Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 15-июнундагы  

25/7 токтому 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук цифралык  

кол тамганы колдонуу тартиби жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат

 

1. «Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук цифралык кол тамганы колдонуу тартиби жөнүндө» нускоо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 6-ноябрындагы № 66/10 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасында электрондук цифралык кол тамганы колдонуу тартиби жөнүндө» нускоо тууралуу» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

3. Юридика башкармалыгы

токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын

расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

5. Документ менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү тааныштырсын

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын

7. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Дж. Орозбаевага ыйгарылсын.  

 

 

Төрага Т. Абдыгулов 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы №25/7 токтомуна карата 

тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында 

электрондук цифралык кол тамганы колдонуу тартиби жөнүндө  

НУСКОО 

 

1-глава. Жалпы жоболор  

 

1. Бул нускоодо Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучулары үчүн электрондук цифралык кол тамганы түзүү, каттоо, пайдалануу жана сактоо тартиби белгиленген.  

2. Электрондук цифралык кол тамга, анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат.  

3. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.  

 

2-глава. Терминдер жана аныктамалар  

 

4.  Ушул нускоодо колдонулган терминдер жана аныктамалар «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук цифралык кол тамга жөнүндө» мыйзамдарында, Улуттук банк Башкармасынын 1998-жылдын 28-апрелиндеги №7/5 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде коопсуздукту камсыз кылуу концепциясында жана Улуттук банк Башкармасынын 1999-жылдын 24-июнундагы №47/4 токтому менен бекитилген «Банктар аралык электрондук төлөм документтер жөнүндө» жободо келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

5. Мындан тышкары бул нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулган: 

Негизги маалымат камтуучу бул, электрондук цифралык кол тамга ээсинин жабык ачкычын жана сертификатын коопсуз сактоо үчүн каралган каражат. 

ПИН-код негизги маалымат камтуучунун ээсинин өздүк купуя коду, паролдун аналогу. 

 

3-глава. Каттоодон өткөртүү тартиби 

 

6. Улуттук банктын Электрондук цифралык кол тамга системасынын администраторунун ролу (мындан ары Администратор) Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын Маалыматты коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине ыйгарылат. 

7. Төлөм системасынын ар бир катышуучусу Банктар аралык электрондук төлөм документтери менен алмашуу жөнүндө макулдашууга кол коет.  

8. Төлөм системасынын ар бир катышуучусу жетекчинин буйругу менен төлөм системасынын катышуучусунун атынан электрондук төлөм документтерине кол коюу укугуна ээ эки жооптуу адамды дайындайт.  

9. Төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк) уюмдун жетекчисинин төлөм системасынын катышуучусунун кол тамгасы коюлган кат сунуштайт, ага ылайык Улуттук банкта аталган жооптуу адамдарды каттоо жол-жобосу жүргүзүлөт. 

10. Администратор жооптуу адамдын аты-жөнүн жана анын ыйгарым укуктарын Улуттук банктын тастыктоо борборунда каттоодон өткөртүп, аны негизги маалымат камтуучунун эс-тутумуна жаздырат. Катышуучунун каты Улуттук банктын Администраторунда калат жана ал көктөмөгө тиркелет.    

11. Тастыктоо борбору тарабынан топтоштурулган жабык жана ачык ачкычтар төлөм системасынын катышуучусунун ар бир жооптуу адамы үчүн кайталангыс болуп саналат. Жабык ачкыч түздөн-түз негизги маалымат камтуучунун эс-тутумуна жазылат. Жабык ачкычты топтоштуруу жана жазып алуу жол-жобосу анын сырттан окулушуна жана ачыкка чыгып кетишине жол бербейт.  

12. ПИН-код төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамы тарабынан гана тандалып алынат, каттоодон өткөртүлөт жана колдонулат. Бул адам өз ПИН-кодунун купуялуулугунун камсыз кылынышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. 

13. ПИН-кодду окуу үчүн жеткиликтүү болгон кандай болбосун маалымат камтуучудан жаздырып алууга жол берилбейт. 

14. Каттоо жол-жобосунан өткөн негизги маалымат камтуучу күбөлөндүрүлгөн сертификат менен бирге Улуттук банктын Администратору тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамына өткөрүп берилет.  

