Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 23-июнундагы № 27/1 токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамынын 19 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү 6,00 пайыз түзсүн.
2. Токтом 2014-жылдын 24-июнунан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү боюнча маалыматты Улуттук банктын расмий веб-сайтына бир жумуш күнү ичинде жайгаштырсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж. Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага Т. Абдыгулов