Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 29-мартындагы 

№ 2023-П-14/20-4-(ПС) токтому  

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн 

негизги багыттары жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгын, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгын, СВИФТ сервис бөлүмүн, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгын, Пландаштыруу, бюджет түзүү жана контролдоо башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, коммерциялык банктарды, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 29-мартындагы 

№ 2023-П-14/20-4-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын  

өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттары 

 

1-ГЛАВА. Киришүү 

 

§ 1. Жалпы жоболор 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу негизги милдеттердин бири болуп саналат. Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) күч-аракетин жаңы санариптик төлөм жана финансылык технологияларды киргизүү жолу менен төлөм системаларынын ишин жогорку технологиялык деңгээлде кармап турууга жумшайт.  

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарында» (мындан ары 2023-2027-жылдарга негизги багыттар) орто мөөнөттүү мезгилге төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаты, милдеттери жана вектору аныкталат жана Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 2021-П-07/52-1-(ВД) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-2025-жылдарга ишинин стратегиялык багыттарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-35/75-7-(БС) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирилген

Орто мөөнөттүү мезгилде жаңы санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнү жана ишке киргизүүнү эске алуу менен Улуттук банктын төлөм системасы чөйрөсүндө артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- айрыкча, өлкөнүн региондорунда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн өсүшү

- ченемдик укуктук базаны, анын ичинде санариптик төлөм технологияларын жана инновациялык продукттарды өнүктүрүү үчүн өркүндөтүү. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын санарип валютасын түзүү жана өнүктүрүү долбооруна өзгөчө көңүл бурулат; 

- төлөм рыногунун бардык катышуучуларынын системалар аралык интеграциясынын механизмдерин өркүндөтүү

-  дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны колдонууну эске алуу менен финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары үчүн маалымат коопсуздугун камсыздоо жаатында жөнгө салуу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү

- төлөм системасынын ишинин коопсуздугун камсыз кылуу; 

- Кыргыз Республикасында төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүү иш-чараларынын алкагында инновациялык продукттарды жана кызматтарды ишке киргизүүдө рыноктун катышуучуларына колдоо жана көмөк көрсөтүү

- жана башка багыттар. 

2023-2027-жылдарга негизги багыттарда төмөнкүлөр камтылат: 

- 2018-2022-жылдарга төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун жыйынтыгы; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартындагы №2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2020-2022-жылдарга санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясын жана иш-чаралар планын ишке ашыруунун жыйынтыгы; 

- 2023-2027-жылдарга улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаттуу көрсөткүчтөрү жана артыкчылыктары; 

Документ төмөнкү принциптерге негизделген: 

- стратегиялык максаттардын жана милдеттердин банк ишин жана төлөм системаларынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга шайкештигине; 

- улуттук төлөм системасын өнүктүрүүдө алгылыктуу ыкмага таянуу, анын ичинде орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди баалоону эске алуу менен банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана санариптик төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу жана алардын Кыргыз Республикасынын рыногунун шарттарына ылайыкташуусу; 

- Улуттук банктын, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКтын (мындан ары «БПБ» ЖАК), Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон мамлекеттик бийлик органдарынын жана төлөм кызмат көрсөтүү рыногунун катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүнүн негизинде экономиканы санариптештирүү шарттарында улуттук төлөм системасын өнүктүрүү процессинин ачык-айкындыгы; 

- төлөм системасынын бардык элементтерин тең салмактуу укуктук жөнгө салууну камсыз кылууга багытталган ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, ошондой эле санариптик төлөм кызматтарын өнүктүрүү жана жайылтуу; 

- чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаны колдонуу. 

2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттар Улуттук банк жана кызыкдар болгон тараптар менен биргеликте белгилүү бир чаралар жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылат (1-тиркеме). 

 

§ 2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын жалпы түзүмү 

Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм системасынын компоненттери төмөнкүчө берилген:  

1. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (ГСРРВ). 

2. Чекене төлөмдөр системасы: Майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (ПКС), төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы, акча которуулар системасы, электрондук акчаны колдонуу менен эсептешүүлөр системасы, банк эмес төлөм системаларынын дароо ишке ашырылчу төлөмдөр системасы. 

3. Финансылык билдирүүлөрдү өткөрүү инфраструктурасы (Улуттук банктын SWIFT сервис-бюросу, Банктар аралык коммуникациялык түйүн). 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын функционалдык түзүмү 2-тиркемеде көрсөтүлгөн. 

 

2-ГЛАВА 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын заманбап тенденциялары 

§ 1. Төлөм системасын өнүктүрүүдөгү негизги жыйынтыктар  

2018-2022-жылдар аралыгында банктар аралык төлөм системасында төлөмдөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү байкалган, бул республиканын реалдуу экономикасындагы төлөм системасынын ролу жогорулагандыгын билдирет. 

Эгерде 2018-жылы банктар аралык төлөм системалары (ГСРРВ жана ПКС) аркылуу 3 220,9 млрд сом суммасында төлөмдөр өткөрүлгөн болсо, 2021-жылы ГСРРВ жана ПКС аркылуу 5 559,1 млрд сом өлчөмүндө төлөмдөр өткөрүлүп, 72,6 пайызга көбөйгөн. 

Банктар аралык төлөмдөрдүн көлөмүнүн мындай өсүшү, негизинен, банктык операциялар, анын ичинде Улуттук банктын Автоматташтырылган тоорук системасы аркылуу операциялар боюнча төлөмдөрдүн көбөйүшү эсебинен келип чыккан (баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы менен операциялар, кредиттик операциялар). 

2022-жылдын сентябрь айынын акырына карата банктар аралык төлөм системалары (ГСРРВ жана ПКС) аркылуу 7 001,7 млрд сом суммасына 6,5 млн төлөм өткөрүлгөн. 

Банктык төлөм карталар рыногунда оң тенденция байкалган. 

Эгерде 2018-жылдын акырына карата чыгарылган банктык төлөм карталарынын жалпы саны 2,4 млн даананы түзсө, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 3,8 млнго жеткен жана 2022-жылдын акырына карата чыгарылган банктык төлөм карталарынын саны 5,2 млн даанадан ашкан. Ошондой эле 2018-жылы чыгарылган «Элкарт» улуттук системасынын карталарынын саны 1,2 млн даананы, 2021-жылы 2 269,2 миң даананы, ал эми 2022-жылдын аягына карата 3 011,3 миң даананы түзгөн. 

Банктык төлөм карталарынын өсүшү, негизинен, эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген банктык төлөм карталарынын санынын көбөйүшү менен шартталган (эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыны эл аралык картага алган бардык бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук системасына өткөрүлгөн). 

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталарынын түрү боюнча алганда, эл аралык төлөм системаларынын карталары 42,5 пайызды, ал эми «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары 57,5 пайызды түздү

Карталардан чыгарып алынган накталай акча каражаттарын эске алганда, карталарды колдонуу менен 2018-жылы 38,0 млн операция, 2021-жылы 84,2 млн  операция жүргүзүлгөн (4,1 эсеге өсүш), ал эми жалпы көлөмү 3,7 эсеге көбөйүп, 375,1 млрд сомду түзгөн, 2022-жылдын ичинде 524,7 млрд сом суммасына 128,3 млн операция ишке ашырылган.  

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу карталарды колдонуу менен 57 378,9 миң транзакция өткөрүлүп же бардык жүргүзүлгөн операциялардын 44,7 пайызын түзгөн. Карталарды колдонуу менен 57,4 млн транзакция жүргүзүлгөн жана операциялардын жалпы көлөмү 86 743,0 млн сом өлчөмүндө катталган.  

Бул көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банктын 2018-жылдын 28-мартындагы № 166/51-6 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (мындан ары мамлекеттик программа) ишке ашыруу алкагында банктык карталар рыногунда коммерциялык банктардын жигердүү ишин, ошондой эле калктын мындай банктык продукттарды акча каражатын картадан картага которуу, интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. катары колдонуусун билдирет. Ошондой эле коммерциялык банктардын банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча аралыкта орнотулган түйүндөрүн өнүктүрүүдө да оң тенденция байкалган. 

Эгерде 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталары республиканын бардык аймактарында орнотулган 1 583 банкоматта жана 10 046 терминалда тейленсе, ал эми 2021-жылдын жыйынтыгында банктык төлөм карталары, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм карталары 1 910 банкоматта жана 13 067 POS-терминалда кабыл алынган (банкоматтар 674 банкоматка же 54,5 пайызга, ал эми POS- терминалдар 2,2 эсеге же 7 013 POS-терминалга көбөйгөн). 

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча банктык төлөм карталары, анын ичинде «Элкарт» улуттук төлөм картасы республиканын бардык аймагында орнотулган 2 041 банкоматта жана 16 252 POS-терминалда тейленген.  

Чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр SWIFT, «TELEX», «Банк-Кардар», «Е- Кардар» системаларын ж.б. колдонуу менен өткөрүлгөн. Банктар чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр үчүн көбүнчө SWIFT системасын колдонушкан. Кирген төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 4 954,2 млрд сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушул көрсөткүчүнө салыштырганда 1,7 эсеге көбөйгөн. Чыккан төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 5 711,3 млрд сомду түзгөн жана өткөн жылдын ушул эле көрсөткүчүнө салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн. 

Акча которуулар эл аралык жана жергиликтүү акча которуу системалары аркылуу жүзөгө ашырылган. 2022-жылы эл аралык акча которуу системалары боюнча кирген которуулардын жалпы саны 255,3 млрд сомд суммасындагы 10,5 млн транзакцияны түзгөн, өткөн жылга салыштырмалуу кирген которуулардын саны 16,5 пайызга азайса, көлөмү 2,8 пайызга өскөн. Чыккан которуулардын саны 907,9 миңге жетип, суммасы 108,4 млрд сом өлчөмүндө катталган, бул былтыркыга салыштырмалуу чыккан которуулардын саны 4,8 пайызга азайып, көлөмү 1,7 эсеге өскөн. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоону жана жөнгө салууну уланткан.  

Төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан 2021-жыл ичинде жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн саны 156,9 млн жана көлөмү 92,1 млрд сомду түзгөн. Мында мобилдик байланыш үчүн төлөмдөр көбүрөөк көлөмдү 2021-жыл ичиндеги төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 25,3 пайызын түзгөн. Ал эми товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик жана коммуналдык (коммуналдык кызматтарды, салык жыйымдарын, жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн айып пул төлөө, ж.б. мамлекеттик бюджетке төлөмдөр) кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын пайдасына өткөрүлгөн төлөмдөр жалпы көлөмдүн 8,52 пайызы өлчөмүндө катталган. Төлөмдөрдүн жалпы саны 156,9 млн транзакцияны түзгөн.  

Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын иши өз алдынча тейлөө төлөм терминалдары, агенттик түйүн (анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу) жана электрондук акча аркылуу төлөмдөрдү кабыл алууга негизделгендиктен, 2021-жылдын акырына карата төлөм терминалдарынын саны 9 753 даананы, агенттердин жана веб-кассалардын саны 94 856 бирдикти түзгөн.  

2022-жылы төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары аркылуу 187,3 млрд сом жалпы суммасында 186,2 млн транзакция өткөн. Бардык төлөмдөрдүн негизги үлүшү 50,01 млрд сомго (төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 27,0 пайызы) банктык эсепти толуктоо төлөмдөрүнө туура келген, анын саны 12,9 млн транзакцияны (төлөмдөрдүн жалпы санынын 6,9 пайызы) түзгөн.  

Мобилдик байланыш операторлорунун пайдасына төлөмдөрдүн жалпы көлөмү 36,2 млрд сомду (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 19,0 пайызы), саны 117,4 млн транзакцияны (төлөмдөрдүн жалпы санынын 63,0 пайызы) түзгөн.  

Товарлардын/кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик жана коммуналдык сунуштоочулардын пайдасына төлөмдөрдүн көлөмү (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, салык жыйымдарын төлөө, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдар, мамлекеттик бюджетке башка төлөмдөр) 8,2 млрд сомду (төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнүн 4,4 пайызы), ал эми төлөмдөрдүн саны 12,0 млн транзакцияны түзгөн (төлөмдөрдүн жалпы санынын 6,5 пайызы). 

Электрондук капчыкты толтуруу аркылуу электрондук акчаны жайылтуу боюнча операциялардын көлөмү 34,3 млрд сомду (бардык төлөмдөрдүн жалпы көлөмүнө карата 35,0 пайыз), алардын саны 9,0 млн транзакцияны (төлөмдөрдүн жалпы санынын 25,2 пайызын) түзгөн.  

Банк системасындагы накталай эмес акча каражаттарынын үлүшүнүн көбөйүшүндө туруктуу тенденция байкалгандыгына карабастан, финансылык эсептешүүлөрдүн негизги бөлүгү банк системасынан тышкары жүргүзүлүп, эсептешүүлөрдө накталай акча каражаттарынын басымдуулугу байкалган.  

 

1-таблица. Банк системасында накталай жана накталай эмес акчанын катышы (млн.сом) 

1Алдын аала маалыматтар. 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан сунушталган чекене төлөм кызмат көрсөтүү түрлөрүн көбөйтүүгө, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүгө жана колдонууга киргизүүгө, «Элкарт» улуттук төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасынын оператору «БПБ» ЖАКтын ишин колдоого, «Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө жана аны башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоого, коммерциялык банктарга банктык төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүүдө көмөк көрсөтүүгө багытталган иш-чаралар жүргүзүлдү.  

Акыркы жылдар ичинде төлөм системасы жаатындагы иштердин негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат: 

- 2020-жылы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу, анын алкагында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына да атайын жөнгө салуу режимдерин түзүү жана атайын жөнгө салуу режимине убактылуу лицензияларды берүү жагында өзгөртүүлөр киргизилген; 

- 2021-жылы Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамын кабыл алуу, бул өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөлөр арасындагы тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталган; 

- 2022-жылы Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамын кабыл алуу, ага ылайык Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган, виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдер менен байланышкан ишти жүргүзгөн юридикалык жактар Улуттук банк тарабынан жөнгө салынат; 

- 2019-жылы КМС 1348:2019 финансылык төлөмдөрүн өткөрүү үчүн эки өлчөмдүү штрихкод белгилеринин улуттук стандартын жана QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин кабыл алуу, бул кызматтарды колдонуучуларга эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин жана төлөм шилтемелерин (мындан ары QR-код) пайдалануу менен мобилдик телефон аркылуу товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөөгө жана которууга мүмкүндүк берет.  

- төлөм системасынын бардык элементтерин тең салмактуу укуктук жөнгө салууга багытталган жаңы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана колдонуудагысын өркүндөтүү

- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу; 

- калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык продукттарды жана жаңы продукттарды жайылтууга кеткен убакытты жана чыгымдарды кыскартуу максатында, биринчи жолу «жөнгө салуу аянтчасы» ишке киргизилген.  

- Санарип сом концепциясын иштеп чыгуу жана бекитүү, ага ылайык, санарип сомдун акча жүгүртүүдөгү ролу каралган жана санарип сомдун прототибин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнүн негизги ыкмалары аныкталган;  

- Кыргыз Республикасында 2020-2022-жылдарга санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясынын иш-чараларын ишке ашыруу; 

- төлөм системаларынын катышуучуларын жана калкты ыңгайлуу жана өз учурундагы эсептешүүлөр менен камсыз кылуу, ошондой эле системалардын ISO 20022 стандартында иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында, Улуттук банктын төлөм системаларын (ГСРРВ жана СПК) модернизациялоо;  

- Кыргыз Республикасынын аймагында системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларын белгиленген критерийлерге ылайык аныктоо; 

- системалуу мааниге ээ, маанилүү төлөм системаларынын жана орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдеринин төлөм системалары боюнча эл аралык стандарттарга туура келүүсүнө өз алдынча баа берүү (финансы рынокторунун инфраструктурасы үчүн принциптер); 

өлкө ичинде улуттук валютадагы эсептешүүлөр долбоорунун алкагында эл аралык төлөм системалары менен өз ара иш алып баруу (NNSS); 

- төлөм системаларынын, мамлекет аралык төлөмдөр жана эсептешүүлөр, мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык отчетторду иштеп чыгуу системаларынын, электрондук документтер менен иш алып баруу, «Түндүк» ведомстволор аралык иш алып баруу системасы аркылуу маалымат алмашууну уюштуруу системасынын, банктын ички операциялык иши жана көптөгөн башка милдеттер үчүн системалардын ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында, алдыңкы эл аралык стандарттарга ылайык, Улуттук банктын маалыматтарды иштеп чыгуу борборун (Маалымат борборун) түзүү

- Кыргыз Республикасынын аймагында улуттук валютада жүргүзүлгөн чекене төлөмдөрдүн банктар аралык системалары үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында камсыздандыруу (резервдик) фондун түзүү

- Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда түзүлгөн «2018-2022-жылдары банк жабдууларын республикага ташып келүү жөнүндө» макулдашууну ишке ашыруу жана өлкөнү банктык жабдуу менен камсыз кылуу аркылуу төлөм инфраструктурасын жакшыртуу иш-чараларын жүргүзүү. Бүтүндөй республикада 2022-жылга карата абал боюнча 2 041 даана банкомат, 16 252 даана POS-терминал, 2 356 даана төлөм терминалы орнотулган;  

- «БПБ» ЖАКтын ишинин туруктуулугун сактоо, коопсуздугун бекемдөө жана ишенимдүүлүгүн арттыруу максатында, жөнөкөй ээси көрсөтүлгөн акцияларды документсиз түрдө кошумча чыгаруу аркылуу «БПБ» ЖАКтын уставдык капиталын көбөйтүү

- «БПБ» ЖАК оператору болуп саналган «Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүү, анын ичинде башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо иш-чараларын жүргүзүү, калкка сунушталуучу кызматтардын түрүн көбөйтүү үчүн «Элкарт» байланышсыз банктык төлөм карталарын чыгаруу, «Элкарт-Мобайл» жана «Элкарт Трейд» тиркемелерин ишке киргизүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу. 

 

§ 2. Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун негизги жыйынтыктары 

2018-жылдан 2022-жылга чейин Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын (мындан ары Мамлекеттик программа) иш-чаралары жүзөгө ашырылган. Бул иш-чаралар инновациялык төлөм инструменттерин кошо алганда, чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү аркылуу накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүүгө, жана Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызматтарын жайылтуу деңгээлин жогорулатууга багытталган.  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын (мындан ары - ведомстволор аралык комиссия) ишинин алкагында Мамлекеттик программанын иш-чаралар планынын аткарылышы министрликтер, ведомстволор, коммерциялык банктар тарабынан координацияланган жана контролдонгон. Ведомстволор аралык комиссиянын отурумдарында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча сунуштар каралып, келип чыккан проблемалар жана аларды чечүү жолдору, анын ичинде региондордо банктык жабдууну орнотууга, медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулду накталай эмес түрдө төлөөгө, накталай эмес эсептешүүлөр боюнча ченемдик укуктук актыларды колдонууга киргизүүгө байланышкан ж.б. маселелер талкууланган.  

Улуттук банктын, министрликтердин, ведомстволордун жана коммерциялык банктардын биргелешкен аракеттери, ошондой эле жүзөгө ашыруудагы иш-чаралар Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн көбөйүшүнө, улуттук төлөм системасын, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө жана төлөм кызматтарынын калкка жеткиликтүүлүгүнө оң салымын кошкон.  

Натыйжада, Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруу алкагында төмөнкү натыйжаларга жетишилген: 

- эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыны эл аралык карталарга алган бюджеттик уюмдар «Элкарт» улуттук төлөм системасына өткөрүлгөн;  

- 2022-жылдын акырына карата абал боюнча социалдык төлөмдөрдү 360,7 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 97,4 пайызы) банктык төлөм карталары аркылуу алууга өткөн;  

- 2022-жылдын акырына карата абал боюнча коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу 548,5 миң адам же пенсионерлердин жалпы санынын 74,0 пайызы пенсия алышкан; 

- бюджеттик уюмдар үчүн чек китепчелерине заманбап альтернатива катары жана кол менен иштеп чыгуунун ордуна автоматташтырылган эсепке алуу үчүн «Бюджеттик каражаттарды алуучунун» 1 145 картасы чыгарылган. 2022-жылдын январь айынан декабрь айына чейин «Бюджеттик каражаттарды алуучунун» карталары аркылуу өткөрүлгөн транзакциялардын саны 9 935 даананы, жалпы көлөмү 3 282,3 млн сомду түзгөн; 

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу каржылануучу 107 саламаттык уюмунун ичинен 65 уюмда медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кабыл алууга POS-терминалдар орнотулган. Ошол эле учурда 33 саламаттык сактоо уюму акысыз медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү сунушташса, 6 саламаттыкты сактоо уюмунда акча каражаттары коммерциялык банктар аркылуу түшөт; 

- пенсияларды, жөлөк пулдарды жана карта ээлерине эмгек акы төлөө, ошондой эле коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү өткөрүү, салык ж.б. төлөмдөрдү төлөө үчүн «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 387 почта бөлүмүндө POS-терминалдар орнотулган; 

- Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары «БПБ» ЖАКка туташтырылган, мунун натыйжасында калк үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталары чыгарылып, бардык коммерциялык банктардын аралыкта орнотулган жабдууларында тейленип жатат.  

