Төрага |
|
Т. Абдыгулов |
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2019-жылдын 15-ноябрындагы
№ 2019-П-12/56-2-(БС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик трансформациялоонун 2020-2021-жылдарга каралган негизги багыттары |
Бишкек-2019 |
Кыскача мазмуну
Акыркы он жыл ичинде финансылык технологиялар менен иш алып барышкан компаниялар жаңы технологияларды колдонууга киргизүү менен финансылык ландшафтты өзгөртүшкөн, ал технологиялар керектөөчүлөрдүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, сарптоолорун азайтат, финансылык каражаттардын тескөөгө алынышын жакшыртуу менен транзакциялардын коопсуздугун жогорулатат. Көп учурда «финтех» деп аталуучу бул продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр финансылык чөйрөгө тартылбаган керектөөчүлөрдүн финансылык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, андан ары да кеңейтүүнү улантышууда. Ошондуктан заманбап шарттарда банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик формага трансформациялоо Кыргыз Республикасынын санарип экономикасынын калыптануу процессинин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналат. Финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик формага трансформациялоонун негизи болуп, кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн оптималдуу стратегиясы саналат, аны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу рынок катышуучуларынын өзгөчөлүгүн эске алууну талап кылат.
«Финтехтин» рынокто туруктуу өнүгүүсүнө жетишүү тиешелүү иш-аракеттер планын талап кылат, ал «финтех» чечимдеринин жайылтылышына көмөктөшүүчү колдоо чараларын сыяктуу эле, орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге, анын ичинде киберкоопсуздукка байланыштуу тобокелдиктерге жол бербөө үчүн жигердүү чараларды да бириктирип турат.
Бул документ Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик формага трансформациялоонун негизги багыттарын, анын төлөм компоненттерин аныктайт жана банк тутумунун күндөлүк абалын, технологиялык прогресстин негизги тенденцияларын жана Кыргыз Республикасында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн күтүлүп жаткан натыйжаларын чагылдырат.
Финансы-кредит уюмдарын жана төлөм уюмдарын көзөмөлдөөнүн алкагында алар мурдатан колдонулуп келген салттуу сыяктуу эле инновациялык каражаттарды да колдонуп сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдүн же продукттардын түрлөрүнө талдоо жүргүзүлөт. Ушундан улам, ушул документти иштеп чыгуу коммерциялык банктардын орто мөөнөткө каралган келечек пландарына негизделген.
Документтин максаты – технологиялардын ыкчам өнүгүүсүн сапаттуу жана жеткиликтүү банктык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кыйла кеңири чөйрөсүнө сунуштоо үчүн колдонуу, атаандаштыкка кыйла жөндөмдүү жана инновациялык финансы секторунун өнүгүшүнө өбөлгө түзүү жана финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу.
Ушул документтин алкагында төмөнкү маселелердин чечилишине өбөлгө түзгөн багыттар артыкчылыктуу болуп саналат:
- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана финансылык институттардын филиалдарына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү жок керектөөчүлөргө өз финансыларын контролдоо мүмкүнчүлүгүн сунуштоо;
- керектөөчүлөргө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн натыйжалуу, үнөмдүү жана коопсуз ыкмада төлөө мүмкүнчүлүгүн түзгөн, нак акчага альтернативаларды сунуштоо;
- өз бизнесин өнүктүрүү үчүн капитал издешкен, чакан ишканалар үчүн кредит алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү;
- алардын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жана региондорду кошо алганда, керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатуу менен мурдатан колдонулуп келген банктык кызмат көрсөтүүлөрдү трансформациялоо.
Банк тутумун өнүктүрүү саясатын аныктоочу орган катары Улуттук банк санариптик банктык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгилеген, алар рынок катышуучулары тарабынан өз ишин уюштурууда жана аны андан ары өнүктүрүүдө эске алынышы мүмкүн.
1-глава. Кыргыз Республикасынын банк тутумунун күндөлүк абалы
Учурда Кыргыз Республикасынын банк тутумунда мурдатан колдонулуп келген банктык кызмат көрсөтүүлөр (кредиттөө, аманаттарды кабыл алуу, кассалык тейлөө, валюталарды алмашуу, төлөмдөрдү кабыл алуу/өткөрүү ж.б) басымдуулук кылууда. Бул банктык кызмат көрсөтүүлөр банктар, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмдар (микрофинансылык компаниялар, микрокредиттик компаниялар, микроркедиттик агенттиктер), кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит уюмдары, алмашуу бюролору, төлөм уюмдары жана төлөм системасынын операторлору тарабынан сунушталат.
Кыргыз Республикасында калкка финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жайылтылышы негизинен кредиттердин жана аманаттарды камсыздандыруу көлөмү, ошондой эле банк бөлүмдөрүнүн саны боюнча бааланат.
Учурда коммерциялык банктардын өкүлчүлүктөрү (филиалдары) төмөнкүчө берилген:
Коммерциялык банктардын өкүлчүлүктөрүнүн топтолушу Бишкек (70) жана Ош областына (60) туура келет, бул өлкө региондорунун экономикалык жигердүүлүгүнүн чабал экендигин жана коммерциялык банктарга региондордо өкүлчүлүктөрүн ачуу жана аларга кам көрүү зарыл эместигин көрсөтүп турат.
