Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынЧенемдик актылары”» 

журналынын 2007 жылдын 12 саны 

 

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 102-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 19-сентябры N 42/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына 

векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу 

боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

жобонун жаңы редакциясы тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясынын долбоорун карап көрүү менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин Улуттук банк аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: 

- Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 25-мартындагы N 20/1 "Мамлекеттик казына векселдерин сатуу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 13-октябрындагы N 62/2 "Мамлекеттик казына векселдерин сатуу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 13-июнундагы N 30/2 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" жобонун жаңы редакциясы тууралуу. 

5. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары Абдыбалы тегин Суеркул мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

26-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 102-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 19-сентябрындагы 

N 42/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына 

векселдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкы аркылуу жайгаштыруу боюнча аукцион 

өткөрүүнүн тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Аукционго билдирмелерди тариздетүү жана берүү 

3. Аукцион өткөрүү тартиби 

4. Эсептешүүлөр 

5. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. Билдирме 

2-тиркеме. Квитанция 

 

Терминдер жана аныктамалар: 

Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Аукцион - МКВды сатуу формасы, мында билдирмелерди канааттандыруу эң жогорку дисконттолгон баадан башталат жана калган билдирмелер канааттандырылган учурда Эмитент үчүн алгылыктуу шарттарда аяктайт. 

МКВ - жүгүртүү мөөнөтү 3,6,9,12,18 жана 24 ай болгон мамлекеттик дисконттук баалуу кагаздар, алар документ формасында чыгарылат. 

Атаандаша алган билдирме - ошол баада алынуучу МКВлардын баасы жана саны көрсөтүлгөн билдирме. 

Атаандаша албаган билдирме - МКВдын саны көрсөтүлгөн билдирме, ал МКВдын аукционунда түптөлгөн орточо салмактанып алынган баа боюнча канааттандырылат. 

Аукциондун кыйыр катышуучусу - аукциондун тике катышуучусу болуп саналбаган, МКВды сатып алууга Улуттук банктын биринчилик дилерлери аркылуу билдирме берген жеке адам, юридикалык жак. 

Эмиссия параметрлери - чыгаруу жөнүндө маалымат: эмиссиянын номери, көлөмү, аукцион өткөрүү күнү, эмиссия күнү, төлөө күнү

Улуттук банктын биринчилик дилери - Улуттук банк менен мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун иши жөнүндө биринчилик дилер катары келишим түзгөн коммерциялык банк, финансы-кредит мекемеси ("ЭСК" ААК). 

Аукциондун тике катышуучусу - Улуттук банктын биринчилик дилери, ошондой эле Улуттук банк аркылуу жайгаштырылуучу мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунда иш алып баруу боюнча Улуттук банк менен келишим түзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду. 

Ыйгарым укуктуу адам - аукциондун тике катышуучусунун кызматкери, ал тиешелүү ыйгарым укукка ээ же ага расмий кат, ишеним кат же билдирүү менен тастыкталган ыйгарым укуктар чегерилген. 

Канааттандыруу баасы (цена отсечения) - билдирмелерди канааттандыруу аяктаган баа. Суроо-талап сунуштан арткан учурда МКВды чыгаруунун толук көлөмү жайгаштырылган болуп саналган баа, суроо-талаптан сунуш арткан учурда берилген бардык билдирмелер канааттандырылган баа. 

Электрондук тоорук системасы - МКВ менен жарандык бүтүмдөрдү келишүү процессин автоматташтыруу, баалуу кагаздарды жана алар менен бүтүмдөрдү эсепке алуу үчүн каралган аппараттык программалык комплекс. 

Эмитент - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан мамлекеттик карызды жөнгө салуунун ыйгарым укуктуу органы катары иш алып барат. 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы N 845 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан биринчилик рыногунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу (сатуу) тартибин аныктайт. 

1.2. Улуттук банк МКВды жайгаштырууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы N 845 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казына векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана төлөө жөнүндө" жобого ылайык Эмитент менен түзүлгөн келишимдин, ушул документтин негизинде жүзөгө ашырат. 

1.3. МКВды жайгаштыруу аукциондук негизде жүзөгө ашырылат. Аукцион берилген билдирмелер аларда көрсөтүлгөн баалар канааттандырылган ыкмада өткөрүлөт ("америкалык аукцион"). 

1.4. Улуттук банк аукционду Эмитенттин тапшырмасынын жана белгиленген формада МКВ жайгаштыруу боюнча аукцион өткөрүүгө глобалдык сертификаттын негизинде өткөрөт. МКВды чыгарууга жана жайгаштырууга документтердин түзүмү жана формасы Эмитенттин буйругу менен белгиленет, ал Эмитенттин ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бекитилет жана ага анын колу коюулат. МКВ аукционун өткөрүү үчүн тиешелүү документтер Эмитент тарабынан Улуттук банкка аукцион өткөрүү күнүнө чейинки эки иш күнүнөн кечиктирилбестен берилет. 

1.5. МКВ эмиссиясынын көлөмүнө тиешелүү маалыматтар Эмитенттин веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында Эмитент тарабынан жарыяланат. Улуттук банк МКВдын эмиссиясынын параметрлерин Улуттук банктын веб-сайтында жана электрондук тоорук системасында аукцион өткөрүү күнүнө чейинки бир иш күнүнөн кечиктирбестен жарыялайт. 

1.6. Аукцион электрондук тоорук системасын пайдалануу менен өткөрүлөт. Электрондук тоорук системасын пайдалануу мүмкүн эмес учурда аукционду өткөрүүгө мүмкүндүк берген кайсыл болбосун башка каражаттардын жардамы менен жүзөгө ашырылат (Ехсеl, кол менен иштеп чыгуу). 