Ошону менен бирге эле 2018-жылдан тартып калкка коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча соода-тейлөө ишканаларынын кассаларындагы POS-терминалдар аркылуу төлөм картасынан накталай акча каражатын чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Бул сервис кайсы болбосун банктык төлөм картасынын ээсине акчаны оңой жана бат пайдалануу мүмкүндүгүн берет, бир жагынан, соода-тейлөө ишканалары үчүн кардарлардын санын жана экинчи жагынан, соода көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Азыркы учурда төрт коммерциялык банк региондордо жайгашкан 89 соода-тейлөө ишканаларынын кассаларында банктык төлөм картасынан нак акча алуу долбоору ишке ашырылууда. 

Банктар тарабынан карта ээлеринин накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүсүнө (дисконттук программалар, маркетингдик акциялар, реклама, тарифтик пландарды жаңылоо, ошондой эле интернет жана мобилдик тиркеме аркылуу төлөнүүчү кызматтарды көбөйтүү) өбөлгө түзүү, бюджеттик уюмдарды жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди ыңгайлуу шарттарды сунуштоо менен эмгек акы долбоорлоруна тартуу, калкты банктык төлөм карталарын, электрондук капчыктарды жана төлөмдөрдү аралыктан өткөрүү ыкмаларын колдонууга өбөлгөлөө боюнча иш-чаралар туруктуу негизде жүргүзүлүп турган.  

Мындан тышкары, банктар жаңы продукттарды түзүү жана тарифтик пландарды жаңылоо иштерин жүргүзүп, кардарларга өз эсептерин башкаруу мүмкүнчүлүгүн берүү жана муну менен кардарларга аралыктан кызмат көрсөтүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыккан. 

Банктар калкка жаңы кызмат көрсөтүүлөр жана продуктулар жөнүндө маалыматты банктын мекемелериндеги ар башка маалымат булагына жарнама берүү аркылуу да, жалпыга маалымдоо каражаттары менен туруктуу иштешүү, пресс-конференцияларды уюштуруу, жарнамалык модулдарды жана макалаларды жайгаштыруу аркылуу да тааныштырган.  

Төлөм инфраструктурасын кеңейтүү максатында, 2018-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган. Анда Кыргыз Республикасынын аймагына банктык продуктту ташып келүүдө КНС төлөөдөн бошотуу каралган. Аталган мыйзамды аткаруу максатында, Улуттук банк менен коммерциялык банктар ортосунда республикага банктык жабдууларды ташып келүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган жана 2018-жылдын январынан 2018-жылдын декабрына чейинки аралыкта өлкөгө 971 банкомат, 12 538 POS-терминал, 1 622 төлөм терминалы алып келинген.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна соода-тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу үчүн жабдууну милдеттүү түрдө орнотуу тууралуу өзгөртүүлөр киргизилген. Бул токтомго ылайык, керектөөчүлөр соода-тейлөө ишканаларында банктык төлөм картаны, электрондук акчаны жана QR-коддорун колдонуу менен төлөй алышат. 2022-жылдын декабрь айынын акырына карата абал боюнча соода-тейлөө ишканаларында орнотулган POS-терминалдардын саны 13 744 даанага жеткен, ал эми 2018-жылдын башында POS-терминалдардын саны 6 646 даана болгон, бул жалпысынан, улуттук валютадагы накталай эмес төлөмдөрдүн көбөйүшү эсебинен өлкө экономикасын доллардан арылтуу деңгээлинин төмөндөшүнө таасирин тийгизет.  

Аталган токтомду аткаруу тартиби жана карта ээлеринин товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөө укугу тууралуу ишкерлерге маалымдоо максатында, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн социалдык видеороликтер даярдалып, республиканын жана региондордун телеканалдарына көрсөтүү (прокат) үчүн берилген, ошондой эле Улуттук банктын расмий интернет-сайтына да маалымат жайгаштырылган. 

Төлөм кызматтарын жана инновациялык технологияларды колдонуу тууралуу калкка маалымат берүү үчүн Улуттук банк Эл аралык финансы корпорациясы менен биргеликте «Санарип финансылык кызмат көрсөтүүлөрү» темасында беш ролик иштелип чыккан жана «Финсабат» сайтына жайгаштырылып, республиканын жана региондун телеканалдарында көрсөтүлгөн. 

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу алкагында келтирилген маалыматтар, жалпысынан, төлөм системасынын көрсөткүчтөрүнүн алгылыктуу динамикасын түшүндүрөт (2-таблица). 

2020 жана 2021-жылдарда банктар аралык төлөм системаларынын максаттуу көрсөткүчтөрү боюнча (ПКС жана ГСРРВ), ПКС жана ГСРРВ боюнча айкын көрсөткүчтөр чарба жүргүзүүчү субъекттердин COVID-19га байланыштуу өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда, ошондой эле төлөмдөрдүн, анын ичинде COVID-19га байланыштуу көбүнчө дароо төлөмдөр системасы, агенттердин мобилдик тиркемелери, электрондук акча аркылуу өтүшүнөн улам, экономикалык жигердүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу, пландаштырылган көрсөткүчтөрдөн төмөн деңгээлде түптөлгөндүгүн белгилеп кетүү зарыл. 

Ошентип, 2020-жылы ПКС жана ГСРРВ аркылуу 4,1 трлн сом суммасына 8,2 млн төлөм өткөрүлгөн, бул саны жагынан 2019-жылга салыштырмалуу 22,6 пайызга аз, ал эми көлөмү боюнча 23,5 пайызга көп. 2020-жылы ГСРРВда төлөмдөрдүн көлөмү 25,7 пайызга өскөн, ал эми ПКСтеги төлөмдөр 9,6 пайызга азайган. Ошол эле учурда 2021-жылы ПКС жана ГСРРВ аркылуу 5,6 трлн сом суммасына 8,5 млн төлөм өткөрүлгөн. 2020-жылга салыштырганда төлөмдөрдүн саны жана көлөмү, тиешелүүлүгүнө жараша, 4,3 жана 34,9 пайызга жогорулаган. Ал эми 2021-жыл үчүн ПКСте жана ГСРРВда төлөмдөрдүн көлөмү, тиешелүүлүгүнө жараша, 35,4 жана 23,8 пайызга өскөн.  

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ПКС жана ГСРРВ аркылуу 10,6 триллион сом суммасында 8,8 миллион төлөм жүргүзүлдү, 2021-жылга салыштырмалуу төлөмдөрдүн саны боюнча көрсөткүчтөр 2,7 пайызга, ал эми көлөмү боюнча 1,9 эсе өскөн. Мында 2022-жылга ГСРРВ жана ПКС боюнча төлөмдөрдүн көлөмү тиешелүүлүгүнө жараша 1,9 эсеге жана 8,9 пайызга өскөн. 

Өлкөнүн төлөм инфраструктурасын мүнөздөгөн көрсөткүчтөр региондорду банктык жабдуу менен камсыз кылуу иш-чараларын жүргүзүүнүн зарылдыгы тууралуу билдирет. 

 

2-таблица. Төлөм системасы боюнча айкын жана болжолдуу көрсөткүчтөр 

1Эмгекке жарамдуу курактагы жана эмгекке жарамдуу курактан улуу калктын саны эске алынган. 

2022-жылга карата бойго жеткен калктын болжолдуу көрсөткүчү

 

§ 3. Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында негизги жыйынтыктар  

Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга (мындан ары Мыйзам) кол койгон. Бул Мыйзамдын негизги талаптарынын биринен болуп мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү улуттук валютада Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүү жана мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клирингди улуттук төлөм системасынын оператору тарабынан жүргүзүү талабы белгиленген, ал 2024-жылдын 4-майында күчүнө кирет. Аталган талап өлкөнүн финансылык коопсуздугун камсыз кылуу аркылуу анын төлөө мүмкүнчүлүгүнүн көз карандысыздыгын камсыз кылууга, мындай төлөмдөр боюнча маалыматтын ачыкка чыгуу тобокелдигин төмөндөтүүгө жана төлөмдөрдүн өлкө бюджетине/бюджетинен өз убагында түшүүсүнө, процессинг кызматтарынын ички рыногун өнүктүрүүгө жана натыйжалуу акча жүгүртүүнү уюштурууга багытталган. 

Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүдө төлөм кызматтарын санариптештирүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды эске алуу менен, ошондой эле Мыйзамга ылайык келтирүү максатында, Улуттук банк тарабынан төмөнкүлөргө багытталган бир катар ченемдик укуктук актылар иштелип чыгып, бекитилген:  

- төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, алардын ишин жөнгө салууга жана көзөмөлдөөгө;  

- тобокелдиктерди алдын алуу жана минималдаштыруу үчүн республиканын төлөм системасын көзөмөлдөөнү (оверсайт) өркүндөтүүгө;  

- республиканын коммерциялык банктары тарабынан банктык жана төлөм кызматтарын аралыктан сунуштоо жана электрондук акча чыгаруу аркылуу инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө

- банк эмес финансы-кредит уюмдарынын инновациялык инструменттер менен төлөмдөрдү өткөрүү жана калкты аралыктан тейлөө ыкмаларын көбөйтүүгө

- мобилдик тиркемелерди жана электрондук капчыктарды идентификациядан өтүүсүз колдонгондорго байланыштуу тобокелдиктерди жөнгө салууга жана мындай кызматтарды пайдалануучуларды милдеттүү түрдө идентификациялоо боюнча ченемди киргизүүгө

- Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигин түзүүгө жана төлөм системаларынын функционалдык жактан өз ара айкалышуусун камсыз кылууга; 

- штрихкодду (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү жана төлөөчүлөргө бирдей төлөм системасын сунуштоо үчүн ар башка төлөм системаларын өз ара интеграциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга; 

- коммерциялык банктардын агенттери аркылуу республиканын региондорунда калктын ар түрдүү банктык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө

- Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карталары боюнча эмиссия, эквайринг, процессинг жүргүзүүдө жана жайылтууда тобокелдиктерди минималдаштырууга; 

- төлөм системаларын колдонуучулардын кызыкчылыгын коргоого, төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн колдоого жана камсыз кылууга, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүүгө

2022-жылы Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамы кабыл алынган, ага ылайык Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган, виртуалдык активдер боюнча кызматтарды сунуштоочу катары виртуалдык активдерге байланыштуу ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жактардын иши Улуттук банк тарабынан жөнгө салынат. 

Ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына ылайык келтирүү максатында, 2022-жылы Улуттук банк «Виртуалдык активдерге байланышкан кызматтарды сунуштоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга сунуштаган.  

 

§ 4. Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн алкагында негизги көрсөткүчтөр  

 

2022-жылдын акырына карата абал боюнча 24 юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ болгон, алардын ичинен 23 лицензия төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна жана 24 лицензия төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген. 

Улуттук банк төлөм системаларынын ишинин туруктуулугун, ишенимдүүлүгүн жана үзгүлтүксүздүгүн сактоо, төлөм кызматтарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн арттыруу, ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ПФТД/ЛПД) максатында, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин инспектордук текшерүүлөр аркылуу көзөмөлдөөнү уланткан, ошондой эле мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, анын ичинде ПФТД/ЛПД жөнүндө мыйзамдарга ылайык таасир этүү чараларын колдонгон.  

2022-жылдын акырына карата абал боюнча Улуттук банкта акча которуу системаларынын 34 оператору, анын ичинен локалдык (филиалдар арасында) акча которуу системаларынын 19 оператору, эл аралык акча которуу системаларынын 15 оператору катталган. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында банктык төлөм карталарын колдонуу менен кызмат көрсөтүү үчүн 7 эл аралык төлөм системасы жана эл аралык электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүү үчүн эл аралык электрондук акча системаларынын 10 оператору/эмитенти каттоодон өткөн.  

 

§ 5. Санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүүнүн негизги натыйжалары  

Отчеттук мезгил ичинде санариптик төлөм технологиялары орто мөөнөттүү мезгилге бекитилген пландарга жана программаларга ылайык өнүктүрүлгөн. Адсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө», «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыктарын аткаруу максатында, Улуттук банк коммерциялык банктар менен биргеликте региондордо электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди жайылтуу, юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерге түрткү берүү, керектөөчүлөргө товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле аралыкта орнотулган бардык жабдууларда байланышсыз карталарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иш-чараларды жүргүзгөн.  

Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу менен санариптик төлөм технологиялары боюнча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана төлөм системасынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн мындан ары жогорулатуу милдеттерин ишке ашыруу, финансы уюмдарынын жана алардын кардарларынын, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана коммерциялык уюмдардын электрондук байланыш каналдары аркылуу талаптагыдай өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасында 2020-2022-жылдарга санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары Концепция) бекитилген.  

Алдын ала каралган иш-чараларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында:  

- коммерциялык банктар колдонуучу үчүн ыңгайлуу убакта 24/7/365 режиминде банктык эсепти башкаруу үчүн аралыктагы каналдар (Мобилдик банкинг, Интернет-банкинг) аркылуу обочо туруп төлөм өткөрүү кызматын көрсөткөн; 

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси аркылуу сунушталуучу кызматтардын түрү көбөйтүлгөн, буга 13 коммерциялык банк кошулган, ошондой эле «Элкарт Трейд» мобилдик тиркемеси аркылуу соода-тейлөө ишканалары товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү накталай эмес түрдө, анын ичинде QR-кодду колдонуу менен кабыл алышат;  

- ар башка төлөм системаларынын өз ара интеграцияланышын камсыз кылуу жана төлөөчүлөргө QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү жана которуу үчүн бирдей төлөм мейкиндигин түзүү максатында, өз ара иш алып баруу оператору катталган жана төлөм системаларынын катышуучулары менен системалар аралык интеграция боюнча иш-чаралар аяктаган. Улуттук банк Башкармасынын токтому менен QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерине өзгөртүүлөр киргизилген. Өзгөртүүлөрдө төлөм системасынын катышуучулары QR-коддорун Улуттук стандартка келтирүүсү жана QR-код аркылуу төлөөдө өз ара иш алып баруу үчүн өз ара аракеттенүү операторуна туташуусу боюнча милдеттүү талаптар белгиленет; 

- ЕАЭБ мейкиндигинде финансылык уюмдардын санариптик өз ара иш алып баруусун камсыз кылуу, банктык ачык интерфейстер (мындан ары API) технологиясын тесттен өткөрүү, колдонуу, ошондой эле API технологиясын өнүктүрүү потенциалын баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын финансы рыногу үчүн Кыргыз Республикасынын бир нече коммерциялык банктарынын катышуусунда маалымат API технологиясын бирдиктүү стандарт боюнча сыноодон өткөрүү боюнча биргелешкен пилоттук долбоор жүргүзүлгөн; 

- Кыргыз Республикасында бирдиктүү санарип финансылык онлайн-платформаны ишке ашыруу максатында, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси менен биргеликте финансылык маркетплейсти түзүү боюнча жол картасына кол коюлган. Финансылык платформанын (маркетплейс) кызматтарынын оператору боло ала турган катышуучуларды жана бул платформада сунушталган кызматтардын тизмесин аныктоо үчүн, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобо бекитилген. Мындан тышкары, API ачык интерфейстери аркылуу маалымат алмашуучу финансылык платформанын (маркетплейс) кызматтарынын операторуна жана финансы кызматтарын сунуштоочуларга тиешелүү талаптар белгиленген; 

- виртуалдык активдерди жүгүртүүнү жана виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү ишти жөнгө салуу үчүн укуктук негиз түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү иш жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, коомдук талкуудан өткөрүлгөн; 

- Тез төлөмдөр системасын ишке киргизүү боюнча долбоордун алкагында иштер жүргүзүлүп жатат, төлөм системаларын модернизациялоо жана алардын коммерциялык банктардын кардарлары ортосунда айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү функционалын көбөйтүү үчүн, системага жалпы талаптар иштелип чыккан.  

Анын үстүнө, калкка ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык банктык жана төлөм кызматтарын жайылтууга кеткен убакытты жана чыгымды кыскартуу максатында, «жөнгө салуу аянтчасы» ишке киргизилген. Отчеттук мезгилде көзөмөлгө алынган үч уюм убактылуу лицензиянын негизинде төмөнкү банктык операцияларды ишке ашырган: накталай эмес түрдө кредит берүү үчүн алдын ала чыгарылган «Элкарт» кредиттик карталарын эмиссиялоо, банктык карталардын эквайринги, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө, ошондой эле жеке электрондук акчаны чыгаруу (эмиссиялоо) жана ордун жабуу, электрондук капчыктарды пайдалануу үчүн төлөм карталарын чыгаруу (эмиссиялоо).  

Улуттук банк калкка санариптик төлөм кызматтарын жана инновациялык технологияларды колдонуунун артыкчылыктары жана ыңгайлуулугу тууралуу маалымдоо үчүн, «Байланышсыз Элкарт» тиркемесинен байланышсыз төлөмдөрдү өткөрүү, QR-кодду колдонуу аркылуу төлөө, электрондук капчыктар, мобилдик жана интернет-банкингди, «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемесин колдонуу жөнүндө видеоматериалдарды иштеп чыккан жана интернет ресурстарына жайгаштырган.  

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу алкагында, Санарип сом концепциясы бекитилген, ага ылайык, санарип сом улуттук валютанын кошумча формасы болуп калат жана Улуттук банк тарабынан санариптик формада чыгарылат. Санарип сом накталай сом сыяктуу эле, Улуттук банктын милдеттенмеси болуп саналат. Ошондой эле санарип сом акчанын жүгүртүүөлөө) каражаты, нарк өлчөмү жана топтоо каражаты сыяктуу бардык функцияларын аткаруу менен накталай жана накталай эмес сом менен катар эле колдонула тургандыгы болжолдонууда.  

 

 

3-ГЛАВА  

Төлөм системасын мындан ары 2023-2027-жылдарда өнүктүрүү  

боюнча комплекстүү милдеттер  

§ 1. Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча негизги милдеттер 

Улуттук банктын төлөм системасын 2023-2027-жылдарда өнүктүрүү боюнча негизги милдеттеринен болуп, Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү, төлөм системаларынын ишин жаңы маалымат жана телекоммуникациялык технологиялар аркылуу жогорку технологиялык деңгээлде колдоо болуп саналат. Аталган технологиялар Кыргыз Республикасынын экономикасынын ар башка субъекттеринин ортосунда төлөмдөрдү коопсуз жана натыйжалуу өткөрүлүшүн камсыз кылат.  

Улуттук банктын 2023-2027-жылдардагы иш-аракеттери төлөм системаларын төмөнкү негизги багыттар боюнча өнүктүрүүгө жумшалат. 

 

1. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү  

Улуттук банк төлөм системасынын катышуучулары менен биргеликте төлөм системаларын жогорку технологиялык деңгээлде колдоо, чекене төлөмдөр рыногун мындан ары өнүктүрүү, учурдагы тенденцияларды жана санарип төлөм технологияларынын бат өнүгүп жаткандыгын эске алуу менен ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, төлөм рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү улантат. 

Улуттук банк бул багытты ишке ашырууда төлөм кызматтарынын калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларга, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу катышат:  

- төлөм кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүүчү жана калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн алардын наркын, атап айтканда, банктык кызматтарды аралыктан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу төмөндөтүүчү инновациялык төлөм технологияларын жайылтууга көмөктөшүү

- электрондук төлөм каражаттарын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, атап айтканда, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн. 

