Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары»журналынын № 3 саны 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-февралындагы № 4\5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2014-жылдын 25 февралындагы № 5/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30-сентябрындагы № 36/20 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана "овернайт" кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы № 9/4 Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтому 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы № 9/5 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы № 2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы № 9/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Овернайт” кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы № 9/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12/6 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 26-мартындагы № 12\8 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 17-февралындагы № 3/1 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын ачык валюталык позицияларынын лимиттери туралуу” токтому  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 19-февралындагы № 4\5 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобо жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтому. 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензия башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Тёрага Асанкожоева З.М. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 19-февралындагы № 4\5 токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

6. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) бекитилсин: 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобо жөнүндө” токтому; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтому. 

7. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

8. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

9. Көзөмөл методологиясы жана лицензия башкармалыгы бул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.  

10. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.  

 

Тёрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014-жылдын «19»-февралындагы  

№ 4\5 токтомуна карата тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу  

 

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/2 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндөгү” Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерине карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө Жобонун: 

1) “Жалпы жоболор” деп аталган бөлүмүнүн үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банк тутумунун туруктуулугун колдоо, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү, банктык кызмат көрсөтүү рыногунда монополиялык ишкердикке тыюу салуу, аманатчылардын таламдарын жана банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо Улуттук банктын банктарга карата таасир этүү чараларын колдонуунун максатынан болуп саналат.”.; 

2) 6.10.1-пунктунун 2-пунктчасындагы “кылмыш жолу менен алынган” деген сөздөр “монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана банктык кызматтардан пайдалануучулардын укуктарын коргоо боюнча,” деген сөздөр менен толукталсын.  

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/5 “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобо жөнүндө” токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу” Жобонун:  

1) бүтүндөй тексти боюча “КРУБ" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “Улуттук банк” дегенге алмаштырылсын жана “банк” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө “ФКМ” дегенге алмаштырылсын; 

2) “Жалпы жоболор” деп аталган 1-бөлүмүнүн 1.3-пунктундагы: 

- “в” пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык ФКМдер ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет;”;  

- «г» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин

«г) банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда монополиялык ишкердик ФКМдин, адамдар тобунун басымдуу абалынан кыянаттык менен пайдалануусу, монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарына каршы келген макулдашуулар же макулдашып иш алып баруулары, ФКМдин (адамдар тобунун) атаандаштыкка жол бербөөгө, аны чектөөгө жана четтетүүгө багытталган аракеттери (аракеттенбей коюулары);”; 

- «ж» пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«ж) атаандаштыкка каршы макулдашуулар (макулдашып иш алып баруулар) документте же бир нече документтерде камтылган жазуу жүзүндөгү макулдашуу, ошондой эле анын далили катары банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы жагдайдын өзгөрүүлөрүнө талдап-иликтөөлөр оозеки түрүндөгү макулдашуу болушу мүмкүн;». 

3. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы №4/1 “Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатынын жана негизги принциптеринин, 2-бөлүмдүн 2.2-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногундагы атаандаштык ФКМдер ортосундагы эркин атаандаштык, мында алардын өз алдынча иш-аракеттери алардын ар биринин банктык жана башка финансы-кредит мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөр рыногунда ишкердикти жүзөгө ашыруу шарттарына, анын ичинде кызматтардын сегменттери боюнча, бир тараптуу таасир этүү мүмкүнчүлүгү чектелет;”. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 25-февралындагы № 5\2 токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын  

30-сентябрындагы №36/20 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана “овернайт” кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 30- сентябрындагы №36/20 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени тууралуу жана “овернайт” кредити боюнча пайыздык чен жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- Токтомдун төртүнчү пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

2. Токтом 2014-жылдын 27-февралынан тартып күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн. 

4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.  

 

 

Төрага Асанкожоева З.М.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 19-мартындагы № 9/4 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы №45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

5. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.  