Ошону менен бирге эле маалымат технологияларынын өнүгүшү өлкө региондоруна финансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу көйгөйүн чечиши мүмкүн. Алсак, аралыктан идентификациялоо аркылуу жарандар өз регионунан чыкпай туруп банктык эсептерди ачып, кредиттерди алып жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалана алышат.
Статистикалык маалыматка ылайык 2018-жыл ичинде банк тутумунун суммардык активдери 12,1% көбөйгөн жана жылдын акырына карата 222,0 млрд сомду түзгөн. Банктардын активдеринин негизги бөлүгүнүн үлүшү 2017-жылга салыштырганда 2,9 пайыздык пунктка көбөйгөн жана 57,6% түзгөн кредиттерге туура келген. Коммерциялык банктардын кардарларынын депозиттик базасынын жалпы көлөмү 2018-жылдын башталышынан бери 9,5% көбөйүү менен 133,1 млрд сомду түзгөн.
Финансы рыногунда жаңы технологиялардын жайылтылышы мурдатан колдонулуп келген кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла аз чыгым менен аралыктан сунуштоого өбөлгө түзгөн бизнес-үлгүлөрдүн пайда болушун шарттаган. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар кызмат көрсөтүүлөр боюнча агенттик тармактар жана башка каналдар менен (мисалы, төлөм терминалдары) биргеликте керектөөчүлөр үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылышкан, акыркы жылдардагы маанилүү инновациялардан болуп саналышат. Кардарлардын банктын кеңсесинде милдеттүү түрдө болушу шарттарында чакан катышуучулардын рынокко катышуусун чектөө менен кеңири филиал тармактарына ээ уюмдар атаандаштыкта артыкчылыкка ээ болушат. Мында кызмат көрсөтүүлөрдү касса аркылуу жайылтуу аралыкта түзүлгөн бөлүмдөрдүн ишин уюштуруу зарылчылыгынан жана анча чоң эмес комиссиялык төлөмдөрдөн, ошондой эле жөнгө салуу талаптарына шайкеш келүү зарылчылыгынан (техникалык жактан жабдылышы жана коопсуздук) улам анчалык пайдалуу эмес. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун электрондук каналдарынын мобилдүүлүгү алардын керектөөчүлөр үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга жана камтуу чөйрөсүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Учурда банк жана төлөм чөйрөсүнө жарандын жеке катышуусун талап кылбаган, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүчү технологияларга төмөнкүлөр кирет:
1) банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн аралыктан пайдалануу (интернет-банкинг, мобилдик банкинг);
2) банктык карттар жана интернет-эквайринг;
3) электрондук акча боюнча продукттардын толук спектри (алдын-ала төлөө карттары, электрондук капчыктар ж.б).
Ошондой болсо да, бул чараларга карабастан, нак акча каражаттарын жүгүртүү мурдагыдай эле жогорку деңгээлде калууда: нак акча каражаттарын чыгаруу банктык карттар боюнча транзакциялардын 90% түзөт. Учурда нак эмес эсептешүүлөр көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралар чекене соода ишканаларында милдеттүү түрдө нак эмес төлөөнү кабыл алуу талабын киргизүүгө багытталган.
Интернет-банкинг 2012-жылдан тартып өнүгө баштаган. Интернет-банкингди жайылтууга олуттуу сарптоолор жумшалгандыгына карабастан, калайык-калк тейлөөнүн бул түрү тууралуу билген эмес. 2017-жылдын акырына карата абал боюнча дээрлик ар бир банктын өздүк интернет-банкинги же мобилдик банкинги (банктык кызмат көрсөтүүлөрдүөн мобилдик тиркеме аркылуу интернет аркылуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү) болгон.
Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу заманбап экономиканы өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналгандыгына карабастан, Кыргыз Республикасында бул тармак анчалык өздөштүрүлгөн эмес.
Статистиканын негизинде финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун жаңы ыкмаларынын мүмкүнчүлүктөрү чоң экендиги тууралуу тыянак жасоого болот. Операциялардын чектүү топтомун ишке ашыруу укугуна ээ төлөм системаларынын операторлору мурдатан келаткан банк секторун колдошот – алардын системалары аркылуу чекене төлөмдөрдүн олуттуу көлөмү иштелип чыгат жана топтолот.
Карыз алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо, акча которууларды жүргүзүү жана керектөөчүлөр үчүн байкалбаган, бирок сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатып, наркын төмөндөткөн башка банктык продукттарды оптималдаштыруу жагында да жаңы технологиялар колдонууга киргизилүүдө.
Маалымат технологияларын колдонууга киргизүү заманбап банк рыногу үчүн зарылчылык болуп саналат. Банк жана төлөм секторлорунда атаандаштыктын жогору болушу рынок катышуучуларын өз ишин аралыктан жана өз алдынча тейлөө продукттары ж.б. аркылуу инновациялык финансылык продукттарды жайылтууга багыттоого мажбурлайт.
