Конъюнктура: 10 - 14 июнь




КР Улуттук банкынын 2013-жылдагы ишмердиги боюнча тышкы аудитти "Грант Торнтон" жүргүзөт. 

 

2013-жылдын 13 июнунда КР Жогорку Кеңеши 2013-жылга КР Улуттук банкынын ишмердигин текшерүүгө тышкы аудитор кылып "Грант Торнтон" компаниясын бекитип берди. Компания эл аралык абройу бар, беш жылдан кем эмес убакытта борбордук (улуттук) банктарды аудит жасоо тажрыйбасы бар аудитордук уюмдар арасында, жабык тендердин негизинде тандалды.  

"КР Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдын 9 беренесине ылайык, КР Улуттук банкынын финансылык отчеттулугун текшерүү үчүн тышкы аудит жүргүзүгө жыл сайын тендер жарыяланып келет. Жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча, КР ЖК финансылык жыл аяктаганга алты ай калганга чейин КР Улуттук банкынын ишмердигин текшерген тышкы аудит боюнча маселени карап, бекитип берүүгө тийиш. 

Тендердик суроо-талапттар комиссия тарабынан аныкталат, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар курамы кирет ( ар бир фракциядан бирден өкүл ), Комитеттердин эркин мүчөлөрү жана КР Улуттук банкынын өкүлдөрү

2012-жылдагы ишмердикке "KPMG" компаниясы тарабынан аудит жасалган. 

 

МААЛЫМАТ КАТ  

Grant Thornton International Ltd - эл аралык аудитордук уюм, Канада, АКШ, Бразилия ,Франция, Германия, Индия, Китай, Япония жана КМШ өлкөлөрүндө жана дүйнө жүзүндө 500 ашык офици катталган. 

"Грант Торнтон" ЖАК тарабынан тендерге катышуу сунушу КР Улуттук банкына 2009-2010 жылдары келип түшкөн.  

"Грант Торнтон" ЖАК 1990-чу жылдары негизделип, Грант Торнтон (Франция) катталып Армения, Грузия, Кыргызстан менен Таджикистанда туунду ишканалары бар.  

Компаниянын Бишкектеги офиси 2013-жылдын мартында ачылып, Кыргыз Республикасынын аймагында аудиторлук ишмердик жүргүзүү боюнча лицензия 2013 -жылдын май айында берилген.  

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылдын 14-июнундагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

 

· "Банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн баа түзүү саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө жобонун долбоору тууралуу" (№19/2); 

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-мартындагы № 12/6- "Банктардын капиталынын (өздүк каражаттар) минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомун чечмелөө жөнүндө" (№19/3); 

· "Залкар Банк" ААКсы жөнүндө" (№19/6); 

 

 

 

Төмөнкү БФКМдердин күбөлүктөрү/лицензиялары жокко чыгарылган, кайтарып алынган: 

 

· 2013-жылдын 6-майынан тартып, "ФинКред" МКК ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө 2011-жылдын 23-июнунда берилген эсептик каттоо жөнүндө №380- күбөлүк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалык түрдө бузгандыгы үчүн, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 6-майындагы №139-чечиминин негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Лермонтов көчөсү, 35а.  

· 2013-жылдын 30-майынан тартып, "Пахта-Траст" кредиттик союзуна 2001-жылдын 3-апрелинде берилген №239-лицензия, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн, Көзөмөл боюнча комитетинин 2013-жылдын 30-майындагы № 19/3-токтомунун негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Сокулук району, Жаны-жер айылы, Ленин көчөсү, 2. 

· 2013-жылдын 30-майынан тартып, "Мирант" кредиттик союзуна 1999-жылдын 26-майында берилген №122-лицензия, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн, Көзөмөл боюнча комитетинин 2013-жылдын 30-майындагы № 19/2-токтомунун негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Турусбеков көчөсү, 88/1, № 401-бөлмө

· 2013-жылдын 30-майынан тартып, "Датси" кредиттик союзуна 2001-жылдын 6-июнунда берилген №260-лицензия, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн, Көзөмөл боюнча комитетинин 2013-жылдын 30-майындагы № 19/1-токтомунун негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, Аблесов көчөсү №47. 

· 2013-жылдын 31-майынан тартып, "НТ-Кредит" МКК ЖЧКсына 2011-жылдын 21-февралында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоо жөнүндө №342- күбөлүк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалык түрдө бузгандыгы үчүн, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 31-майындагы №139-чечиминин негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Токмок ш., Совет көчөсү, 106 а.  

· 2013-жылдын 10-июнунан тартып, "Кут" МКА мекемесине 2009-жылдын 30-июнунда жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоо жөнүндө № 177-күбөлүк жокко чыгарылган. Катышуучунун 2013-жылдын 10-июнундагы өзүн-өзү жоюу жөнүндө чечими. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Каракол ш, Токтогул көчөсү, 106/4. 

· 2013-жылдын 12-июнунан тартып, "НУР-АЙ кредит" МКК ЖЧКсына 2010- жылдын 26-майында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоо жөнүндө № 291-күбөлүк, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын системалык түрдө бузгандыгы үчүн, Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгынын 2013-жылдын 12-июнундагы №140-чечиминин негизинде кайтарып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Чүй району, Чүй айылы, Луговая көчөсү, 28. 

· 2013-жылдын 12-июнунан тартып, жеке ишкер Б.А.Эмилбаевге 2012-жылдын 3-октябрында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна берилген №5060-лицензия жокко чыгарылган. 2013-жылдын 12-июнунда өзүн-өзү жоюу жөнүндө берилген арыздын негизинде. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы., Каракол ш., Токтогул көчөсү, номери жок. 

 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 10-июнунан 14-июнуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

12 781 848 095,86 

48 952 

1 478 002 971,75 

45 324 

11 303 845 124,11 

3 628 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

11,6 

92,6 

88,4 

7,4 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,16 

1,6 

1,4 

1,7 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

13,5 

7,0 

12,0 

7,2 

13,7 

4,1 

БК кириш 

9,6 

42,2 

22,9 

45,5 

7,9 

1,0 

СФ чыгыш 

0,03 

0,7 

0,3 

0,8 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

1,3 

9,2 

10,8 

9,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

15 563 714 453,39 

49 844 

1 576 576 754,55 

46 651 

13 987 137 698,84 

3 192 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

-2 781 866 357,53 

-892 

-98 573 782,80 

-1 327 

-2 683 292 574,73 

436 

%  

-17,9 

-1,8 

-6,3 

-2,8 

-19,2 

13,6 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын 

07-июнуна карата 

2013-жылдын 

14-июнуна карата 

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

202 820 

204 202 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1046 

785 

261 

 

1061 

800 

261 

Банкоматтардын саны  

274 

274