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын «19» мартындагы 

№ 9\4 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

1) 16-пунктундагы «төмөнкү багыттарга каралган долбоорлорду» деген сөздөр «улуттук валютада» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында долбоорлорду кредиттөөгө Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жана багыттарга ылайык пайдаланууга тийиш. Мында, кредиттик ресурстар Банктын карыз алуучуларына тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздетүү менен сунушталууга тийиш, анда кредитти берүүнүн төмөнкүдөй айкын шарттары чагылдырылат: кредиттин суммасы, мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Кредиттик келишим шарттары ушул Жобонун жана Башкы келишимдин бардык талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

1) 20-пункттун биринчи абзацынын: 

- биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайы программаларынын алкагында белгиленген» деген сөздөр «Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аукцион параметрлеринин чегинде аныкталган» деген сөздөргө алмаштырылып, андан ары текст боюнча кетсин; 

- экинчи сүйлөмү алынып салынсын; 

1) 26-пунктунун: 

- үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«• Банктын БФКМдерге кредиттик ресурстарды сунуштоодогу маржасы, Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген, Банктарга маалымдалган өлчөмдөн ашпоого тийиш;»; 

- бешинчи абзацтагы «багыттар» деген сөз «жана шарттар боюнча» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 30-пункттагы «мөөнөттөрүн, » деген сөздөн кийин «Банктын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык ченди,» деген сөздөр кошулуп, текст андан ары уланат; 

1) 31-пункттун жетинчи абзацындагы «билдирменин минималдуу көлөмүн» деген сөздөр «(Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген шартта)» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) 41-пункттун 2-пунктчасындагы «жана Улуттук банктын ноталары түрүндө мамлекеттик баалуу кагаздар» деген сөздөр алынып салынсын; 

1) 52-пункттун үчүнчү абзацынын экинчи сүйлөмүндөгү «пропорционалдуу негизде» деген сөздөр «миңге чейин тегеректөө менен» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 2.6-пункттагы «гана» деген сөз «жана шарттарга ылайык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 2.7-пункттун биринчи абзацынын: 

биринчи сүйлөмдөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн субсидиялоо боюнча атайы программаларынын алкагында белгиленген» деген сөздөр «Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан аукцион параметрлеринин чегинде аныкталган» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

экинчи сүйлөм алынып салынсын; 

- 2.8-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.8. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында долбоорлорду кредиттөөгө Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарга жана багыттарга ылайык пайдаланууга тийиш. Мында, кредиттик ресурстар Банктын карыз алуучуларына тиешелүү кредиттик келишимдерди тариздетүү менен банктын карыз алуучусунун эсебине акча каражаттарын чегерүү аркылуу сунушталууга тийиш. Кредиттик келишимде кредит берүүнүн төмөнкүдөй айкын шарттары чагылдырылат: кредиттин суммасы, мөөнөтү, пайыздык чени, кредиттин негизги суммасын жана пайыздарды төлөө шарттары ж.б. Кредиттик келишим шарттары ушул Жобонун жана Башкы келишимдин бардык талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 2.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.9. Банктар кредиттик аукциондордун алкагында алынган кредиттик ресурстарды Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген “Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобого ылайык классификацияланган, байкоого алынган кредит статусунда турган кредиттерди, ошондой эле Улуттук банктын кредиттик аукциондорунун алкагында алынган, өздөштүрүлүп жаткан кредиттик ресурстардын эсебинен буга чейин берилген кредиттерди каржылоо үчүн багыттоого укугу жок.»; 

- 2.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.12. БФКМдерге кредиттик ресурстарды сунуштоодо Банктын маржасы Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш.»; 

- 2.14-пунктундагы экинчи сүйлөмү «пайыздык чен боюнча» деген сөздөр «улуттук валютада» деген сөздөр менен толукталсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин үч тиркемеси тиешелүүлүгүнө жараша, Жобого карата 1-тиркеменин 5, 6 жана 7-тиркемеси катары эсептелсин; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин 5-тиркемесинин (Мамлекеттик баалуу кагаздарды күрөөгө коюу келишими): 

- 3.2.-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Улуттук банк эмитенти» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эмитенти» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин 6-тиркемесиндеги (Акча каражаттарын күрөөгө коюу келишими): 

- 1.4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 3.2-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 5.2-пункттагы «1.4.» деген сандар «1.3.» дегенге алмаштырылсын; 

1) Жобого карата 1-тиркеменин 7-тиркемесинин (Кредиттик келишимдер боюнча талап коюу укугун күрөөгө коюу жөнүндө келишим): 