Алсак, банктар 2019-2021-жылдарга бизнес-планында 1,5 млрд сомго жакын суммада жылдык чыгашаларын санарип технологияларын төмөнкүлөр аркылуу өнүктүрүүгө пландаштырышкан:
- аралыктан банктык тейлөө (интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б) каналдарын модернизациялоо;
- банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу (кызмат көрсөтүүлөрдөн онлайн пайдалануу тиркемелери ж.б);
- маалыматтык коопсуздук системаларын (чабуулдарды аныктоо жана жол бербөө системалары, тармактык экрандар ж.б) колдонууга киргизүү жана жаңыртуу;
- ички автоматташтыруу системаларын жаңыртуу (автоматташтырылган банктык системалар, бэк-офисти автоматташтыруу ж.б.);
- инновациялык продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү ж.б жайылтуу.
Учурда коммерциялык банктар негизинен инновациялык продукттарды/кызмат көрсөтүүлөрдү ыңгайлаштыруу аркылуу улам өзгөрүп турган санарип экосистеманын учурдагы жана келечектеги бардык муктаждыктарына шайкеш келүүгө умтулушууда.
Банктардын бизнес-пландарына ылайык, система боюнча алардын кирешелүүлүгүнүн 2019-жыл ичинде жалпысынан 3,4 млрд сомго көбөйүүсү болжолдонууда, бул акча каражаттарын дүйнөлүк тренддерге ылайык жаңы технологияларды жайылтууга жумшоого өбөлгө түзөт.
Технологияларды өнүктүрүү менен катар эле калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселеси да маанилүү роль ойнойт, анткени калктын финансылык маалыматтуулугу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча жаңы системаларды жайылтуунун жана колдонуунун натыйжалуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет.
Көптөгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, өлкө калкынын олуттуу бөлүгү жеткиликтүү финансылык билимге, финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча салмактуу чечимдерди кабыл алуу үчүн бюджетти пландаштыруу көндүмдөрүнө ээ эмес, бул кардарларга өз финансылык милдеттенмелерин тейлөөсүндө кыйынчылыктарды жаратат. Санарип технологиялардын калкка кеңири жайылтылышында кардарларды онлайн тейлөөгө жана 24/7 call-борборлорго кошумча ресурс талап кылынат, мында 13 банкта иштеп турган call-борборлордун кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү жана калган банктарда да кардарлардын кайрылууларын иштеп чыгуу боюнча call-борборлорду ачуу зарыл болот.
Ушуга байланыштуу, 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун улуттук программасынын алкагында жүргүзүлүүчү иш-чаралар да санариптик трансформациялоону эске алуу менен кайра каралмакчы. Санариптик негизде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого өтүү аркылуу калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу деңгээлин жакшыртуу боюнча демилгени өлкө калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу гана колдоого болот.
2-глава. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү
санариптик трансформациялоону ишке ашыруу планы
Банктык индустрияны трансформациялоонун улам өрчүшү, жаңы технологияларды жана бизнес-моделдердин өнүгүшү, атаандаштыктын жана кардарлар тарабынан талаптын күчөшү продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу боюнча жаңы ыкмаларды, ошондой эле туруктуу өнүгүүнүн жаңы стратегияларын ишке ашырууну талап кылат. Буга ылайык, банк рыногунда иш эрежелери да өзгөрөт. Инновациялык технологиялар бизнес –моделдерди түп тамыры менен өзгөртүү үчүн жа ңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратышат, алардын негизин төмөнкүлөр түзөт:
- кызмат көрсөтүүлөрдү ыкчам, натыйжалуу жана так сунуштоого өбөлгө түзгөн технологиялар (аппараттык каражаттар, ыкмалар, программалар ж.б);
- алардын негизинде кызмат көрсөтүүлөр сунуштала турган маалыматтар;
- пайдалануу маданияты жана тажрыйба.
Пайдалануу маданиятын колдонуу же түзүү компонентин башкаруу татаал. Мында кардарлардын жаңы кызмат көрсөтүүлөргө карата алгылыктуу мамилесине жетишүү ыңгайлуу пайдалануу болжолдонгон өз ара иш алып баруунун башка түрүн жана форматын талап кылат.
2.1. Санариптик трансформациялоону ишке ашыруу ыкмасы
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоо операциялык системаны кайра карап чыгуудан тартып, ишти санариптик негизде уюштурууга ыңгайлаштыруу үчүн уюштуруу түзүмүн өзгөртүүгө чейинки комплекстүү аракеттерди талап кылат. Банк секторунун кызмат көрсөтүүлөрүн санариптик формага өзгөртүп түзүү сектордун максималдуу иш натыйжасына жетишүү үчүн башка бизнес-стратегиялар менен макулдашылууга тийиш.
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик трансформациялоонун ийгиликтүү ишке ашырылышы көбүнчө кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук формада сунуштоо үчүн шарттардын түзүлүшүнөн көз каранды болот. Операциялардын ишке ашырылышын жеңилдеткен жана тездеткен жаңы технологияларды колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу операцияларды контролдоо ыкмасын колдонуу шарттары кайра каралууга тийиш.
Жалпысынан, банк сектору санариптик операциялык бизнес-моделдерди өнүктүрүүгө умтулуулары жана кийинчерээк кардарлардын көпчүлүгү ар кандай банктык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн санариптик технологиялардын негизинде аралыктан тейлөөгө артыкчылык беришери күтүлүүдө.