15. Улуттук банктын Администратору төлөм системасынын бардык катышуучулары үчүн ачык ачкычтардын жеткиликтүүлүгүн жана бүтүндүгүн камсыз кылат

16. Төлөм системасынын катышуучусунун ачык ачкычынын аныктыгы Улуттук банктын тастыктоо борборунун электрондук цифралык кол тамгасы тарабынан кол коюлган тиешелүү электрондук сертификат менен күбөлөндүрүлөт.  

 

4-глава. Электрондук цифралык кол тамганы түзүү  

жана аны пайдалануу тартиби  

 

17. Электрондук төлөм документтери Улуттук банк тарабынан белгиленген форматтарга ылайык таризделет. Электрондук төлөм документтеринин файлында бир же бир нече электрондук төлөм документтери камтылышы мүмкүн.  

18. Ар бир электрондук төлөм документине, документтер топтомуна же файлга төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамынын электрондук цифралык кол тамгасы коюлат, ал ошол файлда/топтомдо каралган бардык төлөмдөрдү же билдирмелерди тастыктайт.  

19. Электрондук цифралык кол тамга, белгиленген тартипте каттоодон өткөн негизги маалымат камтуучу болгон шартта жана ошол негизги маалымат камтуучуну пайдаланууга ыйгарым укуктарын тастыктаган ПИН-кодду туура киргизген шартта түзүлөт.  

20. ПИН-кодду үч жолу туура эмес тергенден кийин негизги маалымат камтуучу автоматтык түрдө блокировкаланат. Бул учурда төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамы дароо Улуттук банктын Администраторуна кайрылууга тийиш. 

21. Эгерде негизги маалымат камтуучу «кара» (жоголуп кеткен же бузулган) тизмеге киргизилсе, колдонуу мөөнөтү аяктаса же кол тамга ачкычынын сертификаты кайтарылып алынса, ошондой эле система же жабдуу бузулуп калган учурда электрондук цифралык кол тамганы түзүү мүмкүн эмес.   

22. Негизги маалымат камтуучу жоголуп кеткен учурда төлөм системасынын катышуучусу бул тууралуу дароо Улуттук банктын Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгынын Маалыматтарды коргоо бөлүмүнө жазуу түрүндө билдирүүгө милдеттүү

23. Улуттук банктын администратору төлөм системасында жоголуп кеткен же бузулууга дуушар болгон негизги маалымат камтуучудан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жана ыйгарым укугун дароо четке кагат. Төлөм системасынын катышуучусуна ушул нускоонун 3-главасында белгиленген тартипке ылайык жаңы негизги маалымат камтуучу берилет.  

24.  Нускоонун 21-пунктунда белгиленген учурларда, катышуучунун чыгыш төлөмдөрү катышуучунун тиешелүү персоналынын негизги маалымат камтуучусунун жардамы менен же болбосо блокировканы жокко чыгарууга же жаңы негизги маалымат камтуучуну бергенге чейин кагаз жүзүндөгү төлөм документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат.  

25. Электрондук цифралык кол тамганын аныктыгы тиешелүү ачык кол тамга ачкычынын жардамы менен текшерилет. 

 

5-глава. Негизги маалымат камтуучуну сактоо тартиби  

 

26. Электрондук цифралык кол тамганы түзүү жана текшерүү үчүн аппараттык жана программалык камсыздоо каралган персоналдык компьютер кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген жайда жайгаштырылууга тийиш. 

27. Электрондук цифралык кол тамганы түзүү жана текшерүү үчүн аппараттык жана программалык камсыздоо каралган персоналдык компьютерде операциялык системанын жана колдонулуучу программанын деңгээлинде жашырын сөз (пароль) коюлган коргоо же болбосо ушул компьютерде алардын кызматтык нускоолоруна ылайык иштөөгө ыйгарым укуктуу адамдарга гана кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган башка көп факторлор каралган аутентификациялоо системасы орнотулууга тийиш. 

28. Жабык ачкычы менен негизги маалымат камтуучу төлөм системасынын катышуучусунун жооптуу адамдарында мөөр жана башка купуя документтер менен бирге күйбөгөн шкафта (сейфте) сакталууга тийиш. 

29. Жабык ачкычы менен негизги маалымат камтуучуну бекитилбеген столдордо, ящиктерде сактоого жана ага укугу жок адамдарга сактоого берүүгө тыюу салынат. 

30. Негизги маалымат камтуучуну сактоо жана пайдалануу тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчилик жана контролдук төлөм системасынын катышуучусунун жетекчисине жүктөлөт.