Улуттук банк калктын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин финансылык кызматтарга ишенимин жогорулатууга багытталган иш-чараларга да, анын ичинде төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү аркылуу катышат: 

- электрондук төлөм каражатын колдонуунун коопсуздугун жогорулатууга, анын ичинде алдамчылык операцияларына каршы күрөшүүгө жана акча каражаттарын которууда маалыматтын корголбой калуу тобокелдигин төмөндөтүүгө

- калкка жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге төлөм кызматтарын сунуштоо шарттары, анын ичинде төлөм кызматтарына тарифтер жөнүндө маалымат берүү аркылуу төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга;  

- банктык жана төлөм кызматтарынын укугун коргоону өркүндөтүү

- калкка сунушталуучу төлөм кызматтары, ага кошо келип чыгуучу тобокелдиктер жана коопсуздук чаралары тууралуу маалымдоо менен алардын төлөм кызматтарын колдонуу жагында финансылык сабаттуулугун жогорулатууга; 

- калктын накталай эмес эсептешүүдө ар башка төлөм инструменттерин колдонуусуна, накталай эмес төлөмдөрдүн мамлекеттик деңгээлдеги маанисине калктын, коомчулуктун көңүл буруусуна багытталган маалымат кампанияларын жүргүзүүгө өбөлгө түзүүгө

Мындан тышкары, Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды жүргүзөт:  

- кардарларды төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу/өткөрүү жагынан тейлөө боюнча инфраструктураны өнүктүрүүгө, ага кошо агенттик түйүндөрдү кеңейтүүгө, аралыкта орнотулган жабдууну: POS-терминалдарды, банкоматтарды, төлөм терминалдарын, QR-коддорун, Кыргыз Республикасында ар башка төлөм инструменттерин кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдууларды көбөйтүүгө

- мамлекеттик жана жеке секторлор менен төлөм системаларын, финансылык жана чекене рынокту өнүктүрүү маселелери боюнча өз ара иш алып барууга; 

- төлөм системасынын катышуучулары менен мамлекеттик органдарды, бюджеттик уюмдарды, бизнес субъекттерин төлөм инструменттеринин ар башка түрлөрүн колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөргө өткөрүүгө шарт түзүү боюнча өз ара иш алып барууга;  

- коммерциялык банктар менен алардын көп функционалдуу социалдык жеңилдиктерди берүүчү карталардын (медициналык, транспорттук, салык, пенсиялык, банктык), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын бюджеттик каражаттарын алуучунун карталарынын негизинде, бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын сарпталышын контролдоо максатында, социалдык долбоолорду ишке ашыруусунда мындан ары өз ара иш алып барууга; 

- обочо туруп/аралыктан банктык тейлөө (интернет-банкинг, мобилдик-банкинг) системаларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө, бул системалардын иштешин укуктук жактан жөнгө салууну өнүктүрүүгө;  

- банктык төлөм караталарын, электрондук акчаны, QR-коддорун, аралыктан банктык тейлөө системаларын колдонуу менен операциялардын коопсуздугунун тиешелүү деңгээлин эл аралык стандарттарга ылайык камсыз кылууга. 

Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекет ичиндеги төлөмдөрдү жүргүзүүдө, аларды жүргүзүүгө жана иштеп чыгууга тышкы факторлордун кийлигишүүсүнө жол бербөө боюнча негизги проблема чечилет. Бул өлкөнүн көз карандысыздыгына, финансылык коопсуздук боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүүгө, бул төлөмдөр боюнча маалыматтын ачыкка чыгуу тобокелдигин төмөндөтүүгө жана өлкө бюджетине/бюджетинен төлөмдөрдүн өз убагында түшүүсүнө өбөлгө түзөт.  

Натыйжада, өлкөдө ички ресурстардын коопсуздугун жана өнүктүрүлүшүн жана накталай эмес түрдө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн бардык шарттар түзүлөт, бул, жалпысынан, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына оң таасирин тийгизет. 

 

2. Улуттук төлөм системасын өнүктүрүү жана аны башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү  

Улуттук банк улуттук төлөм системасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантат, анда «Элкарт» улуттук төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасы, жаңы төлөм инструменттери жана кызмат көрсөтүүлөрү, жана алар колдонулган продуктулар, атаандаштыкка жөндөмдүү жергиликтүү иштеп чыгуулар камтылат.  

«Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларда төмөнкүлөр боюнча багыттар камтылат: 

- «Элкарт» улуттук төлөм карталары менен эсептешүүлөр системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү, «БПБ» ЖАКка анын базасында чекене жана утурумдук төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча тейлөө борборун түзүү үчүн колдоо көрсөтүү

- «Элкарт» карталарын колдонуу менен төлөм кызматтарынын түрлөрүн байланышсыз төлөмдөр технологиясынын негизинде мындан ары көбөйтүү, санариптик жана виртуалдык «Элкарт» карталарына акырындап өтүүнү камсыз кылуу;  

- социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, улуттук төлөм системасын жайылтууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү ж.б.;  

- банктык төлөм карталарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана алдамчылык транзакцияларына жол бербөө боюнча талаптарды жогорулатуу; 

- статистикалык отчетторду түзүү жана системаларга уруксатсыз кирүү мүмкүндүгүн он-лайн текшерүүлөрдү уюштуруу мүмкүнчүлүгү менен банктардын мониторинг жүргүзүү системасын жайылтууга көмөктөшүү

- «Элкарт» улуттук төлөм системасын жакынкы жана ыраакы чет мамлекеттердин, ошондой эле бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоого багытталган иштерди жүргүзүү, «Элкарт» системасынын баа түзүү саясатынын артыкчылыктарынын, карта ээлеринин лоялдуулук программаларын ишке ашыруу, инновациялык жана санариптик төлөм технологияларын колдонуу менен жергиликтүү алдыңкы иштеп чыгууларды жана чечимдерди жайылтуу эсебинен банктык төлөм карталарынын ички жана эл аралык рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;  

- жеке адамдар тарабынан бюджетке накталай эмес түрдөгү төлөмдөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле бюджеттик милдеттенмелер боюнча акча каражаттарын (эмгек акыны, пенсияларды, стипендияларды кошо алганда) алуу максатында, Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун өз ара натыйжалуу иш алып баруусуна өбөлгө түзүү.  

Улуттук банк ЕАЭБдин санариптик финансылык инфраструктурасын финансылык билдирүүлөрдүн (ISO 20022 стандарты, API стандарты) форматтары боюнча эл аралык стандарттарды жайылтуу, финансылык технологияларды өнүктүрүү жагында негизги багыттар боюнча өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топтун алкагында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн борбордук (улуттук) банктары менен өз ара иш алып барууну улантат. 

 

3. Мониторинг жүргүзүү жана инновациялык төлөм кызматтарын жайылтуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү  

Улуттук банк орто мөөнөттүү мезгилде инновациялык банктык кызматтарды жана санариптик төлөм чечимдерин жайылтуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган, алардын негизи 2020-2022-жылдары Кыргыз Республикасында санарип технологияларды өнүктүрүү концепциясына киргизилген жана Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 27-мартында №2020-П-14/17-4-(ПС) токтому менен бекитилген иш-чаралар планына киргизилген, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу узак мөөнөттүү иш-чараларын улантат:  

өлкөнүн бүткүл аймагында банктык кызматтар жеткиликтүү болушу үчүн калкты аралыктан тейлөө каналдарынын (электрондук акча, мобилдик тиркемелер, байланышсыз төлөмдөр жана төлөм кызматтарын сунуштоо чөйрөсүн кеңейтүүчү жана калк жана чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн алардын наркын төмөндөтүүчү башка технологиялык чечимдер) бардык жерде жайылышына көмөктөшүү;  

- жаңы төлөм продукттардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн рынокко чыгышына жана аларды жөнгө салуу боюнча технологияларды, анын ичинде атайын жөнгө салуу режимдери аркылуу тесттен өткөрүүгө, колдонуудагы ченемдердин жана эрежелердин системасын баалоого, жаңы технологиялар үчүн потенциалдуу тоскоолдуктарды аныктоого багытталган ченемдерди иштеп чыгууга; 

- Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик бийлик органдары жана төлөм кызматтары рыногунун катышуучулары менен жаңы төлөм продукттарын/кызмат көрсөтүүлөрүн, анын ичинде бөлүштүрүлгөн реестрлер технологияларын колдонуу менен жайылтуу маселелери боюнча өз ара иш алып баруусуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук коммерцияны жигердүү өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.  

Улуттук банк улуттук төлөм системасынын жана бүтүндөй экономиканын алдында турган учурдагы талаптарды жана милдеттерди эске алуу менен, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасында каралган иш-чараларды жүргүзөт.  

 

3.1. Финансылык кызматтар жана продукттар үчүн финансылык платформа (маркетплейс)  

Төлөм системаларынын катышуучулары жана/же өзүнчө юридикалык жак тарабынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, финансылык кызматтар жана продукттар үчүн финансылык платформанын (маркетплейс) түзүлүшү финансы рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүүгө, кардарлардын «бирдиктүү терезе» режиминде кызматтарды пайдалануусунун ыңгайлуулугун, ачык-айкындуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатууга, финансылык кызматтарды пайдалануу үчүн тоскоолдуктарды четтетүүгө өбөлгө түзөт. 

Финансылык платформа (маркетплейс) рыноктун бардык катышуучуларына башка финансылык аянтчалар менен катар эле, анын ичинде чат, бот жана робо-эдвайзингди ж.б. колдонуу менен кардарлар үчүн талап кылынган финансылык кызматтарды жана продукттарды издөө жана ыңгайлуу сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берет. Платформа финансылык экосистеманын катышуучуларынын сунуштары боюнча маалыматтарды консолидациялайт, кардарлардын муктаждыктарын талдап, алар үчүн сунуштарды персонализациялайт.  

Улуттук банк финансылык платформалардын реестрин жүргүзөт (маркетплейс).  

 

3.2. Ачык API чөйрөсүн өнүктүрүү 

Ачык банкинг концепциясында үчүнчү тараптарга кардардын (керектөөчүнүн) түздөн-түз макулдугу менен ал тууралуу маалыматты суроо, алуу жана талдоо, ар башка тиркемелерди жана сервистерди интеграциялоо, муну менен кардарды тейлөөнү жакшыртуу жана жарандар жана бизнес үчүн продуктулардын жана сервистердин ассортиментин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берүү каралган.  

Улуттук банк рыноктун катышуучулары менен биргеликте ачык интерфейстерди (ачык API) жөнгө салуунун колдонулуучу ыкмаларын аныктоону пландаштырат. Ачык интерфейстердин жөнгө салынышы финансылык кызматтардын/сервистердин сунуштоочуларына маалыматты пайдаланууда бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылууга жана банктык жана төлөм рынокторунун катышуучуларынын өз ара маалымат алмашуу процессин атаандаштыкты өнүктүрүү, пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, керектөөчүлөргө инновациялык өбөлгө түзүү жана алардын укугун коргоо инструменти катары стандартка келтирүүгө багытталат. Ошондой эле стандарттарды финансы рыногунун (Open Finance) башка сегменттерине жана башка тармактарга (Open Data) кеңейтүү боюнча эл аралык демилгелер изилденет. 

Ачык API кардарларды идентификациялоо жана алар жөнүндө, тез төлөмдөр системасында оңой (бесшовные) төлөмдөр жана которуулар жөнүндө маалымат алмашуу, финансылык платформалар (маркетплейс) ж.б. аркылуу финансылык продуктуларды салыштыруу жана тандоо боюнча жаңы чечимдердин кеңири түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. 

 

3.3. Санарип сом платформасын ишке ашыруу жана өнүктүрүү 

Санариптик технологиялардын өнүгүшүн жана калктын санариптик төлөм инструменттерине болгон кызыгуусун, заманбап санариптик технологияларды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүнү эске алуу менен, эсептешүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатуу максатында, Улуттук банк тарабынан жаңы төлөм инфраструктурасын түзүү жана жүгүртүүгө улуттук валютанын кошумча үчүнчү формасын санарип сомду киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Санарип сом платформасынын прототибин түзүү жана аны катышуучулардын чектелген саны үчүн обочолонгон чөйрөдө сыноо пландаштырылууда. Пилоттук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча санарип сомду эмиссиялоонун (чыгаруу) максатка ылайыктуулугу жана масштабдаштыруу этаптары жөнүндө чечим кабыл алынат. 