1.7. Аукцион Эмитент тарабынан аныкталган мезгилдерде өткөрүлөт. Эгерде аукцион өткөрүү күнү Кыргыз Республикасында иш эмес күнү болуп саналса, анда аукцион кийинки иш күнү, МКВды чыгаруу күнүнө чейинки бир иш күнүнөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. 

1.8. Аукционго үчтөн кем катышуучу катышкан болсо, аукцион Эмитент тарабынан өткөрүлбөгөн, ал эми эмиссия жайгаштырылбаган катары таанылышы мүмкүн. 

1.9. Эмитент үчүн баа шарттары алгылыксыз болгон учурда, ал эмиссияны токтотууга же анын жарыяланган көлөмүн кыскартууга укуктуу. 

1.10. Эмитент Улуттук банктын областтык башкармалыктары аркылуу жеке адамдар арасында эмиссиянын жарыяланган көлөмүнө МКВды кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштырууну жүзөгө ашырууга укуктуу. МКВны кошумча (аукциондон тышкары) жайгаштыруу тартиби Эмитент менен макулдашуу менен Улуттук банк тарабынан аныкталат. 

1.11. Төлөө күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жарыяланган иш эмес күнгө туш келген учурда, МКВды төлөө кийинки иш күнү жүргүзүлөт. МКВды жүгүртүү мөөнөтүн мына ушундайча узартуу (көбөйтүү) үчүн киреше өлчөмү (дисконт) кайра эсептелбейт. 

1.12. Күтүлбөгөн кооптуу жагдайлар келип чыккан учурда (форс-мажордук жагдайлар) МКВ боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү аталган ошол жагдайлар орун алган убакытка жылдырылат. МКВды жүгүртүү мөөнөтүн күтүүсүз узартуу шартында киреше өлчөмүн (дисконт) кайра эсептөө жүргүзүлбөйт. 

 

2. Аукционго билдирмелерди тариздетүү жана берүү 

 

2.1. Аукциондун тике катышуучулары аукционго түздөн-түз катышууга укуктуу. Аукциондун кыйыр катышуучулары ага Улуттук банктын биринчилик дилерлери аркылуу билдирме берүү менен катыша алат. 

2.2. МКВны сатып алууга билдирме аукциондун тике катышуучусу тарабынан Улуттук банкка ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген формага ылайык документ түрүндө берилет. Билдирме конвертке салынып берилүүгө тийиш. Аукциондун тике катышуучусу аукционго бир гана билдирме бере алат. Эгерде бир аукционго тике катышуучудан бирден көп билдирме түшсө, ал ошол аукционго катыша албайт жана анын берген бардык билдирмелери анык эмес деп таанылат. 

2.3. Документ түрүндөгү билдирме Бишкек шаарында Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча жайгашкан Улуттук банктын Жалпы бөлүмүнүн биринчи кабаттагы бөлмөсүнөн орун алган "МБК аукционуна билдирмелер үчүн" деп жазылган ящикке салынууга тийиш. Аукциондун тике катышуучусу билдирменин берилгендиги фактысын алар катталуучу журналда чагылдырууга тийиш. 

2.4. Билдирме Улуттук банкка аукцион өткөрүү күнү саат 12:00ге чейин берилүүгө тийиш. Берилген билдирме кайтарылбайт. 

2.5. Документ түрүндөгү билдирмелер Улуттук банктык электрондук тоорук системасы аркылуу электрондук түрдө да берилет. Эгерде документ түрүндө жана электрондук түрдө берилген билдирмелердин маалыматтары дал келбесе, документ түрүндө берилген билдирмеге таянуу зарыл. 

2.6. Билдирменин ар бир бетине ыйгарым укуктуу адам колтамгасы жана аукциондун тике катышуучусунун мөөрү коюлуп, күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Билдирмеде аукциондун тике катышуучусунун расмий аталышы, билдирме берилген күн, аукцион өткөрүү күнү, МКВдын жайгаштырылуучу эмиссиясынын номери, сатылып алынуучу баалуу кагаздардын саны, сатып алуу баасы жана сатып алуу наркы чагылдырылууга тийиш. 

2.7. Улуттук банктын биринчилик дилеринин билдирмеси өзүнүн атынан (өздүк билдирме) билдирмедей эле, өз кардарларынын - аукциондун кыйыр катышуучуларынын атынан агрегириленген билдирмени (кардардык билдирме) да камтышы мүмкүн. Аукционго Улуттук банктын биринчилик дилери болуп саналбаган тике катышуучунун билдирмеси өздүк билдирмени гана камтууга тийиш. 

2.8. Тике катышуучунун атаандаша алган сунушту камтыган өздүк билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- лоттордун саны - 5 көп болбогон; 

- лоттордун жайгашуусу - сатып алуу баасынын кемүү тартибинде; 

- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны 100 бөлүнөт; 

- бир лотто баалуу кагаздардын кеминде 1000 даанасы, ал эми эмиссиянын жарыяланган көлөмү 100'000 сомдон кем болсо, анда кеминде 100 даанасы. 

2.9. Тике катышуучунун өздүк билдирмесиндеги баалуу кагаздардын, атаандаша алган жана атаандаша албаган бөлүгүн кошо алганда, жалпы саны жайгаштырылуучу баалуу кагаздардын санынан артпоого, б.а. өздүк билдирменин суммардык көлөмү номиналы боюнча эмиссиянын жарыяланган көлөмүнөн ашпоого тийиш. 

