Түзүлгөн күнү: 2020-03-30
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2020-жылдын 30-мартындагы
№ 2020-П-07\18-1-(ДКП) токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
эсептик чен өлчөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Токтом 2020-жылдын 31-мартынан тартып күчүнө кирет.
3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.