Санарип сом накталай жана накталай эмес сомдун өзгөчөлүктөрүн айкалыштырат, алар уникалдуу санарип код формасына ээ (физикалык эмес формада) жана атайын санарип капчыкта сакталат. Санарип сомду бир колдонуучудан экинчи колдонуучуга которуу аларды бир санарип капчыктан экинчисине которуу аркылуу ишке ашат. Санарип сом бирдиктүү шарттарда (эрежелерде) берилет жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында санарип сом платформасына туташтырылган кайсы гана болбосун банктын тиркемелеринде 24/7 режиминде жеткиликтүү болот. 

Санарип сомдун накталай эмес төлөм системасына үзгүлтүксүз жана ачык интеграциясын камсыз кылуу үчүн санарип сомдун платформасын колдонуудагы төлөм инфраструктурасы менен интеграциялоо пландаштырылууда. Ошондой эле санарип сом платформасы заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу менен туташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн, анын ичинде санарип сом менен чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдү жүргүзүүдө башка өлкөлөрдүн инфраструктурасы менен системалар аралык өз ара аракеттенүү үчүн ачык болот деп болжолдонууда. 

 

3.4. Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын модернизациялоо 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү тездетүү максатында, тез төлөм системасын жайылтуу боюнча иш-чаралар улантылат. Тез төлөм системасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бул системаны жөнгө салуучу эрежелерди иштеп чыгуу жана макулдашуу зарыл экендигин, алар аркылуу бул система, ошондой эле баа түзүү саясаты, системанын бардык катышуучуларынын жаңы ISO 20022 стандарттарын, API-тиркемелерин кабыл алуу, ошондой эле 24/7/365 режиминде операцияларды колдоо жөндөмдүүлүгү жөнгө салына тургандыгын эске алганда, кийинки иштер бул маселелерди чечүүгө, инфраструктураны түзүүгө жана коммерциялык банктарды системага кошууга багытталат.  

 

3.5. Финансы рыногунда санариптик технологияларды өнүктүрүү 

Финансылык уюмдарын жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана байкоого алуу финансы рыногунун туруктуулугун жана бекемдигин камсыз кылуунун негизги багыттары болуп саналат. Жүргүзүлгөн операциялардын татаалдыгы жана иштелип чыгуучу маалыматтардын көлөмүнүн көбөйүшү, жаңы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн өнүгүшү, ошондой эле жөнгө салуучу талаптардын өзгөрүшү финансылык уюмдардын өз ишин бардык зарыл ченемдерге ылайык келтирүү боюнча чыгымдарына таасирин тийгизиши мүмкүн. Дүйнө жүзүндө динамикалуу өнүгүп жаткан жаңы RegTech (regulatory technology) багытты изилдөөнүн алкагында RegTech багытын колдонуунун келечектүү чөйрөлөрүнө талдоо жүргүзүлөт жана төлөм системаларынын катышуучуларынын тиешелүү чечимдерди жана маркетплейс платформаларын колдонуусу боюнча маалыматтар, сунуштар жана талаптар даярдалат. 

 

4. Төлөм системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү 

Улуттук банк орто мөөнөттүү мезгилде чекене банктык жана банктык эмес төлөм кызматтарын, аралыктан тейлөө каналдарын, анын ичинде инновациялык жана санариптик төлөм технологияларына негизделген каналдарды көбөйтүү жана өнүктүрүү максатында, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү улантат. 

Финансылык технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндө жөнгө салууга системалуу мамилени ишке ашыруу аларды колдонуу үчүн зарыл шарттарды, анын ичинде жөнгө салуунун ийкемдүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатуунун эсебинен шарт түзүүгө, санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инструменттерин, ошондой эле маалымат коопсуздугу, жеке маалыматтарды коргоо жана башка зарыл чаралар боюнча талаптарды өркүндөтүүгө багытталат. 

Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер төмөнкүлөргө багытталат: 

- натыйжалуу төлөм механизмдерин колдоо; 

- төлөм системасына инновациялык банктык продукттарды жана санариптик төлөм технологияларын киргизүү жана аларга өбөлгө түзүү

- төлөм системаларынын функция аралык шайкештигин камсыз кылуу; 

- төлөм системасынын ишин натыйжалуу көзөмөлдөөнү (оверсайтты) жана көзөмөлдөнгөн уюмдарды көзөмөлдөөнү камсыз кылуу; 

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу, тобокелдикти баалоого негизделген чараларды ишке ашыруу; 

- Кыргыз Республикасында төлөм кызматтарын алдамчылык максаттарда пайдаланууга жол бербөө жана чекене төлөм системасынын андан ары өнүгүшүн камсыз кылуу; 

- акыркы колдонуучуларды (керектөөчүлөрдү, соода уюмдарын жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди) коргоо. 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамы кабыл алынгандыгына байланыштуу, төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны ылайык келтирүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөт.  

Төлөм системасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү жана банк секторун санариптик трансформациялоо шартында төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун андан ары өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу укуктук чөйрөнү түзүү, жаңы финансылык технологияларды киргизүүнү активдештирүү максатында тармактарды өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына жооп берген Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамы иштелип чыгат. 

Ошону менен бирге Улуттук банк Кыргыз Республикасындагы төлөм системасында инновацияларды өнүктүрүү жана инновациялык банктык жана төлөм кызматтарына өтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн алкагында чечимдерди кабыл алууда атайын жөнгө салуу режимдерин ишке ашыруунун натыйжаларына басым жасайт. Ал эми инновациялык финансылык технологияларды, продуктуларды жана кызматтарды апробациялоодо, Улуттук банктын жөнгө салуу аянтчасы инновациялык финансылык технологияларды жана кызматтарды киргизүүнүн рыноктун катышуучуларына жана керектөөчүлөргө тийгизген оң таасири тууралуу болжолдоону бат текшерүүгө, тобокелдиктерди талдоого жана аларды колдонууда келип чыгуучу тобокелдиктер моделин түзүүгө, колдонуудагы ченемдик укуктук жөнгө салуунун өзгөртүү боюнча сунуштарды даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Мындан тышкары, санарип сомду киргизүү мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен, Улуттук банк санарип сомдун жүгүртүлүшүн уюштуруу жана аныктоо, санарип сомду эмиссиялоо (чыгаруу) функциясын кеңейтүү боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктары аныкталуучу, ошондой эле санарип сом жүгүртүлүүчү платформанын оператору катары Улуттук банктын ыйгарым укуктары, бул платформанын катышуучуларынын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизүү үчүн өзгөртүүлөрдү даярдайт. Ошондой эле санарип сомду жарандык-укуктук мамилелерде колдонууда укуктук режимин аныктоочу жана банктык сырды түзгөн маалымат катары санарип сомду пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматты коргоону камсыз кылган өзгөртүүлөр каралат. Эсептешүүлөрдү жөнгө салуу, ошондой эле санарип сомду колдонуу менен акча милдеттенмелерин аткаруунун өзгөчөлүктөрүн белгилөө жаатында да өзгөртүүлөр талап кылынат. 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине накталай эмес формада төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча өзгөртүүлөр каралган мыйзам долбоорун илгерилетүү боюнча өз ара иш алып барууда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү иш-чараларына бизнес-коомчулукту тартуу боюнча ишти улантат.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары менен улуттук төлөм системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгилөө, улуттук төлөм системасын өнүктүрүүгө тоскоолдук кылган укуктук чектөөлөрдү аныктоо жана четтетүү боюнча биргелешкен иш улантылат. Ошондой эле семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды өткөрүү, жумушчу топторду түзүү жана/же аларга катышуу аркылуу Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актыларынын долбоорун талкуулоо иштери да улантылат. 

 

5. Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында  

маалымат коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү, инциденттерге жана киберкоркунучтарга чара көрүү алкагында Улуттук банк тарабынан  

жүргүзүлүүчү иш-чараларга катышуу 

Инновациялык маалымат технологияларын тез өнүктүрүү жана төлөм тармагын санариптик трансформациялоо алкагында, сапаттуу төлөм кызматтарын көрсөтүү жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо зарылчылыгы, финансы-кредит чөйрөсүндө, анын ичинде төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө маалымат коопсуздугу маселелери актуалдуу болуп баратат. Ошол эле учурда банк жана төлөм системасындагы инциденттерге жана киберкоркунучтарга өз убагында чара көрүү кырдаалды жакшыртууга жана инциденттердин деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет. 

Бул багытта Улуттук банк төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт: 

- Улуттук банктын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана төлөм системаларынын катышуучуларынын киберчабуулдарга жооп кайтаруу жана маалымат коопсуздугу маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу; 

- төлөм системасы чөйрөсүндө алдамчылыкты жана киберкоркунучтарды аныктоо жана азайтуу боюнча функционалдык механизмдин болушуна талаптарды иштеп чыгуу; 

- түйүндүн коопсуздугун бекемдөө жана төлөм системаларынын катышуучуларына жеткиликтүүлүгүнүн ишенимдүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча талаптарды белгилөө

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучулары төмөнкүлөргө багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат: 

- төлөм системаларындагы тобокелдиктер, тобокелдиктерди азайтуу ыкмалары ж.б. жөнүндө өз убагында маалымат алмашуу; 

- маалымат жана финансылык киберчабуулдар чөйрөсүндөгү жаңы тенденциялар боюнча маалымат алмашуу, маалыматтык/финансылык коопсуздукту жакшыртуу үчүн эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн жөнгө салуучу органдары менен өз ара аракеттенүү

- маалымат коопсуздугу, программалык-техникалык камсыздоо боюнча талаптарды аткаруу; 

- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары менен активдүү өз ара иш алып баруу, анын ичинде аталган органдар менен ыкчам чара көрүү, кылмыш иштерин козгоо жана жүргүзүү жана уюшкан алдамчылыкка жана киберчабуулдарга каршы күрөшүү жагында өз ара аракеттенүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү жолу менен өз ара жигердүү иштешүү

- Улуттук банктын базасында инциденттерди, алдамчылык операцияларын жана киберчабуулдарды иликтөө бөлүгүндө укук коргоо органдары менен коммерциялык банктардын ортосунда ыкчам маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү платформаны түзүү

 

§ 2. Төлөм системасын өнүктүрүүдө күтүлүүчү натыйжалар 

Калкка наркы боюнча жеткиликтүү жана ошол эле учурда сапаттуу төлөм кызматтарын/санариптик төлөм кызматтарын сунуштоо, төлөм инфраструктурасын, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында кеңейтүү жана калкка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында, Улуттук банк Кыргыз Республикасында чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногун укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында каралган банк секторун өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууга багытталган ишти улантат. 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарынын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун алкагында, мамлекет экономиканын бардык тармактарын, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарды жана бизнес субъекттерин накталай эмес төлөмдөргө которууга көмөктөшүү, ошондой эле төлөм рыногун санариптештирүү аркылуу натыйжалуу акча жүгүртүүнү уюштурууга жана финансылык агымдардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга кызыкдар. 

