондорундагы ишкерлерге каржылоо каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүн берет. Улуттук банк, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана «Кепилдик фонд» ААК тарабынан региондордо негизги эки долбоор боюнча стартап-долбоорлорду каржылоо механизмдери иштелип чыккан.  

Улуттук банк 2020-жылы Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүүөлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгында аныкталган милдеттерди аткаруунун алкагында өз ишин уланта тургандыгын белгилеп кетким келет.