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү процессинде узак мөөнөттүү келечекте Улуттук банк төмөнкү принциптерге таянат, булар банк ишин уюштурууда эске алынууга тийиш:
I. банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү (баа жана географиялык жактан);
II. керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
III. сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн маалыматтык коопсуздугу;
IV. пайдалануучулардын өздүк маалыматтарын коргоо;
V. иш туруктуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
VI. кызмат көрсөтүүлөрдүн ачык-айкын сунушталышын камсыз кылуу;
VII. калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.
2.2. Санариптик инфраструктура түзүүнүн негизги багыттары
Экономиканы санариптик трансформациялоо демилгесин колдоо финансылык экосистеманы өнүктүрүү шарттарын түзүү боюнча чараларды улам бир этапта ишке ашырууну болжолдойт. Улуттук банк төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча шарттарды түзүүнү бөлүп көрсөтөт.
Кардарды талаптагыдай текшерүү.
Жаңы кардарларды тартуу жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү кардарды текшерүүнүн жаңы ыкмаларын жана «өз кардарыңды бил» саясатын аткарууну талап кылат. Жеке документтерин текшерүүсүз эле жарандардын ким экендигин аныктоого өбөлгө түзгөн ар кандай инструменттердин жана механизмдердин колдонулушун жөнгө салуу каралат.
Эл аралык тажрыйбанын негизинде ишенимдүү маалымат базалары аркылуу маалыматтарды верификациялоо менен кардарларды – Кыргыз Республикасынын жарандарын талаптагыдай текшерүүнүн жеңилдетилген чараларын колдонууга киргизүүгө болот. Кардарларды талаптагыдай текшерүүнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу сунушталат, анын ичинде:
- жарандар тууралуу мамлекеттик маалымат базалары, анткени булар жарандар тууралуу алгачкы маалымат булактары болуп саналат. Бул чөйрөдө жөнгө салуунун өнүгүшү менен ишенимдүү маалымат базаларынын тизмеси кеңейет. Белгиленген маалымат базалары аркылуу маалыматтарды верификациялоо процесси банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын өздүк маалыматтарын коргоо принциптеринин сакталышында кардар тарабынан киргизилген маалыматтардын дал келгендиги тууралуу тастыктоонун алынышы болжолдонууга тийиш;
- видео байланыш, адамды биометрикалык таануу каражаттарын колдонуу;
- индентификциялоонун айрым процесстерине агенттерди тартуу.
Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун ачык-айкындуулугун колдоо жана жеткиликтүүлүгүн арттыруу максатында кардарларды талаптагыдай текшерүү жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо процессинде агенттердин ишин жөнгө салуу болжолдонот.
Акчанын изин жашырууга каршы күрөшүү (FATF) боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу кардарды идентификациялоонун белгилүү бир механизмдерин көрсөтпөйт. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү талаптарына шайкеш келген санариптик идентификациялоо жана FATF катышуучуларынын өз ара баа берүү ыкмасын карап чыгуу жана иштеп чыгуу зарыл.
Иш-чаралар |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Кардарларды текшерүүнүн альтернативалуу механизмдерин колдонуу мүмкүнчүлүгүн иликтөө |
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштарды даярдоо жана жөнөтүү (кардардын анкетасы) |
2019- жылдын IV чейреги |
2020- жылдын III- чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Кардарды аралыктан талаптагыдай текшерүү (электрондук каналдар жана агент аркылуу) ыкмаларын иштеп чыгуу |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2019- жылдын IV чейреги |
2020- жылдын IV чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Кардарды аралыктан тейлөө системасын колдонууга киргизүү боюнча ички контролдоо системасын кайра карап чыгуу |
Идентификациялык маалыматтарды верификациялоонун ички системаларын колдонууга киргизүү |
2019-жылдын IV чейреги |
2021- жылдын IV чейреги |
Коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча |
Электрондук кол тамга жана санариптик документ.
Кагаз жүзүндө документ менен иш алып баруудан баш тартуу жана санариптик негизге өтүү – банк секторунун жакынкы келечегинин мүмкүнчүлүгү.
Кагаз жүзүндөгү документтерден баш тартууда төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
- электрондук кол тамганы колдонуу боюнча;
- документтерди банкта электрондук формада сактоо боюнча;
- жөнгө салуучу органдардын талабы боюнча электрондук документтерди сунуштоо боюнча;
- кардарлар тууралуу маалыматтарды топтоо жана текшерүү үчүн кагаз жүзүндөгү тастыктоонун ордуна онлайн каналдарды колдонуу боюнча (мисалы Салык органдарынан каттоодон өткөндүгүн мамлекеттик органдардын электрондук маалымат базасынан, түп нускасынын көчүрмөсүнүн ордуна патентинин же күбөлүгүнүн электрондук номерлеринен
ж.б тастыктоо).
