Финансалык кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган Улуттук банктын финансы-кредит уюмдарын төлөм тутумундагы ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынан үзүндүлөөр. 


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын 11-мартындагы N144/1/6 токтом “Кыргыз Республикасынын төлөм системасында төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн белгилөө жана алардын өтүү мөөнөттөрүн бузуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө” токтому.  

Электрондук төлөмдөрдүн банктар аралык системасын колдонууга киргизүүгө байланыштуу, төлөмдөрдүн өтүшүн жана эсептешүүлөрдү тартипке келтирүү жана тездетүү, ошондой эле төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрүн бузууга жоопкерчиликти күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:   

1. Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөмдөрдүн төмөнкүдөй өтүү мөөнөттөрү белгиленсин:  

- Кыргыз Республикасынын чектеринде банктардын ортосунда  бир банктык күндөн ашпаган;  

- Кыргыз Республикасынын чектеринде банктардын кардарларынын ортосунда  эки банктык күндөн ашпаган;  

- андан ары которуу үчүн накталай акча каражаттарын төгүү аркылуу төлөмдөрдүн жана пластикалык карталарды пайдалануу менен төлөмдөр үчүн - эки банктык күндөн ашпаган.  

2. Төлөмдөрдүн өтүү мөөнөттөрү аткарууга кабыл алынган төлөм документинин негизинде кардардын эсебинен төлөөчү банк тарабынан акча каражаттарын эсептен чыгаруу датасынан баштап жана кардардын эсебине алуучу банк акча каражаттарын кириштеген датага чейин эсептелсин.   

3. Төлөм документи эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана (же) банктардын жана кардарлардын ортосунда эки тараптуу келишимдерде башкача каралбаса аны тариздеген дата катарында көрсөтүлгөн күндүн ичинде гана жарактуу жана аткарууга кабыл алынат деп эсептелсин.  

4. Кардарлардын эсебине каражаттарды өз учурунда кириш кылбаган учурда кардарлар эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана банктар менен кардарлардын ортосунда эки тараптуу келишимдерде башкача каралбаса ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөм суммасынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдонуудагы учеттук ставкасынын үч эсе өлчөмүндө акчалай милдеттенмени аткарбагандыгы үчүн банктардан проценттерди төлөөнү талап кылууга укуктуу.   


Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 токтому менен бекитилген. 

15. Карт ээси эмитент менен түзгөн келишимге ылайык карт аркылуу төмөнкүлөрдү ишке ашыра алат:  

- соода-тейлөө ишканаларында сатылып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүү;  

- банкоматтардан/нак акча берүү пунктуларынан жана банктын агенттеринен нак акча каражаттарын алуу;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык эсебинен алуучунун эсебине акча каражаттарын которуу;  

- акча которууларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча которуулар системасы аркылуу жүзөгө ашыруу;  

- төлөмдөрдү аралыктан тейлөө системалары аркылуу жүргүзө алат;  

- банктардын кассасы, банктардын cash-in - терминалдарынан/жана банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнүн агенттери, банкоматтар, акча которуулар системасы жана электрондук капчыктар аркылуу картты толуктоо.