Калк жана бизнес үчүн биринчи кезекте ыңгайлуу, тез, коопсуз төлөм каражаттары жана кызматтар көрсөтүлөт. Ошол эле учурда 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттардын чараларын ишке ашырууда коммерциялык банктарга инновациялык жана санариптик төлөм технологияларын колдонуу менен көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарынын түрлөрүн жакшыртууга, өлкөнүн бардык аймактарында чекене банктык тейлөө агенттеринин тармагын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы кардарларды тартуу аркылуу банк системасынын депозиттик базасын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берилет. 

Болжолдуу көрсөткүчтөр 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарындагы накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча тапшырманы аткарууга багытталган иш-чаралардын алкагында төлөм системасы боюнча төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишүү пландаштырылган: 

 

3-таблица. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

1Эмгекке жарамдуу курактагы жана эмгекке жарамдуу курактан улуу калктын саны эске алынган.  

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 

өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган 

негизги багыттарынын 1-тиркемеси 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган негизги багыттарын  

жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планы 

 

№ 

Иш-чаранын аталышы 

Аткаруу индикаторлору 

Аткаруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

Өнөктөштөр 

Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү көбөйтүү 

1.  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча чаралар 

1.1. Сунуштарды чогултуу жана иштеп чыгуу, суроо-талаптарга жооп берүү, консультация берүү, жолугушууларды уюштуруу, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топторго/кеңештерге ж.б. катышуу. 

2023-2027-жж. туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары, министрликтер жана ведомстволор, коммерциялык банктар, турак жай-коммуналдык чарба кызматтары 

 

1.2. Калктын накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүсү үчүн өлкөнүн алыскы аймактарында инфраструктураны өнүктүрүүдө төлөм системасынын катышуучуларына көмөк көрсөтүү

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары 

 

1.3. Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик төлөмдөрдү жана инновациялык төлөм инструменттерин өнүктүрүүгө көмөктөшүү

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы,  

эл аралык донорлор ишке тартылышы мүмкүн  

 

1.4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү жагындагы токтомдорун ишке ашыруу. 

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Мамлекеттик салык кызматы жана башка кызыкдар министрликтер жана ведомстволор 

2. 

Кыргыз Республикасынын аймагында QR-код колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар 

2.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) “Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларында QR-коддорунун колдонулушун кеңейтүү жана камтуу үчүн сандык көрсөткүчтөр боюнча критерийлерди аныктоо жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү

2023-ж. 

Улуттук банк  

Төлөм системаларынын катышуучулары  

2.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу үчүн соода-тейлөө ишканаларында QR-код колдонууну кеңейтүү жана камсыздалышы боюнча токтомун ишке ашыруу 

2023-2024-жж. андан кийин туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Төлөм системаларынын катышуучулары 

3. 

Төлөм системаларынын компоненттерин, финансылык жана чекене рынокторду өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жеке секторлор менен өз ара иш алып баруу 

3.1. Инновациялык жана санарип төлөм технологияларын (төлөм карталары, интернет-банкинг, мобилдик банкинг, электрондук акча, QR-коддору ж.б.) пайдалануу менен коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү которууга көмөктөшүү

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын катышуучулары 

3.2. Накталай эмес формада кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүгө көмөктөшүү (медициналык картаны, студенттик картаны, окуучулук картаны, транспорттук картаны ж.б. киргизүү, накталай эмес формада медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү андан ары кабыл алуу максатында медициналык мекемелердин ички кассаларын жабуу). 

2024-жылга чейин, андан кийин туруктуу негизде  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын катышуучулары 

3.3. Ишкердик субъекттерин төлөм инструменттеринин ар кандай формаларын, анын ичинде төлөм карталарын, электрондук акчаларды, мобилдик төлөмдөрдү колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөргө которуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле инновациялык кызматтарды жана санариптик төлөм технологияларын колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн мындай кызматтарды өлкөнүн алыскы аймактарында жайылтуу менен инфраструктураны өнүктүрүү үчүн төлөм системаларынын катышуучулары менен өз ара аракеттенүү.  

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Төлөм системаларынын катышуучулары, бизнес коомчулугу, 

министрликтер жана ведомстволор 

4. 

Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык төлөм системаларынын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын иштешин камсыз кылуу 

4.1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген акча которуу системаларынын операторлорун жана эл аралык төлөм системаларын каттоо. 

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

4.2. Төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын лицензиялоо, жөнгө салуу, көзөмөлдөө

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

4.3. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонуу (төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын лицензияларын кайтарып алуу/токтотуу). 

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

5. 

Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдери катары виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүүчү, Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн юридикалык жактардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө 

5.1. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөр катары виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүү боюнча Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн субъекттердин ишиндеги тобокелдиктерди баалоо боюнча иш-чараларга катышуу. 

2023-2024-жж  

Улуттук банк 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

5.2. Виртуалдык активдер боюнча кызматтарды көрсөтүүчүлөр катары виртуалдык активдер менен байланышкан кызматтарды көрсөтүүчү Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн субъекттерге жүргүзүлүүчү инспектордук текшерүүлөргө катышуу. 

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

 

6. 

Төлөм кызматтары, санариптик төлөм кызматтары жана инновациялык технологиялар боюнча финансылык сабаттуулукту жогорулатуу 

6.1. Төлөм системасынын маселелери боюнча калкка жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоо (жарыялоолор, төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча маектер). 

2023-2027-жж. 

(кеминде алты айда бир жолу) 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар  

6.2. Төлөм системасын өнүктүрүүнүн максаттарын жана милдеттерин түшүндүрүү боюнча министрликтер, ведомстволор жана башка уюмдар үчүн семинарларды, презентацияларды, тегерек столдорду уюштуруу. 

2023-2027-жж.  

(жыл сайын) 

Улуттук банк 

 

6.3. Улуттук банктын расмий сайтында төлөм кызматтары, санариптик төлөм кызматтары жана инновациялык технологиялар, төлөм системаларынын өнүгүү тенденциялары жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу ж.б. 

2023-2027-жж.  

(чейрек сайын) 

Улуттук банк 

 

6.4. Жаңы төлөм инструменттери, санарип төлөм кызматтары, инновациялык технологиялар боюнча эскертмелерди, буклеттерди иштеп чыгуу ж.б. 

Зарылчылыгына жараша 

Улуттук банк 

 

6.5. Банктык төлөм кызматтарынын тарифтери боюнча баяндаманы даярдоо жана жарыялоо. 

2023-2027 гг.  

(чейрек сайын) 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм уюмдары/төлөм системаларынын операторлору 

«Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүү 

7. 

«Элкарт» улуттук төлөм системасын өнүктүрүү 

7.1. «Элкарт» карталарын пайдалануу менен төлөм кызматтарынын спектрин кеңейтүү, QR-код аркылуу төлөөнү колдонуу менен социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча «БПБ» ЖАК тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларга көмөк көрсөтүү

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, төлөм системаларынын катышуучулары 

7.2. Улуттук төлөм системаларынын катышуучуларына көмөк көрсөтүү, анын ичинде «Элкарт» банктык төлөм карталарын колдонуу жана QR-код аркылуу төлөө, накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу инфраструктурасын кеңейтүү маселелери боюнча коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК, бизнес коомчулугу менен өз ара иш алып баруу. 

2023-2027-жж. туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, төлөм системаларынын катышуучулары, бизнес коомчулугу 

7.3. QR-код колдонуп төлөм кызматтарынын спектрин кеңейтүү боюнча боюнча өз ара аракеттерүү оператору катары «БПБ» ЖАК тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларга көмөк көрсөтүү 

2023-2027-жж.  

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, төлөм системаларынын катышуучулары 

 

7.4. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга көмөктөшүү 

2023-2027-жж.  

туруктуу негизде  

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

 

7.5. «БПБ» ЖАКтын базасында чакан чекене жана үзгүлтүксүз төлөмдөрдү иштетүү боюнча тейлөө борборун түзүүгө көмөктөшүү

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

8. 

Улуттук төлөм системасын башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү 

Улуттук төлөм системасын башка өлкөлөрдүн төлөм системалары менен интеграциялоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, көрсөтүлүүчү төлөм кызматтарынын спектрин кеңейтүү

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

9. 

Санариптик финансылык инфраструктураларды өнүктүрүүнү координациялоо боюнча жумушчу топко катышуу. 

Төмөнкү багыттар боюнча эксперттик топтордун иштеши: 

1) финансылык билдирүүлөрдүн форматтары боюнча эл аралык стандарттарды киргизүү (ISO 20022 стандарты, АРI стандарты); 

2) финансылык технологияларды өнүктүрүү ж.б. 

2023-2025-жж.  

Улуттук банк 

 

Банктык инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу үчүн мониторинг жүргүзүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү  

10. 

Кыргыз Республикасынын региондорунда финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу 

10.1 Төлөм системаларынын катышуучулары, коммерциялык банктар, бизнес коомчулугу, министрликтер жана ведомстволор менен Кыргыз Республикасынын аймагында жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу маселелери боюнча өз ара иш алып баруу (каттар, консультация берүү, суроо-талаптарга жооптор, жумушчу жолугушуулар ж.б.у.с.). 

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, бизнес коомчулугу, 

министрликтер менен ведомстволор 

10.2. Мамлекеттик органдар жана ишкердик субъекттер менен накталай эмес төлөмдөрдү жана санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүү

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, бизнес коомчулугу, 

министрликтер менен ведомстволор 

11. 

«Санарип сом» долбоорун ишке ашыруу 

11.1. Кыргыз Республикасынын аймагында санарип сомду киргизүү маселеси бөлүгүндө «Санарип сом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Долбоордук топтун иш-чараларын өткөрүү

2023-ж. ичинде 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, «БПБ» ЖАК, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, банк эмес финансы-кредит уюмдары 

11.2. Улуттук валютанын (санарип сом) санариптик формасы үчүн платформаны иштеп чыгуу. Санарип сомду колдонууну текшерүү

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

Министрликтер жана ведомстволор, коммерциялык банктар, төлөм системасынын катышуучулары, ассоциациялар, бизнес коомчулугу 

11.3. Санарип сомдун колдонулушун апробациялоо. 