Купуя маалыматтар олуттуу көлөмдө болгондуктан, маалыматтарды сактоо да маанилүү маселе болуп саналат. Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору маалымат коопсуздугу жана банктык сыр боюнча талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
Санариптик документтерди колдонууга өтүү процесси дегенден улам, колдонуудагы бизнес-моделдерди өркүндөтүүнү жана электрондук кол тамга аркылуу электрондук документтердин юридикалык жактан маанилүүлүгүн бекемдөөнү, ошондой эле алардын ар кандай түрлөрүн операциялардын кардарлар менен иштөөдө келип чыккан тобокелдигине жараша жөнгө салууну, банк рыногунун катышуучулары, анын ичинде Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада юридикалык маанилүү документтерди алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү түшүнүүгө болот.
Иш-чаралар |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Документтердин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана мыйзам алдындагы актыларынын кагаз жүзүндө жүгүртүлүшүнө жөнгө салуу талаптарынын аткарылышы көз карашында, анын ичинде электрондук формада сакталышына талдап-иликтөөлөр |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы тууралуу сунуштар менен аналитикалык кат |
2019- жылдын IV чейреги |
2020- жылдын II- чейреги |
Улуттук банк |
Кагаз жүзүндөгү документтерсиз негизги банк операцияларын жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү |
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020- жылдын I чейреги |
2021- жылдын II чейреги |
Улуттук банк |
Банк секторунун катышуучулары, ошондой эле мамлекеттик мекемелер ортосунда кагаз жүзүндөгү документтерсиз электрондук формада маалымат алмашуу тартибин макулдашуу |
Документтерди санариптик негизде алмашуунун жалпы форматтарын тандоо, корголгон байланыш каналдарын уюштуруу |
2020- жылдын I чейреги |
2021- жылдын II чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча), мамлекеттик мекемелер (макулдашуу боюнча) |
Маалымат алмашуу инструменттери.
Санариптик технологиялардын колдонулушу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү санариптик маалымат чөйрөсү жагында банктардын, мамлекеттик органдардын, ошондой эле учурдагы жана потенциалдуу кардарлардын өз ара иш алып баруу жолдорун өркүндөтөт. Ар кандай маалымат базасын жана системаны байланыштырган жеке адамдарды жана юридикалык жактарды ачык идентификациялоо үчүн бирдиктүү идентификаторлорду колдонуу сунушталууда.
Кардарга ачык идентификатордун колдонулушу калкка кызмат көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдар жана финансы-кредит уюмдары ортосунда кардар жөнүндө ар түрдүү маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Мындай идентификатор алардын түзүлгөн жеринде сакталган маалыматтардын ар башка булактары үчүн колдонулушу мүмкүн, анткени бул зарыл маалыматты ыкчам табууга мүмкүндүк берет.
Көрсөтүлгөн сунуштар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара байланышты кеңейтүү үчүн өбөлгө түзүүгө жана жаңы финансылык кызмат көрсөтүүлөр үчүн платформаны түзүү базасы болууга тийиш. Жеке адамдар үчүн персоналдык идентификациялык номерди (ПИН) колдонуу максатка ылайыктуу болуп саналат, анткени ал уникалдуу жана өзгөрүлбөйт, юридикалык жактар үчүн – салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номерин (мындан ары – ИСН) колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптардын, ошондой эле башка жөнгө салуучу талаптардын аткарылышын жеңилдетүү үчүн финансылык уюмдардын кардарлары жөнүндө маалымат алмашуу боюнча борборду түзүү мүмкүнчүлүгү изилденет. Бул борборду санкция белгиленген учурда кардар жөнүндө маалыматты ар башка маалымат базасынан (мамлекеттик жана коммерциялык) талап кылуу боюнча бирдиктүү коммуникатор катары колдонуу, ошондой эле кардардын санариптик профилин түзүү сунушталууда.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Кардардын идентификаторун колдонуу жагында ыкмаларды иштеп чыгуу (ПИН, ИСН) |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын II чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Кардарлар жөнүндө маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү борбордун базасында кардардын санариптик профилин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун изилдөө |
Аналитикалык маалым кат |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын III чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Санариптик платформалардын базасындагы инновациялык продукттар.
Каралган иш-чаралардын келечекте ишке ашырылышын эске алганда, банк рыногунда колдонуудагы банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн инновациялык формаларда же пайдалануу каналдарын өркүндөтүү эсебинен атаандашууга жөндөмдүү нарк боюнча сунуштоо ыкмалары жана мүмкүнчүлүгү пайда болууга тийиш. Банк сектору адаттагыдай кызмат көрсөтүүлөрдү трансформациялоо жолу, же болбосо тейлөө боюнча онлайн каналдарынын мүмкүнчүлүгүн эске алганда жаңы финансылык инструменттерди колдонууга киргизүү жолу аркылуу колдонуучулардын максималдуу кеңири базасы үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү абалында болууга тийиш.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аралыктан сунуштоо жагында өркүндөтүү |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2020-жылдын IV чейреги |
Улуттук банк |
Коммерциялык банктардын автоматташтырылган банктык системасын мамлекеттик органдардын маалымат базаларына туташтыруу |
Кардарларды Мамлекеттик каттоо кызматынын, Мамлекеттик салык кызматынын, Социалдык фонддун, Мамлекеттик бажы кызматынын (товарлар боюнча декларациялардын маалымат базасы) жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалымат базасы менен онлайн текшерүү мүмкүнчүлүгү |
2020-жылдын I чейреги |
2020-жылдын IV чейреги |
Коммерциялык банктар, мамлекеттик органдар (макулдашуу боюнча) |
Чекене инвестициялык продукттардын жайылтылышын колдоо үчүн технологияларды колдонуу |
Жаңы финансылык продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдонууга киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын I чейреги |
Коммерциялык банктар, эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) |
2.3. Санариптик инфраструктураны түзүү боюнча көмөкчү элементтер
Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн колдонуучуларынын финансылык сабаттуулугун жана кабардар болуусун жогорулатуу.
