Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелерине жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген:
1. Жеке ишкер Исмаилов Одилжон Обиджоновичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 5-ноябрында №5063 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Баткен областы Кадамжай району, Үч-Коргон айылы, уч. Палман, Исфайрам көчөсү, номери жок;
2. МКК "Асыл финанс" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2012-жылдын 9-ноябрында эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №469 күбөлүк берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Манас пр., 30-2.
Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин күбөлүктөрү жокко чыгарылган:
1. МКК "Умтул Айым" ЖЧКсына 2011-жылдын 12-октябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө №401 күбөлүгү, уюштуруучунун 2012-жылдын 5-ноябрындагы финансылык кыйынчылыктарга байланыштуу коомду жоюу жөнүндө чечимине ылайык, 2012-жылдын 8-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Нарын областы, Нарын шаары, Назарматов көчөсү, 10;
2. МКА "Тикас" коомдук фондусуна 2007-жылдын 9-июлунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө № 138 күбөлүгү, уюштуруучунун 2012-жылдын 31-октябрындагы чечимине жана МКАнын 2012-жылдын 8-ноябрындагы акча каражаттардын жоктугуна байланыштуу коомду жоюу тууралуу өтүнүч катына ылайык, 2012-жылдын 9-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Мырза-Аке айылы, Нурбаев көчөсү, 26;
3. МКА "Байлыкка аракет" коомдук фондусуна 2008-жылдын 25-майында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө № 156 күбөлүгү, уюштуруучунун 2012-жылдын 31-октябрындагы чечимине жана МКАнын 2012-жылдын 8-ноябрындагы акча каражаттардын жана жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу коомду жоюу тууралуу өтүнүч катына ылайык, 2012-жылдын 9-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Өзгөн району, Кошуев көчөсү, 32-10.
Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту сунуштоону системалуу түрдө бузгандыктан, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгы тарабынан 2012-жылдын 6-ноябрынан тартып төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин күбөлүктөрү кайтарылып алынган:
1. МКК "Ажат-Кредит" ЖЧКсына 2011-жылдын 3-январында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №333 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №113 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Тунгуч мкру, 36 "Б" блогу -98;
2. МКК "Айкөл-Дос" ЖЧКсына 2012-жылдын 29-февралында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №436 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №114 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Зеленая көчөсү, 26;
3. МКК "Каражат Финанс" ЖЧКсына 2012-жылдын 12-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №440 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №115 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 61, 11-кв.;
4. МКК "Жакшылык-Кредит" ЖЧКсына 2005-жылдын 26-сентябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №35 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №116 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 100-52;
5. МКК "Актилек" ЖЧКсына 2010-жылдын 30-ноябрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №323 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №117 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ак-Тилек конушу, Акшоокум көчөсү, 13;
6. МКК "Кенч-тен" ЖЧКсына 2010-жылдын 24-декабрында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №330 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №118 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Кожевенная көчөсү, 1;
7. МКК "РАХАТ" ЖЧКсына 2012-жылдын 10-апрелинде жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №447 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №119 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук району, Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, номери жок;
8. МКК "NTSкредит" ЖЧКсына 2012-жылдын 23-мартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №442 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №120 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Кант шаары, Московская көчөсү, 2б, кв.37;
9. МКА "Нурток" коомдук фондусуна 2012-жылдын 29-февралында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу №194 күбөлүгү, Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2012-жылдын 6-ноябрындагы №121 чечимине ылайык кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Жайыл району, Эриктуу айылы, Центральная көчөсү, номери жок.
Банктар аралык төлөмдөр
Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) |
||||||||
|
Бардыгы болуп БТС |
анын ичинде |
||||||
Клирингдик система |
Гросстук система |
|||||||
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
көлөмү, сом менен |
саны, даана |
|||
2012-жылдын 5-9-ноябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) |
||||||||
Абсолюттук мааниде |
11 283 584 253,29 |
39 844 |
1 244 943 494,22 |
37 331 |
10 038 640 759,07 |
2 513 |
||
БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) |
100,0 |
100,0 |
11,0 |
93,7 |
89,0 |
6,3 |
||
анын ичинде (%) : |
|
|
|
|
|
|
||
БАПБнын таза позициялары |
0,1 |
1,7 |
1,0 |
1,8 |
0,0 |
0,0 |
||
БК чыгыш |
18,3 |
6,7 |
14,7 |
7,1 |
18,7 |
1,1 |
||
БК кириш |
13,1 |
33,6 |
16,4 |
35,6 |
12,7 |
3,3 |
||
СФ чыгыш |
0,1 |
4,9 |
1,2 |
5,2 |
0,0 |
0,0 |
||
СФ кириш |
0,8 |
7,1 |
7,2 |
7,5 |
0,0 |
0,0 |
||
Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр |
||||||||
Абсолюттук мааниде |
14 065 560 973,28 |
47 858 |
1 518 841 331,70 |
44 676 |
12 546 719 641,59 |
3 181 |
||
Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши |
||||||||
Абсолюттук мааниде |
-2 781 976 719,99 |
-8 014 |
-273 897 837,48 |
-7 345 |
-2 508 078 882,52 |
-668 |
||
% |
-19,8 |
-16,7 |
-18,0 |
-16,4 |
-20,0 |
-21,0 |
Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү
… карата абал боюнча |
2012-жылдын 2-ноябрына карата |
2012-жылдын 9-ноябрына карата |
Жүгүртүүдөгү карттардын саны (кайра чыгарылгандарын эске албаганда) |
152 920 |
153 761 |
Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны, анын ичинде: - банктарда - соода түйүндөрүндө |
804 543 261 |
811 550 261 |
Банкоматтардын саны |
247 |
247 |