Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 9-июнундагы 

№ 2021-П-07/31-1-(ДКП) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП)  

«Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20, 27 жана 68-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2-1-пунктунун 3-пунктчасындагы «ушул токтомунун 2-пунктунда» деген сөздөр «ушул пунктчада» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- төмөнкү мазмундагы 2-2 жана 3-1-пункттар менен толукталсын: 

«2-2. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы металл эсебиндеги алтын түрүндөгү активдеринин сом түрүндөгү эквиваленти, отчетторду даярдоого чейинки мурунку күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан АКШ долларынын сомго карата белгиленген расмий кросс-курсу аркылуу эсептелген, баалуу Лондон металлдар рыногу ассоциациясы тарабынан аныкталган акыркы фиксинг боюнча эсептелинсин.»; 

«3-1. Банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик эсебиндеги каражаттарынын, банктын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы жеке белгиси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги алтын түрүндөгү активдеринин эсебинен милдеттүү камдар көлөмүнөн минималдуу чектүү деңгээли күндөлүк негизде аткарылсын.». 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

3. Экономика башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы банктарды тааныштырсын. 

4. Токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

Төрага 

 

Т. Абдыгулов