Санариптик трансформациялоо кардарлар менен иш алып баруу тажрыйбасын толук изилдөө жана учурдагы муктаждыктарды талдап-иликтөө сыяктуу эле, жаңыларды аныктоо эсебинен да камсыздалат. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү банктардын инновациялык өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болуп саналат, анткени алар өз муктаждыктарын билдирүү аркылуу заманбап банктык продукттарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптарын белгилейт. Кардарлар банктар менен өз ара иш алып баруу тажрыйбасын тиги же бул кызмат көрсөтүүнү канчалык оңой жана ыңгайлуу ала алгандыгына жараша баа берет, ошондуктан банк сектору кардарлар менен иш алып баруу тажрыйбасын ар дайым изилдеп, ишиндеги кемчиликтерди аныктап турууга тийиш, анткени жаңы кардарлар мындан дагы заманбап технологияларга муктаж болот.
Санариптик өнүгүү бизнес жүргүзүү маданияты боюнча фундаменталдык таасирге ээ, анын продуктыга багыттоо акцентинен кардарга багыттоо акцентине өтүшү, кардарлардын санын көбөйтүү жана алардын көптөгөн санын камтуу үчүн учурдагы маалымат технологияларындагы процесстердин «тест жүргүзүү жана изилдөөгө» өзгөрүүсүн түшүндүрөт.
Санариптик трансформациялоо өзгөчө топ-менеджерлердин (банк Башкармасы) башкаруу боюнча функционалдык өзгөрүүлөрүнө да өбөлгө түзөт, алар талаптагыдай трансформациялоо боюнча башкы менеджерлерден болуп, ыкмаларды иштеп чыгуу менен алектенип, банктардын санариптик стратегиясынын өнүгүүсүнө салым кошот. Мындай учурда банктын сарптоолору анчалык деле чоң эмес, ал эми лоялдуулукту жогорулатуу таасири олуттуу эле.
Банктардын финансы рыногу менен өз ара иш алып барган кардарлары финансылык продукттарга тиешелүү сарптоолорго жана пайданы аныктоо кыйынчылыгына дуушар болууда. Чекене инвестициялык продукттардын салыштырылышын жакшыртууда айрыкча, маалыматты ачыкка чыгаруу талабынан улам, олуттуу прогресс орун алган. Негизи бул продукттардын сапатын жакшыртууга тийиш эле, кардарлар мурдагыдай эле, каражаттарды салууда жана кыйла пайдалуу шарттарда каражат алууга ыңгайлуу инвестициялык продукттарды издөөдө олуттуу сарптоолорго дуушар болууда.
Атаандаштыкка өбөлгө түзүү максатында ачык-айкындуулуктун жогорулатылышы жана банк рыногунда кардарлар үчүн тандоо чөйрөсүнүн кеңейтилиши маалыматтан толук пайдалануу, аны салыштыруу жана андан оңой пайдалануу ишин камсыз кылган натыйжалуу технологияларга таянууга тийиш. Ушул максатта маалыматтар топтомунун функционалдык жактан шайкеш келишин камсыз кылуу жана тиешелүү алгоритмдерди иштеп чыгуу, ошондой эле жыйынтыктар түшүнүү үчүн ыңгайлуу жана жеңил ыкмада берилишин камсыз кылуу үчүн иштерди жүргүзүү зарыл. Ошондуктан Улуттук банк учурдагы жагдайды жана технологиялык санариптик интерфейстерге тиешелүү жагдайды изилдейт, алар керектөөчүлөргө Кыргызстандын финансы рыногунда ыңгайлуу жана экономикалык жактан натыйжалуу чекене инвестициялык продукттарды табууга өбөлгө түзөт.
Ачык-айкын инфраструктуранын түзүлүшү да ар башка системалар ортосунда техникалык өз ара иш алып барууну божомолдойт. Рынок катышуучуларынын кабардар болуу деңгээлин финансы-кредит уюмдарынын ачык маалыматтарын берүү максатында тышкы системалар менен өз ара иш алып баруу үчүн прикладдык программа түзүү (мындан ары – open API) боюнча ачык интерфейстерди колдонуу аркылуу жогорулатуу мүмкүн, бул жалпы платформаларда рыноктун ар башка катышуучуларынын маалыматтарын алууга, иштеп чыгууга жана топтоого өбөлгө түзөт.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Корпоративдик башкаруу боюнча талаптарды талдап-иликтөө |
Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2020-жылдын II чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча маалыматты ачыктоо жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу (open API колдонууга карата ыкмалар) |
Ачык маалыматтар үчүн жалпы стандарттардын негизинде open API боюнча сунуш-көрсөтмөлөр |
2020-жылдын I чейреги |
2020-жылдын II чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) төлөм системалары (макулдашуу боюнча) |
Интернет тармагында жеке маалыматтарды коргоо маселелери боюнча калкты маалымдоо |
Коммерциялык банктарды жеке маалыматтарды коргоо, киберкоопсуздук боюнча актуалдуу маселелер жана аны камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө калкты маалымдоо процессине тартуу |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын I чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Кибергигиена жана калктын санариптик сабаттуулугу |
Коммерциялык банктарды калктын санариптик сабаттуулук көндүмдөрүн жогорулатуу боюнча программасын жайылтуу процессине тартуу |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын I чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Маалымат коркунучтарынын ишке ашырылып калышы тобокелдигин тескөө (киберкоопсуздук).