- 1.3-пункттагы «Тараптар макулдашышкан жалпы» деген сөздөр алынып салынып, «Күрөө предметинин жалпы» деген сөздөр «күрөөлүк» деген сөз менен толукталсын; 

- 3.2.3.-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.3. Күрөө предметинин азайышына, сырткы көрүнүшүнүн өзгөрүшүнө, токтотулушуна, жоголуп кетишине алып келген иш-аракеттер тууралуу Күрөө кармоочуга жогоруда көрсөтүлгөн аракеттер орун алгандан кийинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен кат жүзүндө маалымдоо зарыл.»; 

- 3.2.12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3.2.12. Ушул келишим боюнча күрөө предмети болуп саналган Кредиттик келишимдерге жана Кредиттик келишимдердин аткарылышын камсыз кылган күрөө келишимдерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген шартта, тиешелүү келишимдерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Күрөө кармоочуга ал өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кат жүзүндө маалымдоо зарыл. ». 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы № 9/5 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 5, 7 жана 28-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

8. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

9. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

10. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

11. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 19-мартындагы  

№ 9\5 токтомуна карата тиркеме 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жети күндүк кредити жөнүндө” жобонун

- 5- пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары МБК) күрөө предмети катары колдонулат. МБКы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар КДКР тарабынан белгиленет.”; 

- III глава төмөнкү 13-1-пункт менен толукталсын: 

“13-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.”. 

- Жобого карата тиркеменин 2-главасы төмөнкү мазмундагы 2.5-1-пункт менен толукталсын:  

“2.5-1. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун кошо алганда, валюта рыногунда жана баалуу кагаздар рыногунда операцияларды ишке ашыруу үчүн пайдаланууга укугу жок. Банк, Улуттук банктан алынган кредиттик ресурстарды ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.”. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы 9/6 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Овернайт” кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “Овернайт” кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

13. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

14. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

15. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

16. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын ”19”- мартындагы № 9\6 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын “овернайт” кредити жөнүндө” жобонун

- 5- пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мында ары МБК) күрөө предмети болуп саналат. МБКлар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленет.”; 

- 15-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Консервация, убактылуу жетекчилик режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта, “овернайт” кредити берилиши мүмкүн;”. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2014 жылдын 19-мартындагы 9/7 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

18. Юридика башкармалыгы: 

- токтомду Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

19. Токтом, расмий жарыялангандан тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

20. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

21. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага үчүн 

Төраганын орун басары Чокоев З.Л. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын ”19”- мартындагы № 9\7 токтомуна карата 

тиркеме 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №10/8 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир күндүк кредити жөнүндө” жобонун

- 5- пунктунун экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (мындан ары МБК) күрөө предмети катары колдонулат. МБКы түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун көлөмүнүн жетиштүүлүгүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банктын Акчакредиттик жөнгө салуу комитети (мындан ары КДКР) тарабынан белгиленет.”; 

- 17-пункттун 3-абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: 

“Консервация, убактылуу жетекчилик режиминде турган банкка Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими болгон шартта, бир күндүк кредит берилиши мүмкүн;”. 

- 25-пункттагы “Улуттук банк Башкармасы” деген сөздөр “КДКР” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- жобонун 1-тиркеменин баш жагындагы (преамбула) “Улуттук банк Башкармасынын 20__жылдын ________ № __ токтому менен бекитилген” деген сөздөр алып салынсын.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 26-мартындагы № 12/6 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес  

финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана  

толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7 жана 43- беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Ушул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- ушул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банктык эмес финансы-кредит мекемелерин жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, айым С.К.Алыбаевага ыйгарылсын.  