2.10. Атаандаша алган сунуш камтылган кардар билдирмеси төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- лоттордун жайгашуусу - сатып алуу баасынын кемүү тартибинде; 

- ар бир лот боюнча баалуу кагаздардын саны 10 бөлүнөт; 

- бир лотто баалуу кагаздардын минималдуу саны кеминде 100 даана. 

2.11. Атаандаша албаган сунуш менен кардар билдирмесинде тике катышуучунун кардарларынын атаандаша албаган сунуштары менен бардык билдирмелери боюнча баалуу кагаздардын суммардык саны көрсөтүлөт. 

2.12. Сатып алуу баасы жана сатып алуу наркы 1 (бир) тыйынга чейинки тактык менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

2.13. Тариздөө тартибин бузууга жол берүү менен толтурулган билдирмелер жараксыз катары таанылуу менен аукционго өткөрүлбөйт. Мында тариздөө тартиби өздүк билдирмеде гана бузулууга жол берилген болсо, анда кардардык билдирмеге аукционго катышууга уруксат берилет. 

2.14. Улуттук банк билдирмелери аукционго өткөрүлбөй калган тике катышуучуларга алардын себептери жөнүндө аукциондон кийинки эки иш күнүнөн кечиктирбестен билдирет. 

2.15. Улуттук банк маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ачык көрсөтүү учурларын эске албаганда, аукциондун катышуучуларынын билдирмелеринде көрсөтүлгөн маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга тийиш. 

 

3. Аукцион өткөрүү тартиби 

 

3.1. Аукционду өткөрүүдө атаандаша албаган сунуштар камтылган билдирмелер биринчи кезекте канааттандырылат. Алар эмиссиялардын көлөмүнөн номиналдык наркы боюнча 30% чегинде канааттандырылат. Эгерде атаандаша албаган сунуштар камтылган билдирмелердин суммардык көлөмү эмиссиялардын көлөмүнөн номиналдык нарк боюнча 30% артса, анда аларды канааттандыруу пропорционалдуу негизде жүзөгө ашырылат. 

3.2. Эмиссиялардын атаандаша албаган сунуштар камтылган билдирмелерди канааттандыруудан кийин калган көлөмү атаандаша алган сунуштар камтылган билдирмелер боюнча бөлүштүрүлөт. Билдирмелердин лоттору алардын кемүү тартибинде сатып алуу баасы боюнча коюлат, максималдуу баа менен лоттон баштап, андан ары канааттандыруу баасына жеткенге чейинки төмөндөө менен канааттандырылат. Эгерде, канааттандыруу баасы боюнча бирден көп билдирме берилген болсо, бул билдирмелердин ортосунда баалуу кагаздарды бөлүштүрүү дагы пропорционалдык негизде жүрөт. 

3.3. Эгерде канааттандыруу баасы боюнча Улуттук банктын биринчилик дилеринин өздүк билдирмесиндей эле, анын кардарларынын билдирмелери дагы берилген болсо, анда Улуттук банктын биринчилик дилери баалуу кагаздарды бул билдирмелердин ортосунда пропорционалдык негизде бөлүштүрөт. 

3.4. Аукциондун жыйынтыктары боюнча МКВдын орточо салмактанып алынган баасы жана кирешелүүлүгү төмөндөгү формула боюнча эсептелинет: 

 

E pi * qi 

P = ---------, 

E qi 

 

мында Р - МКВнын сом түрүндө орточо салмактанып алынган баасы, pi, - канаттандырылган лоттордун баасы, qi - канааттандырылган лоттордун көлөмү

 

N - P 360 

Y = ----- * --- * 100%, 

P T 

 

мында Ү - пайыздардагы орточо салмактанып алынган киреше, N - МКВ номиналдык наркы, Р - МКВ орточо салмактанып алынган баасы, Т - МКВ жүгүртүү мөөнөтү

3.5. Аукционго өткөрүлгөн билдирмелерди иштеп чыгуу аукцион өткөргөн күнү саат 13.00 саат 15.00 чейин жүзөгө ашырылат. Аукцион өткөргөн күнү саат 15.00 кечиктирбестен аукциондун алдын ала жыйынтыктары Эмитентке чечим чыгаруусу үчүн факсимилдик байланыштар боюнча берилет. Эмитент төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат: ушул Жобонун 1.8 пунктуна ылайык аукциондун жыйынтыктарын бекитүү же аукционду өткөрүлбөгөн катары таануу. 

3.6. Эмитент аукцион өткөргөн күнү саат 15.30 кечиктирбестен кабыл алынган чечимдер жөнүндө Улуттук банкка факсимилдик байланыштар боюнча маалымдайт. Улуттук банк аукцион өткөргөн күнү саат 16.00 кечиктирбестен аукциондун жыйынтыктары жөнүндө аукциондун тике катышуучуларына электрондук тоорук системасы аркылуу маалымдайт. Аукциондун жыйынтыктарын бекитүү учурунда тике катышуучуларга аукциондун соңку жыйынтыктары маалымдалат: суроо-талаптын жана жайгаштыруунун көлөмү, орточо салмактанып алынган баа жана кирешелүүлүк, билдирмелердин максималдуу баасы жана канааттандыруу баасы, аукциондун катышуучуларынын саны; аукциондун тике катышуучуларынын ар бирине аукционго катышуунун жыйынтыгы боюнча ал жана анын кардарлары тарабынан сатылып алынган МКВ саны жана наркы өзүнчө билдирилет. 

3.7 Аукциондун соңку жыйынтыктары мезгилдүү басма сөз беттеринде жана Улуттук банк веб-сайтында жарыяланат. 

 

4. Эсептешүүлөр 

 

4.1. Аукциондун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр, Улуттук банктын жана акциондун тике катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, МКВды чыгаруу күнү жүзөгө ашырылат. 

