Конъюнктура: 19 - 23 ноябрь


Франкфуртта Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен Германия федералдык банкынын (Бундесбанк) Борбордук банктар менен кызматташуу боюнча техникалык борбордун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.  

 

Меморандумга кол коюу аземинде Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Заир Чокоев, Германия федеративдик республикасы менен Кыргыз Республикасынын финансы жана банк иши жагындагы кызматташуусу 20 жыл аралыгында таасирдүү мүнөзгө ээ болуп, эки өлкөнүн борбордук банктары ортосунда түптөлгөн байланыш Кыргызстандын финансы системасынын эл аралык стандарттарга ылайык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп келгендигин баса белгиледи.  

 

Бундесбанктын Техникалык борборунун директору Юрген Штерлеппер да, эки тараптуу кызматташтык мындан ары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлерине банктык көзөмөлдүк, атап айтканда Базель II тобокелдиктерди аныктоого багытталган көзөмөлдүктүн шайкештиги жана банк тутумун турукташтыруу маселесине жооп берген экономикалык капиталдын жаңы концепциясы жагында билим деңгээлин өркүндөтүүгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.  

 

Улуттук банк менен ушул техникалык борбордун кызматташуусу Эл аралык кызматташуу боюнча Германия коомунун “Кыргыз Республикасында туруктуу экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү” программасынын жигердүү колдоосу астында өнүгуп жатат. Германия коому акыркы бир нече жыл аралыгында Улуттук банкка таасирдүү банктык көзөмөлдүктү жүргүзүүдө көмөк көрсөтүп келе жатат.  

  

  

Жеке ишке Султанбаев Урматбек Аскарбаевичке нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2012-жылдын 21-ноябрында №5066 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Ош шаары, Навои көчөсү, номери жок (болжолу менен «Келечек» базарынын жанында). 

 

Төмөнкү банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин күбөлүктөрү жокко чыгарылган: 

 

- МКК “Элетке салым” ЖЧКсынын күбөлүгү, акча каражаттардын жоктугуна байланыштуу компанияны жоюу жөнүндө 2012-жылдын 19-ноябрындагы №252 чечимдин негизинде 2012-жылдын 22-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Алай району, Үч-Дөбө айыл округу, Кичи-Каракол айылы. 

- МКА "КЭШМЭН" коомдук фондусуна 2003-жылдын 26-февралында берилген №14 күбөлүгү, Улуттук банктын Талас областтык башкармалыгынын чечимине ылайык 2012-жылдын 19-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Талас областы, Манас району, Арал айылы, Маданият атындагы көчө, 4. 

- МКА "Кыдыр Алик" коомдук фондусуна 2005-жылдын 2-мартында берилген №80 күбөлүгү, Улуттук банктын Ысык-Көл областтык башкармалыгынын чечиминин негизинде 2012-жылдын 23-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Жети-Өгүз району, Барскоон айылы, Ленин атындагы көчө, 131. 

- МКА "Сарай Кредит" коомдук фондусуна 2010-жылдын 227-майында берилген №192 күбөлүгү, Катышуучунун акча каражаттарынын жоктугуна байланыштуу 2012-жылдын 15-ноябрындагы чечиминин негизинде 2012-жылдын 22-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Ош областы, Кара-Суу району, Сарай а/о, Киров айылы, А.Абдуллаев көчөсү,2. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 19-23-ноябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде 

14 068 956 031,66 

42 406 

1 503 933 585,80 

39 261 

12 565 022 445,86 

3 145 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%) 

100,0 

100,0 

10,7 

92,6 

89,3 

7,4 

анын ичинде 

(%) : 

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары 

0,1 

2,4 

0,9 

2,6 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

11,0 

9,3 

22,8 

10,0 

9,6 

1,0 

БК кириш  

18,8 

37,8 

21,3 

40,6 

18,5 

3,0 

СФ чыгыш  

0,01 

0,3 

0,1 

0,3 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,1 

1,6 

0,9 

1,8 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолютное значение 

14 065 560 973,28 

47 858 

1 518 841 331,70 

44 676 

12 546 719 641,59 

3 181 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолютное значение 

3 395 058,38 

-5 452 

-14 907 745,90 

-5 415 

18 302 804,27 

-36 

0,02 

-11,4 

-1,0 

-12,1 

0,1 

-1,1 

 

 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

 

… карата абал боюнча 

2012-жылдын 

16-ноябрына карата 

2012-жылдын 

23-ноябрына карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда) 

154 899 

156 590 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде: 

- банктарда 

- соода түйүндөрүндө 

 

811 

550 

261 

 

811 

550 

261 

Банкоматтардын саны 

247 

247