Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 27-ноябрындагы
№ 2017-П-07/49-2-(ДКП)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2017-жылдын 28-ноябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында, токтом кабыл алынгандан кийинки жумуш күнү жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н. Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага К. Кулматов