4.2 Аукциондун тике катышуучулары МКВ эмиссия күнү МКВдын аукционунда утушка ээ болгон билдирмелерге төлөө үчүн жетиштүү болгон акча каражаттарын камсыз кылат. 

4.3. Сатылып алынган МКВ үчүн жарым-жартылай төлөөгө жол берилбейт. Эгерде МКВды чыгаруу күнү аукциондун тике катышуучусу сатылып алынган МКВдын толук төлөө үчүн жетиштүү көлөмдөгү каражатка ээ болбосо, анда анын билдирмеси жокко чыгарылат. Мындай учурда аукциондун тике катышуучусу Эмитентке сатылып алынган МКВ номиналдык наркынан бир пайыз, бирок аукциондун тике катышуучусунун төлөнгөн уставдык капиталынан бир пайыздан көп болбогон өлчөмдө неустойка төлөп берүүгө милдеттүү. Аукциондун тике катышуучусу неустойканы төлөгөнгө чейин кийинки аукциондорго катыша албайт. 

4.4. Аукциондун жыйынтыктары боюнча эсептешүүлөр бүткөндөн кийин Улуттук банк аукциондун тике катышуучусуна аукциондо сатылып алынган МКВга менчик укугун тастыктоочу документ берет (2-тиркеме). 

 

5. Корутунду жоболор 

 

5.1. Мамлекеттик казына векселдери менен операциялар боюнча тобокелдиктерди тескөө ыкмалары аукциондун катышуучуларынын ички ченемдик документтери менен аныкталат. 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик 

казына векселдерин Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкы 

аркылуу жайгаштыруу боюнча 

аукцион өткөрүүнүн тартиби 

жөнүндө жобого карата 

1-тиркеме 

 

БИЛДИРМЕ 

 

Бул менен мындан ары "Катышуучу" деп аталуучу [аукциондун катышуучусунун аталышы], өткөрүлө турган аукциондо [аукцион өткөрүү күнү] N [эмиссиянын номери] эмиссиянын МКВ төмөндөгү шарттарда сатып алууга даяр экендигин билдирет: 

Өзүнүн атынан: 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐ 

Өздүк билдирме │ 

├──────────┬──────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

Лоттун Сатып алуу баасы МКВ саны Сатып алуу баасы │ 

номери (сом) (даана) (сом) │ 

├──────────┼──────────────────┼──────────────────┼────────────────────┤ 

1 2 3 4=2*3 │ 

├──────────┴──────────────────┴──────────────────┴────────────────────┤ 

Атаандаша алган билдирме │ 

├──────────┬──────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

1 │ 

├──────────┼──────────────────┼──────────────────┼────────────────────┤ 

... │ 

├──────────┴──────────────────┴──────────────────┴────────────────────┤ 

Атаандаша албаган билдирме(1) │ 

├─────────────────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

│ 

└─────────────────────────────┴──────────────────┴────────────────────┘ 

Өз кардарларынын атынан(2): 

┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐ 

Кардардык билдирме │ 

├──────────┬──────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

Лоттун Сатып алуу баасы МКВ саны Сатып алуу баасы │ 

номери (сом) (даана) (сом) │ 

├──────────┼──────────────────┼──────────────────┼────────────────────┤ 

1 2 3 4=2*3 │ 

├──────────┴──────────────────┴──────────────────┴────────────────────┤ 

Атаандаша алган билдирме │ 

├──────────┬──────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

1 │ 

├──────────┼──────────────────┼──────────────────┼────────────────────┤ 

... │ 

├──────────┴──────────────────┴──────────────────┴────────────────────┤ 

Атаандаша албаган билдирме(1) │ 

├─────────────────────────────┬──────────────────┬────────────────────┤ 

│ 

└─────────────────────────────┴──────────────────┴────────────────────┘ 

Катышуучу аукцион өткөрүү эрежелери менен таанышкан жана алардан келип чыга турган бардык милдеттенмелерди өзүнө алат. 

 

______________________ ________________ ________________________ 

(кызматы) (колтамга) (Аты-жөнү

 

МО. күнү 

 

(1) Улуттук банктын биринчилик дилери болгон Катышуучу тарабынан толтурулбайт. 

(2) Улуттук банктын биринчилик дилер болуп саналган Катышуучу тарабынан, кардардык билдирме бар учурунда гана толтурулат. 

 

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик 

казына векселдерин Кыргыз 

Республикасынын Улуттук банкы 

аркылуу жайгаштыруу боюнча 

аукцион өткөрүүнүн тартиби 

жөнүндө жобого карата 

2-тиркеме 

 

КВИТАНЦИЯ 

 

Бул менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы МКВ сатуу боюнча [аукцион өткөрүү күнү] өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча төмөнкү эмиссиялардын МКВ ээси болуп [аукциондун катышуучусунун аталышы] тааныла тургандыгын тастыктайт: 

┌─────────┬────────────────────┬───────────────────┬──────────────────┐ 

Эмиссии N МКВ саны (даана) Сумма (сом) Төлөө күнү │ 

├──────────┬─────────┼─────────┬─────────┤ │ 

Өздүк Кардардын Өздүк Кардардын │ 

├─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┼──────────────────┤ 

├─────────┼──────────┼─────────┼─────────┼─────────┼──────────────────┤ 

└─────────┴──────────┴─────────┴─────────┴─────────┴──────────────────┘ 

 

Кайра каржылоо жана баалуу кагаздарды 

жайгаштыруу бөлүмүнүн начальниги _____________ _________________ 

(колтамга) (Аты-жөнү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 26-октябрында 