Киберкоопсуздук электрондук формада жайгашкан/берилген маалыматтардын коргоого алынышында туюндурулат, жана өтө маанилүү маалыматтарды аныктоо жана аларды коргоо үчүн кайсы технологиялар колдонуулары зарыл.
Бүгүнкү күндө киберчабуул коркунучунун орун алышы ыктымалдыгын жокко чыгарууга болбойт, ал ар бир финансылык уюмга таасирин тийгизиши мүмкүн. Киберкылмыштуулук актыларынын көпчүлүк бөлүгү так банктарга туура келип, статистикадан тышкары калууда. Банктар, албетте, мындай маалыматтардын ачыкка чыгуусуна кызыкдар эмес, анткени мындай алгылыксыз маалыматтар кардарлардын банктарга карата ишенимин төмөндөтүп, капиталдын олуттуу агылып чыгышын шарттап, аброюна шек келтириши мүмкүн. Ошол эле учурда киберкылмыштуулуктун натыйжасында дүйнөлүк банктар жыл сайын ири суммадагы акчаны жоготууда.
Улуттук банк маалымат коопсуздугунун талаптарын эл аралык стандарттарга жана эң мыкты дүйнөлүк тажрыйбаларга ылайык келтирүүнү пландаштырууда. Маалымат коопсуздугунун инциденттерине чара көрүү борбору түзүлгөн. Анын негизинде банк рыногунун катышуучулары ортосунда жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кошо алганда, учурдагы жана потенциалдуу коркунучтар жөнүндө маалымат алмашуу иши жөнгө салынат, ошондой эле алардын алдын алуу чаралары көрүлөт.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Жаңы банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн маалымат коопсуздугу жагында ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү |
Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын II чейреги |
Улуттук банк |
Эл аралык стандарттарга ылайык коммерциялык банктардын киберкоопсуздук тобокелдиктеринин ички контролдук системасына карата талаптарды өркүндөтүү |
Улуттук банк тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар |
2020-жылдын II чейреги |
2021-жылдын IV чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Толук маалыматтарды топтоо жана талдап-иликтөө.
Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан форма багытындагы отчетту маалыматка негизденген регулятивдик отчетко өтүүнү болжолдогон долбоорду ишке ашыруу боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Отчеттун жаңы долбоорунда коммерциялык банктардын колдонуудагы отчетунда кайталоо, салыштыруу мүмкүн болбогон, маалыматтын жетишсиздиги, ошондой эле маалыматтардын өз убагында берилбегендиги сыяктуу кемчиликтер четтетилген. Мындан тышкары, жаңы отчеттун долбоорунда тобокелдикти аныктоого багытталган көзөмөлдүктү автоматташтыруу үчүн зарыл көрсөткүчтөр каралган, эл аралык статистикалык маалымдамалар колдонууга киргизилген, тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн маалыматтарына алгылыктуу мониторинг жана талдап-иликтөө жүргүзүү үчүн көрсөткүчтөр толук көрсөтүлгөн, коммерциялык банктар тарабынан отчетторду берүү мезгилдүүлүгү кыскартылган, мамлекеттик классификаторго ылайык маалымдамалар/классификаторлор өңчөйлөштүрүлгөн.
Бул долбоорду ишке ашыруу максатында банктардын уюштуруу түзүмүндө жана жаңы регулятивдик отчетту түзүү боюнча бизнес-процесстерде өзгөрүүлөр күтүлүүдө.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Коммерциялык банктардын регулятивдик отчетунун форматын карап чыгуу |
Улуттук банктын ченемдик актыларынын долбоорун иштеп чыгуу, регулятивдик отчеттун жаңы форматын сунуштоо |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын IV чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Отчеттун жаңы форматтарын колдонууга киргизүү |
Банктардын уюштуруу түзүмүнө жана жаңы регулятивдик отчетту түзүү боюнча бизнес-процесстерге өзгөрүүлөр |
2020-жылдын III чейреги |
2021-жылдын IV чейреги |
Коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Маалымат системаларынын үзгүлтүксүздүгү.