 

Төрага Асанкожоева З.М. 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын “26- мартындагы 

№ 12\6 токтомуна карата тиркеме 

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операциялардын ишке ашырылышына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор  

 

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операциялардын ишке ашырылышына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

 

- жобонун 3-пунктундагы «талаптарды белгилейт” деген сөздөргө чейин “тастыктоочу документтер боюнча” деген сөздөр менен толукталсын»;

- жобонун 4-пунктундагы «Улуттук банк» деген сөз “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- жобонун 5-пунктундагы «түзө алышат» деген сөздөр “түзүшөт” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

«жана башка жайлары» деген сөздөрдөн кийин “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын 2010-жылдын 11-февралындагы №97-24-О буйругу менен бекитилген» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобонун 6-пунктунун алтынчы абзацы «аныкталат” деген сөздөрдөн кийин “бул ФКМдердин ички документтеринде чагылдырылууга тийиш” деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобонун 9-пункту төмөнкү мазмундагы жыйырма алтынчы абзац менен толукталсын:  

« улуттук валютадагы активдерге алмаштыруу боюнча операциялар бир күндүн чегинде эсептешүүлөр менен нак акча каражаттарын нак эмес акча каражаттарына алмаштыруу боюнча операциялар.»; 

- жобонун 10-пунктундагы «топтом:» деген сөздөн кийин «Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 25-июлундагы №36/5 токтому менен бекитилген» деген сөздөр менен толукталсын; 

- жобонун 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 15№- пункт менен толукталсын: 

“15№. Иш күнүнүн акырында келип түшкөн бардык нак акча акча сакталуучу жайда (сейф турган бөлмөдө) жабылууга жана сакталууга тийиш”; 

19-пункттун алтынчы абзацындагы «ким экенин аныктаган документте коюлган кол тамга менен анын чыгыш кассалык документте коюлган кол тамгасын салыштырат» деген сөздөр «кардардын акча алгандыгы тууралуу кол тамгасынын бар экендиги тастыкталат» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

Жобонун 4-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 21№ -пункт менен толукталсын: 

«21№. Нак акчаларды берүү, ошондой эле улуттук валютадагы активдерди алмаштыруу боюнча операциялар жарактуу акчалар менен гана жүргүзүлүүгө тийиш. Эскилиги жеткен акчалар Улуттук банктын мекемелеринин кассаларына өткөрүлөт.»; 

-жобонун 25-пунктундагы «(өсүү тартибинде номерлөө)» деген сөздөр алынып салынсын; 

- жобонун 28-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Келишим түзүү учурунда ФКМдер, баалуулуктарды ташуу учурунда алардын коопсуздугу жана сакталуу тобокелдиктерин, ошондой эле баалуулуктарды жоготкон учурда алардын ордун толтуруу маселелерин эске алуулары зарыл.»; 

- жобонун 29-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. Операциялык кассаларды бекемдөө жана нак акча каражаттарын Улуттук банктан/Улуттук банкка өткөрүп берүү «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Коммерциялык банктардын кассирлери тарабынан нак акча каражаттарынын Улуттук банктан/Улуттук банкка алынышы/өткөрүп берилиши, «Республикалык инкассация башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын инкассаторлору, баалуулуктарды алып чыккан банктын кассирин кайтарууну жана ташууну куралдын коштоосунда жүзөгө ашырат.»; 

- жобонун 33-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«33. Нак акча салынган баштыктарды ташуу учурунда баштыктарды коштогон ведомость түзүлөт (12-тиркеме). Нак акча каражаттары касса башчысы/касса кызматкери тарабынан пломбаланып, таңгакталган баштыктарда инкассаторлорго/касса кызматкерине берилет. Нак акча салынган баштыкка касса башчысынын/касса кызматкеринин аты-жөнү, кол тамгасы жана реквизиттери көрсөтүлгөн ярлык бекитилет. Нак акча салынган баштыктар, инкассаторлор/касса кызматкери тарабынан нак акча салынган баштыктардын ярлыктарындагы жана пломбаларындагы зарыл реквизиттердин коюлушун, баштыктардын жана пломбалардын бүтүндүгү текшерилип, нак акча каражаттары салынган баштыктарга карата ярлыктардагы коюлган кол тамгалар боюнча кабыл алынат.»; 

-жобонун 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Баалуулуктарды кабыл алуу аяктагандан кийин касса башчысы/касса кызматкери жана инкассатолор тиешелүү коштомо документтерине кол коюшат.»; 

-жобонун 42-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

“42. ФКМ эз касса кызматкерлерин төмөнкүлөр менен камсыз кылууга тийиш: 

- улуттук валютанын коргоо элементтери тууралуу буклеттер жана плакаттар; 

- касса операциялар ишке ашырылуучу, чет өлкө валюталарынын коргоо өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат адабияттары”; 

- жобонун 9-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 56пункт менен толукталсын: 