каттоодон өткөн. Каттоо номери N 100-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 19-сентябры N 42/6 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

"Акча каражаттарын легализациялоо максатында 

атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү 

тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоонун долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамдарына таянуу менен токтом кылат: 

1. Кароого сунушталган "Акча каражаттарын легализациялоо максатында атайы депозит эсебин ачуу жана жүргүзүү тартиби жөнүндө" нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

26-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 100-07 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 19-сентябрындагы 

N 42/6 токтому менен 

бекитилген 

 

Акча каражаттарын легализациялоо максатында 

атайын депозиттик эсепти ачуунун жана 

жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө 

НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Атайын депозиттик эсептерди ачуунун өзгөчөлүктөрү 

3. Атайын депозиттик эсептерди жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

4. Корутунду жоболор 

1-тиркеме. Жеке адамдын акча каражаттарын легализациялоону 

жүргүзүүгө арыз 

2-тиркеме. Юридикалык жак үчүн акча каражаттарын легализациялоону 

жүргүзүүгө арыз 

3-тиркеме. Акча каражаттарын легализациялоо боюнча атайын 

депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу тууралуу 

күбөлүк 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан аныкталган коммерциялык банктарда жана финансы-кредит мекемелеринде (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, ошондой эле ишкердикти жүргүзгөн жеке адамдардын, юридикалык жакты жана юридикалык жактарды (мындан ары - легализациялоо субъекттерин) түзбөстөн, акча каражаттарын легализациялоо максатында атайын депозиттик эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн жана жабуунун тартибин белгилөө бул нускоонун максаты. 

 

2. Атайын депозиттик эсептерди ачуунун өзгөчөлүктөрү 

 

2.1. Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамына ылайык легализациялоо мезгили ичинде топтоо эсеби катары пайдаланылган атайын депозиттик эсептер легализациялануучу акча каражаттарын чегерүү үчүн банктарда ачылат. 

2.2. Атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын чегерүү улуттук валютада сыяктуу эле, четөлкө валюталарында да чектөөсүз ишке ашырылат. 

2.3. Банктар легализациялоо максатында ачылган атайын депозиттик эсептерге жайгаштырылган акча каражаттарын эсепке алууну камсыз кылууга тийиш. Легализациялоо субъекти менен банктын ортосундагы өзара мамиле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат. 

2.4. Легализациялоо субъекти ушул нускоого карата 1-2-тиркемелерге ылайык арыз берген учурда, банк легализациялоо субъектине "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзам талабына ылайык акча каражаттарын легализациялоо үчүн атайын депозиттик эсеп ачып берет. 

2.5. Арыз берүү жана акча каражаттарын чегерүү ушул нускоого ылайык, Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамы расмий жарыяланган күндөн кийинки 90 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт. 

2.6. Банк акча каражаттарын легализациялоо тууралуу арызды каттайт жана легализациялоо үчүн бир жолу төлөнүүчү акы төлөнгөндөн кийин бул нускоого карата 3-тиркемеге ылайык атайын депозиттик эсепке акча каражаттары салынгандыгы жөнүндө күбөлүк берет. 

2.7. Легализациялоо субъекттерине ал үчүн каралган мезгил аяктаганга чейин атайын депозиттик эсептерден чыгаша операцияларын жүргүзүүсүнө тыюу салынат. 

2.8. Легализациялоо субъектинин арызынын (1-тиркеме) жана Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамынын 5-статьясынын 5-пунктунда аныкталган мамлекеттик бийлик органдарынан алынган маалыматтардын негизинде, ошондой эле Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоону жүргүзүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан (мындан ары - Комиссия) белгиленген тартипке ылайык, банк акча каражаттарын легализациялоо же андан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат. 

2.9. Акча каражаттарын легализациялоого тиешелүү талаш маселелер келип чыккан учурда, банк легализациялоо субъектинин материалдарын Комиссиянын кароосуна жөнөтөт. 

2.10. Акча каражаттарын легализациялоо боюнча чечим чыккандан кийин, банк акча каражаттарын легализациялаган субъекттер тууралуу маалыматтарды тиешелүү салык органдарына берет. 

2.11. Акча каражаттарын легализациялоо мөөнөтү аяктап, легализациялоо тууралуу чечим чыккандан кийин, банк легализациялоо субъектине акча каражаттарын легализациялоо статусун тастыктаган документти Комиссия тарабынан бекитилген формада берет. 

2.12. Талаш маселелер келип чыккан учурда акча каражаттарын легализациялоо же андан баш тартуу боюнча жыйынтыктоочу чечимди Комиссия кабыл алат. 

 

3. Атайын депозиттик эсептерди жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү 

 

3.1. Банктардагы атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын чегерүү улуттук же четөлкө валюталарында нак акча түрүндө салуу же легализациялоо субъектинин жеке эсептеринен акча каражаттарын которуу жолу аркылуу ишке ашырылат. 

Мында легализациялоо субъекттеринин атайын депозиттик эсебине үчүнчү тараптардын эсептеринен акча каражаттарын чегерүүгө тыюу салынат. 

3.2. Легализациялоо субъектинин атайын депозиттик эсебине акча каражаттары келип түшкөн шартта, банк атайын депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттарынын суммасынан 5 пайыз өлчөмүндө бир жолу төлөнүүчү төлөмдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебине (Казыналыктын Улуттук банктагы эсебине) чегерет. 

3.3. Банктан акча каражаттарын легализациялоого тиешелүү чечимди алганга чейин, легализациялоо субъекттерине атайын депозиттик эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. 