Иштин санариптик негизге өтүшү пайдалануучулардын ишенимине ээ болуу максатында банктардын системасынын ишенимдүүлүгүнүн жана үзгүлтүктөргө туруштук берүүсүнүн жогорулашын талап кылат. Улуттук банктын банктардын маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча резервдик борборлору жана банктардын 2019-2021-жылдарга каралган бизнес-пландарынын алкагында маалымат коопсуздугун өнүктүрүү боюнча мындан аркы пландары боюнча акыркы жүргүзгөн талдап-иликтөөсү көпчүлүк банктарда аталган борбор бар экендигин, ал эми айрымдарында жок экендигин, же болбосо колдонууга киргизүү баскычында тургандыгын көрсөткөн. Аталган борбор бар банктардын негизги пландарына иштеп жаткан борборлорду жана маалымат коопсуздугун модернизациялоо үчүн каржылоону багыттоо кирет, ал эми калган банктар мындай борборду жакын арада, же болбосо каржылоого тиешелүү маселелер чечилгенден кийин иштетүүнү пландаштырууда. Бул маселени чечүү максатында резервдик маалыматтарды берүү жана Улуттук банктын маалымат коопсуздугу боюнча талаптар аткарылган шартта банктардын сарптоолорун төмөндөтүү үчүн көмүскөдө сактоо технологияларынын колдонулушу каралат.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Биргелешкен борборду түзүү жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн талдап-иликтөө |
Биргелешкен борборду түзүү боюнча корутунду |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын I чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Электрондук акчанын эмитенти- коммерциялык банктар жана электрондук акча системасынын операторлору ортосунда эмитирленген электрондук акча боюнча маалыматтардын дал келбестиги боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү |
Коммерциялык банктар жана электрондук акча системасынын операторлору ортосунда операциялар боюнча маалыматтарды электрондук акча системасында айкын убакыт ыргагында (он-лайн) синхрондоштуруу |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын I чейреги |
Коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Көмүскөдө сактоо технологияларын колдонуу жагында ыкмаларды иштеп чыгуу |
Операциялардын айрым түрлөрү үчүн көмүскөдө сактоо технологияларын колдонууга карата тартипти жана талаптарды жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2021-жылдын III чейреги |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Жөнгө салуучу аянтча.
Санариптештирүүнүн жогоруда көрсөтүлгөн багыттары банк сектору үчүн салыштырмалуу жаңы болуп саналат, ошондуктан Улуттук банк алдында улам өзгөрүлүп турган шарттарга жөнгө салуу талаптарын натыйжалуу ыңгайлаштыруу милдети коюлган. Аталган банк тарабынан рыноктун кызыкдар катышуучулары үчүн банк секторунда жаңы технологияларды апробациялоо боюнча атайын жөнгө салуучу режимдерди (жөнгө салуучу аянтча) киргизүү демилгеленген. Бул режим катышуучулар тарабынан жаңы технологияларды колдонууга киргизүүсү максатка ылайыктуулугун апробациялоону жана баа берүүнү, ошондой эле потенциалдуу тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууну жана аларды Улуттук банкка макулдашууну божомолдойт.
Иш-чара |
Аткаруу индикаторлору |
Башталган күнү |
Аяктаган күнү |
Аткаруучулар |
Улуттук банкка атайын жөнгө салуучу режимдерди киргизүү функцияларын берүү үчүн шартарды түзүү |
Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү |
2020-жылдын I чейреги |
2020-жылдын IV чейреги |
Улуттук банк |
Инновациялык финансылык технологияларды, продуктыларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пилоттоштуруу механизмдерин – Улуттук банктын атайын жөнгө салуу режимин колдонууга киргизүү |
Ченемдик укуктук актыларды бекитүү. Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ченемдик укуктук базада финансылык инновацияларды жөнгө салуу үчүн негизсиз тоскоолдуктардын болушуна баа берүү үчүн эксперттердин тобун түзөт. |
Атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүгө өбөлгө түзгөн мыйзам кабыл алынгандан кийин |
Атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүгө өбөлгө түзгөн мыйзам кабыл алынгандан кийин |
Улуттук банк, коммерциялык банктар (макулдашуу боюнча) |
Атайын жөнгө салуу режимдеринде катышуу үчүн билдирмелерди кабыл алуу убактысынын башталышы |
Билдирмелерди кабыл алуу жөнүндө кулактандыруу |
Атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүгө өбөлгө түзгөн мыйзам кабыл алынгандан кийин |
Атайын жөнгө салуу режимдерин түзүүгө өбөлгө түзгөн мыйзам кабыл алынгандан кийин |
Улуттук банк |
Корутунду
Кардардын финансылык уюмга биринчи кайрылуусунан тартып процесстин катышуучулары ортосунда милдеттенмелерди толук жөнгө салганга чейин банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик түрдө сунуштоо процессинин ушул документте көрсөтүлгөн бирдиктүү жана канааттандыруучу принциптердин белгилениши сунушталган иш-чаралардын жыйынтыгы болуп саналат. Финансылык чөйрөдөн тышкары кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнү эсепке алуу, тиешелүү инстанцияларда жана органдарда кагаз түрүндө тастыктоого барабар болгон электрондук түрдө онлайн-тастыктоо сыяктуу эле, өзүнүн инсандыгын тастыктоо, коммерциялык мамилелерде милдеттенмелерди аткаруу жөндөмдүүлүгү, ыкчам каржылоо мүмкүнчүлүгүн алуу сыяктуу финансылык операцияларды жүргүзүүнү демилгелөө же аягына чыгаруу алгылыктуу жыйынтыктардан болуп саналат.