2025-2026-жж. 

Улуттук банк  

Коммерциялык банктар 

12. 

Ачык API колдонуу (ачык программалык интерфейстер) 

12.1. Open API концепциясын иштеп чыгуу. 

2023-ж.  

Улуттук банк  

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын катышуучулары, ассоциациялар жана союздар 

12.2. Open API улуттук стандартын иштеп чыгуу. 

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системасынын катышуучулары, ассоциациялар жана союздар 

12.3. Open API колдонуу аркылуу төлөм системасынын катышуучуларынын маалымат системаларынын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу. 

2025-2026-жж. 

Улуттук банк, Коммерциялык банктар 

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

13. 

Тез төлөм системасын ишке киргизүү 

13.1. Кыргыз Республикасында Тез төлөм системасын киргизүү боюнча иш-чараларды өткөрүү

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

13.2. Тез төлөм системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү

2024-2025-жж. 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, коммерциялык банктар 

14. 

Субъекттердин атайын жөнгө салуу режимдерине катышуусу аркылуу санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүүгө дем берүү 

14.1. Атайын жөнгө салуу режимдеринде инновациялык төлөм операциялары/кызмат көрсөтүүлөрү боюнча пилоттук долбоорлорду тестирлөө үчүн келип түшкөн арыздарды кароо. 

14.2. Лицензиялоо, жөнгө салуу жана көзөмөлдөө

14.3. Атайын жөнгө салуу режимдерин сыноонун жыйынтыгын чыгаруу. 

Келип күшүүсүнө жараша 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары жана башкалар 

15. 

Маркетплейс финансылык платформаларын өнүктүрүү 

15.1. Финансылык платформа (маркетплейс) кызматтарын көрсөтүү үчүн келип түшкөн арыздарды талдоо. 

15.2. Финансылык платформалардын (маркетплейс) реестрин жүргүзүү

Келип түшүүсүнө жараша 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, БФКУ, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

16. 

Финансылык технологияларды колдонуу боюнча изилдөө, талдоо жана сунуштарды иштеп чыгуу 

Изилдөө, талдоо жана RegTech колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. 

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, БФКУ, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

17. 

Мобилдик тиркемелердин алда канча өркүндөтүлгөн формаларын өнүктүрүү жана ишке киргизүү 

Колдонуучуларга продуктуларга, кызматтарга жана финансылык кызматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган мобилдик тиркемелердин алда канча өркүндөтүлгөн формаларын өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларга көмөктөшүү

2023-2027-жж.  

туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

18. 

Жаңы финансылык инструменттерди киргизүүдө тобокелдиктерди баалоо боюнча чаралар 

Жаңы финансылык инструменттерди рынокко киргизүүдө тобокелдиктерге баа берүү. Ченемдик укуктук базага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштарды даярдоо. 

2023-2027-жж. туруктуу негизде.  

Улуттук банк 

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы макулдашуу боюнча 

19. 

Төлөм системасын өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен кызматташуу 

19.1. Кыргыз Республикасында санариптик төлөм технологияларын жана продукттарын өнүктүрүү жана ишке киргизүү боюнча эл аралык финансылык донорлор/эл аралык уюмдар (IFC, ДБ, ЭВФ ж.б.) менен өз ара аракеттенүү

19.2. Улуттук банктын кызматкерлерин төлөм системасын өнүктүрүү, ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, санариптик төлөм технологияларын өнүктүрүү жана ишке киргизүү боюнча техникалык жардамдын алкагында окутуу. 

19.3. ЕАЭБ өнөктөш өлкөлөрдөгү жана өнүккөн өлкөлөрдөгү төлөм системасын өнүктүрүү боюнча баяндама даярдоо (баяндаманы Улуттук банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн кароосуна сунуштоо)  

2023-2027-жж. 

 

 

 

 

 

 

 

2023-2027-жж. 

жарым жылдык негизде  

Улуттук банк 

Улуттук банк 

Көзөмөлдөө (оверсайт) потенциалын жана катализатордун ролун бекемдөө жана өркүндөтүү  

20. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талаптарына ылайык төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт). 

20.1. Төлөм системаларынын иштешине мониторинг (маанилүүлүк даражасына жараша) жүргүзүү

2023-2027-жж. 

(Улуттук банктын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөткө ылайык)  

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

20.2. Төлөм системасынын эл аралык стандарттарга ылайык иштешин баалоо (эң маанилүү төлөм системаларынын ишин баалоо боюнча аналитикалык отчет). 

2023-2027-жж. 

(Улуттук банктын төлөм системасын көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөткө ылайык) 

Улуттук банк 

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

20.3 Төлөм системаларынын иштешин баалоонун жыйынтыгы боюнча системаларды өркүндөтүүгө мониторинг жүргүзүү

Туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, «БПБ» ЖАК, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

21.  

Төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана рынокто ыңгайлуу төлөм кызматтарынын пайда болушуна көмөк көрсөтүү 

21.1 «БПБ» ЖАК директорлор кеңешинин жыйналыштарына жана акционерлеринин жалпы чогулуштарына катышуу. 

21.2 «Төлөм шлюзу» долбоорун өркүндөтүү жана илгерилетүү

Туруктуу негизде.  

2023-2027-жж. 

Улуттук банк, «БПБ» ЖАК 

Коммерциялык банктар 

22. 

Кыргыз Республикасында төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыз кылуу 

22.1 Төлөм системаларынын системалар аралык өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу. 

22.2 Төлөм системалары чөйрөсүндө жаңы стандарттарды жана кызматтарды киргизүүгө көмөктөшүү

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

23. 

Башка ыйгарым укуктуу органдар менен төлөм системаларына көзөмөлдөө (оверсайт) жагында кызматташууну бекемдөө.  

Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү органдары менен маалымат алмашуу, биргелешкен чараларды кабыл алуу жана төлөмдөр жана эсептешүү рыногунун катышуучуларын жөнгө салуу ыкмаларын шайкеш келтирүү боюнча өз ара аракеттенүү

Туруктуу негизде  

Улуттук банк 

Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө (оверсайт) органдары 

Төлөм системасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны мындан ары өркүндөтүү  

24. 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорун (мындан ары Мыйзам долбоору) иштеп чыгуу 

24.1. Мыйзам долбоорун рыноктун катышуучулары жана кызыкдар органдар менен бирге иштеп чыгуу жана жактыруу, талкуулоо жана макулдашуу алкагында тегерек столдорду өткөрүү, коомдук талкууларды өткөрүү, Улуттук банктын токтому менен жактыруу, Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Мыйзам долбоорун макулдашуу жана андан ары илгерилетүү жана кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүү

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

Министерстрликтер жана ведомстволор, Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

24.2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун илгерилетүү

2024-2025-жж. 

Улуттук банк 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеш, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси 

25. 

Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бекитилгенден кийин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү, макулдашуу жана бекитүү

2025-2026-жж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, «БПБ» ЖАК 

26. 

Төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, анын ичинде накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн мындан ары көбөйтүү максатында өркүндөтүү 

26.1. Төлөм системалары жагынан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык келтирүү

2023-ж. 

Улуттук банк 

Төлөм системасынын катышуучулары, «БПБ» ЖАК, Эл аралык төлөм системалары 

26.2. Калктын төлөм кызматтарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана жаңы финансылык жана технологиялык продуктыларды киргизүү максатында ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, анын ичинде санариптик финансылык технологияларды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү аркылуу өркүндөтүү 

2023-2027-жж.  

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Төлөм системаларынын катышуучулары, министрликтер жана ведомстволор жана башка кызыкдар адамдар  

26.3. Эл аралык стандарттардын, мыкты эл аралык тажрыйбалардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык төлөм системаларын көзөмөлдөө (оверсайт) боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү 

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

26.4. Төлөм системасына, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө тиешелүү ченемдик укуктук актыларга тиешелүү маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөр, ошондой эле тышкы уюмдар, министрликтер жана ведомстволор менен өз ара иш алып баруу. 

2023-2027-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

Министрликтер жана ведомстволор, төлөм системаларынын катышуучулары жана башка кызыкдар адамдар 

26.5. Ички төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча чаралар. 

2023-2025-жж. 

туруктуу негизде 

Улуттук банк 

«БПБ» ЖАК, эл аралык төлөм системалары, төлөм системаларынын катышуучулары 

Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында маалымат коопсуздугунун сакталышына жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга карата чара көрүлүшүнө мониторинг жүргүзүү борборун түзүүнүн алкагында Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чараларга катышуу 

27. 

Кыргыз Республикасынын банк чөйрөсүндө жана төлөм системасында маалымат коопсуздугунун сакталышына жана орун алышы ыктымал болгон иш үзгүлтүгүнө жана кибер коркунучтарга карата чара көрүлүшүнө мониторингдин алкагында иш-чаралар  

27.1. MISP Malware information sharing platform зыяндуу программалар жөнүндө маалымат алмашуучу бирдиктүү платформасын ишке киргизүү

2023-2024-жж. 

Улуттук банк 

Коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын төлөм системалары 

27.2. CERT Computer emergency response team маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык тармактык борборунда мындан ары аккредитациялоо үчүн маалымат даярдоо. 

2023-2027-жж. 

Улуттук банк 

Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эл аралык тармактык борборлор 

 

 

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети  

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы  

Мамлекеттик салык кызматы 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Жогорку Кеңеш  

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 

«БПБ» ЖАК 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому  

Ички иштер министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

Финансы министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги 

Экономика жана коммерция министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 

Министрлер Кабинети 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 

Турак-жай-коммуналдык чарба 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги  

Төлөм системасынын катышуучулары 

Түзүлгөн келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында калайык-калкка төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган финансы-кредит уюмдары, адистештирилген финансы-кредит мекемелери, төлөм системаларынын операторлору менен төлөм уюмдары жана алардын агенттери 

Төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары 

«KG төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмеси;  

«Кыргыз Республикасынын байланыш операторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Жеткирүүчүлөр (өндүрүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

«Кыргызстандын рынокторунун, соода ишканаларынын жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн» ассоциациясы; 

«Аудиторлор ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси; 

Мобилдик байланыш операторлору: «Скай Мобайл» ЖЧК, «Альфа Телеком» ЖАК, «Нур Телеком» ЖЧК 

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 

өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга каралган 

негизги багыттарынын 2-тиркемеси  

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын функционалдык түзүмү