Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2020-жылдын 28-сентябрындагы  

№ 2020-П-07/53-1-(ДКП) 

токтому  

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 24, 28 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Улуттук банктын эсептик чени жылдык 5,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2020-жылдын 29-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

3. Экономика башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматтын Улуттук банктын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күнү ичинде жарыяланышын камсыз кылсын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага Т. Абдыгулов