Улуттук банк экономиканын өнүгүшүнө 5 млрд сомдон ашык каражат бөлөт 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуттук банк тарабынан жакынкы айларда өлкөнүн экономикасын колдоого 5 млрд 250 млн сом каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.  

Анын айтымында бул каражаттар төмөнкү багыттарга: 

- 1 млрд сом жүгүртүү капиталына; 

- 1,5 млрд сом - айыл чарбасын каржылоого; 

- 1 млрд сом - микрокредиттик компанияларга; 

- 750 млн сом («Керемет Банк» ААК аркылуу) чакан жана орто бизнести колдоого; 

- 1 млрд сом «Кепилдик фонд» ААКтын уставдык фондун көбөйтүүгө жумшалат. 

Улуттук банктын өткөн 2019-жыл ичиндеги 2,5 млрд сомду түзгөн пайдасы толугу менен мамлекеттик бюджетти колдоого багытталат жана анын 10 пайызы финансы сектору үчүн резерв түзүүгө жумшалат. 

Валюта рыногундагы туруктуу абалды белгилеп жатып, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын резерви 2 млрд 394 млн АКШ долларын түзөрүн, бул келечектеги товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импортунун 4,5 айын жабууга жете турганын маалымдады. 

Мындан сырткары, финансылык көзөмөлдүн башчысы Кыргызстанда жаңы финансылык жана нак эмес эсептешүүлөр технологиялары өнүгө тургандыгын билдирди. Бул максатта «Элкарт» улуттук төлөм системасын колдонуу болжолдонууда. Ошондой эле, банктын кардарларын аралыктан идентификациялоо инструменттерин түзүү иштери пландаштырылып жатат.