«56№. Карт ээлеринин эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруунун жыйынтыгы болуп эсептелген, карт ээлери тарабынан банкоматтарда жана терминалдарда жүргүзүлгөн ар бир транзакция карт-чектерин милдеттүү түрдө берүү менен коштолууга тийиш. Чек кагаздары орнотмодо жок болгон учурда, чек кагазынын жоктугу тууралуу маалымат, карт ээлерине транзакция жүргүзүлгөнгө чейин маалымдалууга тийиш. Карт-чек транзакция жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган болуп саналат.»; 

жобонун 9-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 59№ -пункт менен толукталсын: 

«59№. Пайдалануучулар тарабынан эсептерди толтуруу, акча каражаттарын төлөө же которуу боюнча кэш-ин терминалында жүргүзүлгөн ар бир транзакция тиешелүү чектерди милдеттүү түрдө берүү менен коштолууга тийиш. Чек кагаздары орнотмодо жок болгон учурда, чек кагазынын жоктугу тууралуу маалымат, пайдалануучуларга транзакция жүргүзүлгөнгө чейин маалымдалууга тийиш. Чек транзакция жүргүзүлгөндүгүн тастыктаган болуп саналат.»; 

жобонун 9-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 63№ -пункт менен толукталсын: 

«63№. Банкоматтын кассетасынан/кассетага нак акча каражаттарын алуу жана толтуруу ФКМдин эки адамдан кем эмес касса кызматкерлери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен, ошондой эле ар бир кассетанын пломбасынын бүтүндүгүн/пломбаланганын текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Банкоматтан алынган акча каражаттарын барактап, бирден санаганда ашыкча же кем чыккандыгы аныкталган учурда эки нускадан турган акт түзүлөт.»; 

-жобонун 57 жана 58-пункттары төмөнкү редакцияда берилсин: 

“57. Кэш-ин терминалды жалпыга жеткиликтүү жерде орноткон эквайер аны талкалоо, бузуу же уурдоого байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча бардык чараларды кабыл алууга тийиш. 

58. Эквайер кэш-ин терминалды орноткон жер же анынУлуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жабылгандыгы тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө тийиш.”; 

 

- жобонун 64-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«64. Банкоматты инкассациялоо инкассаторлор же эквайердин касса кызматкери тарабынан, булардын коопсуздугун жана акча белгилери коюлган ташылуучу кассеталардын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында банкоматтарга тейлөө иштерин жүргүзгөн жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт.»; 

- жобонун 65-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«65. Банкоматты инкассациялоонун ар бир жол-жобосу, банкоматты ачып жаткан учурга карата банкоматта калган акча каражаттары жөнүндөгү отчетту жана банкоматка акча белгилери менен жаңы кассеталар жүктөлгөнүн тастыктаган операция жөнүндөгү отчетту банкоматтан милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен коштолот. Бул отчетторго инкассация жол-жоболорун жүргүзүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлууга тийиш.»; 

- жобонун 66-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- жобонун 70-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«70. Кэш-ин терминалды инкассациялоо инкассаторлор же терминалдын ээсинин касса кызматкерлери тарабынан, булардын коопсуздугун жана ташылып келүүчү нак акча каражаттарынын сакталышын камсыз кылган адамдардын коштоосунда жүргүзүлүүгө тийиш. Мында кэш-ин терминалдарына тейлөө иштерин жүргүзгөн жана техникалык колдоо көрсөткөн персоналга инкассацияга катышууга жол берилбейт.»; 

- жобонун 9-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 71№-пункт менен толукталсын: 

«71№. Кассеталардагы пломбанын бүтүндүгүн алдын ала текшерүү менен кэш-ин терминалдарынын кассеталарын ачуу, ошондой эле кассеталардагы акча бирдиктерин барактап бирден саноо эки адамдан кем эмес касса кызматкери тарабынан тиешелүү актыларды жана отчетторду түзүү менен жүргүзүлүүгө тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 12-тиркеме менен толукталсын: 

 

“ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашырууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 12-тиркеме  

 

 

 

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомость 

 

 

 

 

 

Кимден  

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

Эсеп № 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

КРЕДИТ 

  

эсеп № 

_________эсебине чегерүү үчүн  

 

эсептерден чек менен 

Жалпы 

Алуучуунун банкы  

Банк 

______ карата тизме боюнча 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом  

  

жүгүртүүдө 

 

  

 

 

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

20_____”__”_____________А К Т 

Контролдоочу 

  

  

Баштыкты ачып, ага салынгандарды эсептеп чыкканда: 

опер. түрү 

  

накталай  

  

чек менен  

  

 

төлөм багыты. 