3.4. Легализациялоо субъекти атайын депозиттик эсепке түшкөн акча каражаттарын тескөөнү легализациялоо боюнча алгылыктуу чечимди алган күндөн кийинки күнү жүзөгө ашыра алат. 

3.5. Акча каражаттарын легализациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамында белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, банктардагы атайын депозиттик эсептерге акча каражаттарын чегерүүгө тыюу салынат. 

3.6. Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамына ылайык легализациялоо жол-жобосунан өткөрүлгөн акча каражаттарын легализациялоо күнүнөн тартып бир жыл ичинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары которууга болбойт. 

3.7. Аманатчынын акчасын атайын эсептен башка банктык эсептерге которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын талаптарына, ошондой эле тиешелүү банктын операцияларды жүргүзүүсүнүн жалпы щарттарына ылайык жүзөгө ашырылат. Легализациялоо субъектинин атайын эсебинен акча каражаттары которулган банк эсеби боюнча операциялар колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жана Улуттук банктын талаптарына ылайык аткарылат. 

 

4. Корутунду жоболор 

 

4.1. Ушул нускоо аркылуу жөнгө салынбаган маселелер, анын ичинде атайын эсептерди жабуу Кыргыз Республикасынын "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү легализациялоого байланыштуу мунапыс тууралуу" мыйзамында белгиленген тартипте чечилет. 

4.2. Банк мыйзамдарына ылайык таасир этүү чаралары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттукка чыгаруу жөнүндө" мыйзамында каралган жол-жоболор банкка карата колдонулган учурда легализациялоо боюнча атайын депозиттик эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн жана жабуунун тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

 

 

Акча каражаттарын легализациялоо 

максатында атайын депозиттик 

эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн 

тартиби тууралуу нускоого карата 

1-тиркеме 

 

Жеке адамдын акча каражаттарын 

легализациялоону жүргүзүүгө 

АРЫЗ 

(эки нускада толтурулат) 

 

Аты-жөнү __________________________________________________________ 

СИН _______________________________________________________________ 

Жашаган жери ______________________________________________________ 

Инсандыгын ырастаган документ: ____________________________________ 

Түрү ______________________________________________________________ 

Сериясы ___________________________________________________________ 

N ________________ Ким тарабынан берилген _________________________ 

Берилген күнү _____________________________________________________ 

┌───────────────────┬────────────────┬────────────────┬───────────────┐ 

Легализациялануучу Легализациялоого Акча Банктардагы │ 

акча каражаттарынын чейин башка каражаттарынын эсептерде │ 

тизмеси адамга тиешелүү│ суммасы жайгаштырыл- │ 

болгон акча (миң сом менен) гандары │ 

каражаттарынын │ 

тизмеси │ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

Жыйынтыгы X X │ 

└───────────────────┴────────────────┴────────────────┴───────────────┘ 

Арызга төмөнкү документтер тиркелет (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген): 

_______________________________________________________________________ 

Мында мен тарабынан легализациялануучу акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдиремин. 

Датасы ________ _______________________ __________________________ 

(арыз ээсинин аты-жөнү) (арыз ээсинин колтамгасы) _______________________________________________________________________ 

(арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

МО Арыз кабыл алынган дата 

 

 

Акча каражаттарын легализациялоо 

максатында атайын депозиттик 

эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн 

тартиби тууралуу нускоого карата 

2-тиркеме 

 

Юридикалык жак үчүн акча каражаттарын 

легализациялоону жүргүзүүгө 

АРЫЗ 

(эки нускада толтурулат) 

 

Юридикалык жактын толук аталышы __________________________________ _______________________________________________________________________ 

Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн номери _______ _______________________________________________________________________ 

Каттоодон өткөрүлгөн датасы ______________________________________ 

СИН ______________________________________________________________ 

Юридикалык дареги ________________________________________________ _____________________________________________________________ негизинде 

(ыйгарым укукту тастыктаган документтин реквизиттери) 

_______________________________________________________________________ 

(ыйгарымдуу өкүл тарабынан толтурулат) 

атынан иш алып баруучу ___________________________________________ 

(жетекчинин же ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү

┌───────────────────┬────────────────┬────────────────┬───────────────┐ 

Легализациялануучу Легализациялоого Акча Банктардагы │ 

акча каражаттарынын чейин башка каражаттарынын эсептерде │ 

тизмеси адамга тиешелүү│ суммасы жайгаштырыл- │ 

болгон акча (миң сом менен) гандары │ 

каражаттарынын │ 

тизмеси │ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

├───────────────────┼────────────────┼────────────────┼───────────────┤ 

Кирешенин жана X X │ 

мүлктөрдүн наркы │ 

жыйынтыгында │ 

└───────────────────┴────────────────┴────────────────┴───────────────┘ 

Арызга төмөнкү документтер тиркелет (аталышы, сериясы, номери, качан жана ким тарабынан берилген): 

_______________________________________________________________________ 

Мында _______________________________ тарабынан легализациялануучу 

(юридикалык жактын аталышы) 

акча каражаттары банктардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган кредит болуп саналбай тургандыгын билдиремин. 

 

Датасы ________ _______________________ _________________________ 

(арыз ээсинин аты-жөнү) (арыз ээсинин колу) 

_______________________________________________________________________ 

(арызды кабыл алган адистин аты-жөнү жана колтамгасы) 

_______________________________________________________________________ 

(органдын жетекчисинин аты-жөнү жана колтамгасы) 

 

МО Арыз кабыл алынган дата 

 

 

Акча каражаттарын легализациялоо 

максатында атайын депозиттик 

эсепти ачуунун жана жүргүзүүнүн 

тартиби тууралуу нускоого карата 

3-тиркеме 

 

Акча каражаттарын легализациялоо боюнча атайын 

депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу тууралуу 

КҮБӨЛҮК 

 

Берилген датасы 200__-жылдын "____" _______ 

 

___________________________________________ Кыргыз Республикасынын 

(банктын толук аталышы) 

_______________________________________________________________________ 

(легализациялоо субъекти) 

атайын депозиттик эсепке ______________________________________________ 

(цифра жана жазуу менен) 

суммадагы акча каражатын салгандыгын тастыктайт. 

