Кыргыз Республикасынын

Улуттук банк Башкармасынын

2020-жылдын 12-октябрындагы

№ 2020-П-11/60-1-(НПА)

токтому

 

SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 20, 38 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 2020-жылдын 13-октябрында саат 9:00дөн тартып SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча: 

1) коммерциялык банктардын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл алсын; 

2) чек ара аркылуу өтүүчү чыккан төлөмдөрдү төмөнкүлөр боюнча гана жүргүзсүн: 

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн (тизмеси тиркелет) эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген контракттар боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми контракттар/келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш; 

- контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, ликвиддүүлүктү жана/же валюта позициясын, анын ичинде своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;  

- эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары боюнча;  

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы ностро-эсептерин толуктоо боюнча;  

- эл аралык уюмдардан алынган кредиттерди жана алар боюнча чегерилген пайыздарды төлөө операциялары боюнча; 

- банкта тейленген банк эмес финансы-кредит уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча; 

- мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча; 

- банктардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар боюнча; 

- эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча; 

 

- жеке адамдардын коммерциялык максаттарга ээ эмес 5 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууну, окууну жана алиментти төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (жумасына) эквивалентинде акча которуулар боюнча. 

3) активдердин кыймылына байланышпаган маселелер боюнча банк-корреспонденттер менен кат алышууну жүргүзүү

 

2. Коммерциялык банктар ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын сактоону камсыз кылышсын. 

 

3. Коммерциялык банктардын Башкармасы жана Директорлор кеңеши ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүдө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам талаптары менен байланышкан жол-жоболордун аткарылышын камсыз кылууга жана контролдоого толук жоопкерчиликтүү болушат. 

 

4. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана Улуттук банк Башкармасы өзгөчө чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

6. 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы жана 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

 

7. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын, Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Улуттук банктын көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 12-октябрындагы 

№ 2020-П-11/60-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын эсептери аркылуу төлөөгө уруксат берилген коммерциялык банктардын кардарларынын чек ара аркылуу өтүүчү операцияларынын тизмеси 

 

 

1. Азык-түлүк товарларын, жеңил жана кайра иштетүүчү өнөр жай товарларын, айыл чарба товарларын сатып алуу боюнча операциялар. 

2. Дарыларды, медициналык товарларды жана медицина жабдууларын, гигиенаны сактоо мүнөзүндөгү товарларды сатып алуу боюнча операциялар. 

3. Бардык мунай заттарын (битум, чайыр) кошуу менен күйүүчү-майлоочу материалдарын, жаратылыш газын жана көмүрдү сатып алуу боюнча операциялар. 

4. Курулуш материалдарын жана курулуш жабдууларын сатып алуу боюнча операциялар. 

5. Автоунааларды, атайын техникаларды, тоо кендерин иштетүү боюнча оор техникалардын, атайын өнөр жай техникаларынын комплектилерин (радиаторлор) кошуу менен автотетиктерди жана алардын комплектилерин, авиация кыймылдаткычтарын жана алардын запастык бөлүктөрүн сатып алуу боюнча операциялар. 

6. Эл аралык институттардан (Дүйнөлүк банк, KfW, IFC ж.б.) тартылган кредиттик карыздар боюнча милдеттенмелерди аткаруу.  

7. Өндүрүш жана өнөр жай компаниялары үчүн жабдууларды, чийки заттарды жана материалдарды сатып алуу боюнча операциялар. 

8. Бардык компаниялар үчүн жабдууларды, башка товардык-материалдык запастарды, чийки заттарды, даяр продукцияларды жана электроника товарларын сатып алуу боюнча операциялар. 

9. Өндүрүш үчүн чийки заттарды сатып алуу. 

10. Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр (логистика, бажы брокерлеринин иши, товарларды жеткирүү, темир жол коддору, авиабилеттер жана коммуникация кызмат көрсөтүүлөрү).