  

кем чыкканы 

  

кем чыкканы 

  

 

Банктын № 

  

артып калганы  

  

артып калганы 

  

 

 

  

төлөөгө жараксыздары 

 

жараксыз болуп калгандары  

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

жасалма акчалар  

  

  

 

 

 

Кассир 

  

Кассир 

Контролдоочу 

Кардардын өкүлү 

 

Контролдоочу 

  

 

  

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомость 

 

  

 

  

 

 

Кимден 

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

эсеп № 

 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

КРЕДИТ 

  

эсеп № 

Эсепке чегерүү үчүн 

 

эсептерден чек менен 

Жалпы 

Алуучунун банкы 

Банк 

______ карата тизме боюнча 

 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом 

  

жүгүртүүдө 

  

 

  

  

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

20_____”__”_____________А К Т 

Контролдоочу 

  

  

Баштыкты ачып, ага салынгандарды эсептеп чыкканда 

опер. түрү 

  

накталай 

төлөм багыты. 

 

Чек менен  

  

 

төлөм багыты. 

  

кем чыкканы 

Банктын № 

 

кем чыкканы 

  

 

Банктын № 

  

артып калганы 

  

 

артып калган  

  

 

 

  

төлөөгө жараксыздары 

  

 

жараксыз болуп калгандары 

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

жасалма акчалар 

  

 

 

 

 

Кассир 

  

Кассир 

Контролдоочу 

Кардардын өкүлү 

 

Контролдоочу 

  

 

  

Акча салынган баштык менен кошо берилүүчү №__коштомо ведомосттун көчүрмөсү 

 

  

 

  

 

 

Кимден 

Банк мекемесинин аталышы 

ДЕБЕТ 

Суммасы 

  

эсеп № 

 

Алуучу 

Банк мекемесинин аталышы 

  

накталай 

 

  

эсеп № 

Эсепке чегерүү үчүн 

эсептерден чек менен 

эсептерден чек менен 

жалпы 

Алуучунун банкы 

______ карата тизме боюнча 

______ карата тизме боюнча 

 

Суммасы жазуу жүзүндө, сом 

жүгүртүүдө 

жүгүртүүдө 

  

 

  

  

Ишкананын (уюмдун) жетекчиси  

Кассир 

  

  

Көрсөтүлгөн сумма толугу менен кабыл алынды 

Кассир 

  

  

  

Контролдоочу 

  

  

ТИЛ КАТ 

  

опер. түрү 

  

пломбаланган № баштыкка карата 

 

төлөм багыты. 

 

төлөм багыты. 

  

Баштыкка салынган акчаны инкассатор кабыл алды. 

 

Банктын № 

 

 

Банктын № 

  

  

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Инкассатор 

  

  

  

  

  

  

 

Банк өкүлүнүн кол тамгасы 

  

Кол тамгасы (түшүнүктүү салынсын 

 

Мөөрү 

 

 

Кассир 

  

 

  

 

 

 

 

 

 

 

Контролдоочу 

  

 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 13-тиркеме менен толукталсын: 

 

“ Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит мекемелеринде кассалык операцияларды ишке ашырууга карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобого карата 13-тиркеме  

 

 

 

Улуттук валютаны иргөө, таңгактоо эрежелери  

 

Бардык банктарда улуттук валютаны иргөө жана таңычак кылып таңуунун ушул жободо белгиленген бирдиктүү тартиби кабыл алынган. ФКМдердеги нак акча каражаттары, валютаны иргөө жана таңгактоо талаптарына ылайык, ФКМдердин сактоо жайларында/сейф бөлмөлөрүндө сакталат.  

Кассирлер кассага кабыл алынган банкнотторду наркы боюнча ылгоого, андан кийин жүгүртүүгө жарактуу, эскилиги жеткен жана кемтиги бар деп бөлүүгө тийиш.  