 

Башкарманын төрагасы 

Башкы бухгалтер 

Банктын мөөрү 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

26-октябрында каттоодон өткөн. Каттоо номери 101-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 19-сентябрында N 42/7 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 30-майындагы N 28/3 "Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит 

мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер 

планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" 

токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 10-июнунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган толуктоолорду карап көрүү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 10-июнунда 66-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 28/3 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик эсепке алуу эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна сунуш кылынган толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын Төрагасы М.Алапаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 19-сентябрындагы N 42/7 

токтому менен бекитилген 

 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон 

өткөрүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

2007-жылдын 30-майындагы N 28/3 "Кыргыз 

Республикасындагы коммерциялык банктардын жана 

финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке 

алуу Эсептер планынын жаңы редакциясын бекитүү 

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банк 

Башкармасынын токтомуна толуктоо 

 

Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу Эсептер планына төмөнкү толуктоолор киргизилсин: 

"Милдеттенмелер" 2-классына. 

- 20000-топ Кардарлардын эсептешүүүндөлүк) эсептери жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери төмөнкү позициялар менен толукталсын: 

"20016 Юридикалык жактардын - акча каражаттарын легалдаштыруунун субъекттеринин атайын депозиттик эсептери"; 

- 20200-топ Жеке адамдардын депозиттери төмөнкү позициялар менен толукталсын: 

"20205 - Жеке адамдардын - акча каражаттарын легалдаштыруунун субъекттеринин атайын депозиттик эсептери". 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 19-сентябрындагы N 42/7 

токтому менен бекитилген, 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 30-майындагы 

N 28/3 токтомуна толуктоолорго 

N 1 тиркеме 

 

ЭСЕПТЕРДИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ 

 

Класс 2. Милдеттер 

 

20000-топ Кардардын эсептешүүүндөлүк) эсептери жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери 

 

20016 Юридикалык жактардын - акча каражаттарын легалдаштыруунун субъекттеринин атайын депозиттик эсеби 

 

Бул эсепте юридикалык жактардын - легалдаштыруу субъекттеринин депозиттери/акча каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттары келип түшкөндө эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда) эсеп дебеттелет. 

 

20200-топ Жеке адамдардын депозиттери 

 

20205 Жеке адамдардын - акча каражаттарын легалдаштыруунун субъекттеринин атайын депозиттик эсеби 

 

Бул эсепте жеке адамдардын - легалдаштыруу субъекттеринин депозиттери/акча каражаттары эсепке алынат. Эсеп кредиттик сальдого ээ болууга тийиш. Акча каражаттары келип түшкөндө эсеп кредиттелет. Акча каражаттарын эсептен алып салууда (алып салууда) эсеп дебеттелет. 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 

2-ноябрындагы каттоодон өткөн. Каттоо номери 105-07 

 

Бишкек шаары 

2007-жылдын 25-сентябры N 43/4 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНЫН БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 

10-декабрындагы N 34/10 "Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык 

банктардын жана башка финансы-кредит 

мекемелеринин инсайдерлери жана аффилирленген 

жактары менен операцияларга карата талаптар 

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана 

толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга карата талаптар жөнүндөгү" N 34/10 токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" (7-статья), "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөгү" мыйзамдарына таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга карата талаптар жөнүндөгү" N 34/10 токтомго сунуш кылынган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн. 

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлүп, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 

4. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсы күнү жарыялангандыгы) тууралу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары К.К.Боконтаев мырзага жүктөлсүн. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

Банк башкармасынын төрагасы М.Алапаев 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 25-сентябрындагы N 43/4 

токтому менен бекитилген 

 

Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында 

кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 

2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан 

коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин 

инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга 

карата талаптар жөнүндө" N 34/10 токтомго 

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу 

 

1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2003-жылдын 10-декабрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 5-январында 2-04 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга карата талаптар жөнүндө" N 34/10 токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. 

1.1. Жогоруда аталган токтомдун 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"1. Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин". 

2. Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин инсайдерлери жана аффилирленген жактары менен операцияларга карата талаптар жөнүндө нускоого (мындан ары - Нускоо) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

2.1. Нускоонун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоо". 

2.2. Преамбула төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" ушул нускоо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын, Эсептешүү-Сактык компаниясы" ААКсынын, Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясынын (мындан ары - банктардын) инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды жүзөгө ашыруусунда аларга карата талаптарды белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан". 

2.3. Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Инсайдерлер (банкта иштегендер)" аныктамасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктын инсайдерлери (банкта иштегендер) - Башкарма мүчөлөрү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, башка кызмат адамдары, олуттуу катышуучулар жана жогоруда белгиленген адамдар менен жалпы кызыкчылыгы бар башка жеке адамдар". 

2.4.Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Инсайдерлер (банкта иштегендер)" аныктамасынан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

"Эгерде ички аудитор, тобокелдик-менеджер жана терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалган адам ушул нускоонун талабына ылайык "банктын кызмат адамдары" аныктамасына дал келбесе, аларга бул Нускоонун талаптары таркатылбайт." 

2.5. Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Банктын кызмат адамы" аныктамасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктын кызмат адамдары - банктын төрагасы жана Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү, банк башкармасынын төрагасы, башкарманын мүчөлөрү, банктын финансы жана кредит боюнча башкы кызматкерлери. Ошондой эле "банктын кызмат адамы" аныктамасына банк саясатын аныктаган же анын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укуктуу же анык катыша алган, банкта алар акысыз же сый акы алуу менен иштейби, ага көз карандысыз иш алып барган адамдар". 

2.6. Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Контроль" түшүнүгү төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Жеке өз алдынча же башка адамдар менен бирдикте контролдук: 

- акционердик коомду же акционерлик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын добуш берүүгө укук берген элүү же андан көп пайыздарына тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же тескөөгө алган; 

- юридикалык жактын Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) мүчөлөрүнүн эң аз дегенде тең жарымын тандоо мүмкүнчүлүгү же; 

- юридикалык жактын капиталына катышуусунан көз карандысыз ошол юридикалык жактын жетекчилигине же саясатына келишимдин же башкача негизде аныктоочу таасир этүү мүмкүнчүлүгү." 

2.7. Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Толук контролдук" түшүнүгү алынып салынсын. 

2.8. Нускоонун биринчи бөлүгүндөгү "Аффилирленген жактар" аныктамасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Аффилирленген жактар болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктарды кошо алганда юридикалык жактын олуттуу катышуучусу; 

- банктарды кошо алганда башка юридикалык жактар анда олуттуу катышуучу болуп саналган юридикалык жактар; 

- башка юридикалык жактар, анда олуттуу катышуучулардан болгон банктарды кошо алгандагы, юридикалык жактар". 

2.9. Нускоонун биринчи бөлүгү төмөнкү редакциядагы "олуттуу катышуу", "олуттуу катышуучу", "контролдоочу жак", "бейтараптык принциби" аныктамалары менен толукталсын. 

"Олуттуу катышуу - жеке өз алдынча же башка жактар менен бирдикте: 

- акционердик коомдун добуш берүүгө укук берген он же андан көп пайыздарына, акционердик коом болуп саналбаган юридикалык жактын уставдык капиталынын он же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же тескөөгө алган; 

- же, юридикалык жактын уставдык капиталына катышуусуна көз карандысыз ошол юридикалык жактын жетекчилигине жана/же саясатына келишимдин же башка негиздерде олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү

Олуттуу катышуучу - бул "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши тууралуу" мыйзам талабына ылайык юридикалык жакка олуттуу катышкан адам. 

Контролдоочу жак - юридикалык жакка контролдукту жүзөгө ашырган адам. 

Бейтараптык принциби - бул банк инсайдерлерге жана аффилирленген жакка, ошондой эле олуттуу катышуучуларга кредиттерди берүү шарттары банк менен жалпы кызыкчылыгы жана анын олуттуу катышуучусу болбогон башка карыз алуучулар үчүн каралган шарттарга караганда кыйла ыңгайлуу болгон шарттарда кредиттерди берүүгө укугу жок". 

2.10. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"2.1. Эгерде бейтараптык принцибинин талаптары бузулса жана төмөндө келтирилген талаптардын кайсынысы болбосун орун алган шартта банк өз инсайдерлерине же аффилирленген жактарга кредит берүүгө банктын укугу жок. 

А) Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К-1.2 ченеми) банктын таза суммардык капиталынын 15% ашса; 

Б) банк Улуттук банк тарабынан белгиленген капиталдын жана өздүк каражаттардын адекваттуулугу (шайкештиги) боюнча талаптарга жооп бербесе; 

В) акыркы отчеттук күнгө карата чыгымдар орун алса". 

2.11. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.7-пунктунун А пунктчасынын 8-абзацындагы "тарабынан кабыл алынган" деген сөз "кабыл алынган" деген сөз менен алмаштырылсын. 

2.12. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.7-пунктунун Б пунктчасындагы "кредиттик, лизингдик" деген сөздөр алынсын; 

2.13. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.7-пунктунун В пунктчасындагы акыркы сүйлөм алынып салынсын. 

2.14. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.7-пунктунун Г пунктчасындагы биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банк операциялардын жактырылгандыгы тууралуу жазуу жүзүндө протокол жүргүзүүгө, анда операция банкка жана анын таламдарына доо кетирбестен, анын кызыкчылыгын көздөө менен жүргүзүлө тургандыгына негиздөөлөрдү кошо алганда, операция боюнча жазуу жүзүндөгү анализдөөлөрдү камтууга тийиш:"; 

2.15. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.10-пунктундагы "1995-жылдын 1-сентябрындагы N 21/6" деген сөздөр "2004-жылдын 15-сентябрындагы N 24/4 (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 7-октябрында 109-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн)" деген сөздөр менен алмаштырылсын". 

2.16. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.13-пункту алынып салынсын. 

2.17. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.14., 2.15 жана 2.16-пункттары 2.13., 2.14 жана 2.15-пункттар катары эсептелинсин. 

2.18. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.14-пунктундагы "2.8." деген сан "2.7." алмаштырылсын. 

2.19. Нускоонун экинчи бөлүгүнүн 2.15-пунктунун биринчи абзацындагы "же" деген сөз алынып салынсын. 

2.20. Нускоонун төртүнчү бөлүгүнүн 4.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

"Банктын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялары банкка, анын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарына доо кетирбестен жүзөгө ашырылууга тийиш". 

2.21. Нускоонун төртүнчү бөлүгүнүн 4.2-пункту алынып салынсын, тиешелүүлүгүнө жараша 4.3., 4.4., 4.5-пункттар 4.2., 4.3., 4.4-пункттар деп эсептелинсин.