Наркы боюнча ылгоодон өткөн жарактуу жана эскилиги жеткен банкнотторду кассир өзүнчө топтоп таңгактайт. 

Бирдей нарктагы банкноттордун ар бир 100 барагы, ак тилке оң жагына келгидей абалда, сериялары жана номерлери сыртында жазылган тескери оролгон корешокторго топтолот жана таңычактарды таңгактоо ыкмасына жараша стандарттуу кайчылаш же туурасынан айлантып бандеролдонот (кендир жип менен же полиэтилен баштыгына). Эскилиги жеткен банкноттордун корешокторунун бандеролдорунда “Эскилиги жеткен” деген сөздөр менен штамп коюлат. 

Банкнотторду таңгактоо үчүн стандарттуу бандеролдордо төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш: 

- банк мекемесинин аталышы;  

- банкнотторду эсептеген, иргеген жана таңгактаган кассирдин аты-жөнү көрсөтүлгөн штамп (код).  

Нак акчанын ар бир 10 корешогунан (1 корешокто 100 барак) таңычак түзүлөт (бир эле номиналдагы 1000 банкнот бир таңычакта), анын үстүнкү бетине банк мекемесинин логотибин коюу менен бекитилген үлгүдөгү картондон жасалган кагаз (накладка) чапталат.  

Жүгүртүүгө жарактуу монеталар номиналы боюнча өлчөнүп, касса кызматкерлери трабынан тигиштери бүтүн, эч кандай айрыгы жок баштыкчаларга таңгакталат. Ар бир баштыкчанын оозу кендир жиптер менен кынтыксыз оролуп бекемделет. Жиптердин түбүнө пломба жана ярлык көрсөтүлгөн белги чапталат. Кап тигүүчү машинкалар бар болгон учурда, баштыкчалардын оозу ярлыктар менен бирге тигилет. Банкноттордун, таңычактардын үстүнкү бетине жана монеталар салынган баштыкчалардын ярлыгына кандайча ыкмада таңгакталганына карабастан төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) Банктын аталышы менен штамп же коддун номери

2) банкноттордун/монеталардын номиналы

3) банкноттордун/монеталардын суммасы

4) банкноттордун/монеталардын саны

5) таңгакталган күн

6) касса кызматкеринин аты-жөнү менен штамп же коду

7) касса кызматкеринин кол тамгасы

8) кемтиги бар монеталар баштыкчасынын ярлыгына “кемтиги бар” жазуусу жана эскилиги жеткен акчалар таңычагына “эскилиги жеткен” жазуусу менен штамп

9) чыгарылыш номери

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 26-мартындагы № 12\8 токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Улуттук Банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:  

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет жөнүндө” жобонун: 

- 1-тиркемесинин: 

13-пунктунун 9-бөлүгүнүн Д, Е, Ж бөлүкчөлөрүндөгү «Аталышы» графасындагы “корпоративдик” деген сөздөр, тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “жана мамлекеттик” деген сөздөр менен толукталсын; 

14-пунктунун 10-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 

15-пунктунун 11-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»; 

16-пунктунун 12-бөлүгүнүн “Аталышы” графасындагы “төлөө мөөнөттөрү боюнча” деген сөздөр “активдердин/милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү” деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- Жобого карата 2-тиркеменин 2-бөлүгүнүн 39-пунктундагы: 

«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

б) пунктчасында “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “жана мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын. 

 

2. Улуттук Банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июлундагы №52/10 “Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө жобонун: 

- 1-тиркемесинин: 

8-пунктунун 4-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Аффилирленген жактар жөнүндө маалыматтар»; 

9-пунктунун 5-бөлүгүндөгү “Аталышы” графасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Инсайдерлер жөнүндө маалыматтар»; 

- 2-тиркеменин 39-пунктунун 2-бөлүгүндөгү

«менчиги» деген сөз «мүлкү» деген сөзгө алмаштырылсын; 

б) пунктчасындагы “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” деген сөздөр “  

 

мүлктөн салык” деген сөздөр менен толуктасын. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- бул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- токтом расмий жарыялангандан кийин аны Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик мекеме “Кредиттик союздардын финансы компаниясы” ААКсын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүгүү банкын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6.Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн. 

 

Төрага Асанкожоева З.М.