Конъюнктура: 24 - 28 июнь




Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы отурумунда төмөнкү маселелер кароого алынып, тиешелүү токтомдор кабыл алынган:  

· "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" жобо тууралуу" (№ 20\1); 

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде катоодон өткөн № 26/5-токтому менен бекитилген "Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдүү банктык отчет жөнүндө" жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" (№ 20\7); 

· "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан рефинансылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо тууралуу" (№ 20\14)  

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынган.  

Жогорку Кеңеш пленардык отурумда "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоорун карап көрүп, документти III окулушунда добуш берүүгө жөнөткөн.  

Бул маселе боюнча ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров баяндамачы катары чыгып сүйлөгөн. Ал өз сөзүндө, натыйжалуу акча жүгүртүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик саясатка ылайык, улуттук төлөм системасынын ишин жөнгө салуу мыйзам долбоорунун максаты болуп санала тургандыгын белгиледи. "Мында улуттук төлөм системасынын ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясат экономикада акча каражаттарынын жылышынын толук ачык-айкындуулугун жана анын тескөөгө алынышын камсыз кылууга, төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногунда жана түпкү керектөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, улуттук төлөм системасынын ишинин коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган", - деп билдирди.  

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасы тарабынан ФАТФнын терроризмди каржылоого каршы күрөшүү жана өлкөнү "кара" тизмеден чыгаруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрүн аткарууга көмөк көрсөтөт.  

"Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасында төлөмдөрдү, эсептешүүлөрдү жана акча которууларды жүзөгө ашырууда келип чыккан мамилелерди жөнгө салуу, жалпы нормаларды жана ар кандай формадагы төлөмдөрдү жүргүзүү эрежелерин белгилөө, төлөм системаларынын катышуучуларынын жоопкерчилик жана милдеттенмелери боюнча чараларын аныктоо каралган, б.а. Кыргыз Республикасынын укуктук жана уюштуруу системаларын калыптандырат.  

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы №396-токтому менен мыйзам долбоору жактырылгандан кийин, бизнес-шериктештик менен пикир келишпестиктер келип чыккан. Улуттук банк менен "KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы" юридикалык жактар биримдигинин ортосунда жүргүзүлгөн биргелешкен иш-аракеттердин жыйынтыгында, 2012-жылдын 25-декабрында өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлган. Ошентип, бардык сын-пикирлер четтетилген, Меморандум тарабынан мыйзам долбооруна сунушталган толуктоолор мамлекеттин сыяктуу эле, бизнес-шериктештиктин да кызыкчылыгын эске алат, бул мыйзам долбоорунун жоболорунун трактовкалары ар башка маанилүүлүгүн четтетүүгө өбөлгө түзөт. Лицензиялоо процессин каттоо/билдирүүгө жана күбөлүк берүүгө алмаштыруу жөнүндө келишим түзүлгөн. Билдирүү боюнча чектелүү гана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү кабыл алууга, ал эми күбөлүк берүүдө - төлөмдөрдү бюджетке кабыл алууга жана чек ара жанындагы төлөмдөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле билдирүү мүнөзүнө ээ тизмеге кирбеген кызмат көрсөтүүлөргө уруксат берилет. 

 

 

ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук банктары төлөм системалары жагында кызматташтык жигерин арттырууда.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргызстанда Бишкек шаарына "Борбордук банктардын төлөм системаларына байкоо жүргүзүү иши. Төлөм системалары боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу" эл аралык семинарына келген ЕврАзЭСтин катышуучу-мамлекеттеринин көзөмөл ведомстволорунун өкүлдөрүн кабыл алды.  

Иш-чарада Россия Борбордук банкы, Казакстан, Тажикистан жана Кыргызстан Улуттук банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын төлөм системалары жагында мыйзамдар боюнча маселелер талкууланды, инновациялык технологияларды, айрыкча, төлөм системаларынын ишине жана операторлорго, банктык эмес мекемелерге көзөмөл жүргүзүүгө байкоо жүргүзүүнү кошо алганда, борбордук банктардын төлөм системаларын жана төлөм инструменттерин жөнгө салуу боюнча тажрыйбасы кароого алынган.  

Эки күндүк семинардын жүрүшүндө катышуучулар электрондук банктык кызмат көрсөтүүлөр рынокторун өнүктүрүү деңгээлинен көз карандысыз келип чыккан, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуу жана контролдукка алуу проблемаларынын окшоштугун белгилешкен. 

Эл аралык семинардын жыйынтыгын чыгарууда, адистер анын натыйжалуулугун баса белгилөө менен, төлөм системалары жагында мамлекеттер ортосунда кызматташтыкты арттырууга өбөлгө түзүүчү жана маанилүү мамлекеттик жана экономикалык милдеттерди чечүүгө таасир этүүчү ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүү зарылдыгы жөнүндө пикирин билдиришти.  

 

 

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензия/күбөлүктөр берилген:  

· Жеке ишкер А.В. Шапоренкого кошумча алмашуу бюросун ачууга байланыштуу, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 28-июнунда каттоо номери № 3096, №5082-лицензия берилген. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү, 196. 

· "Тынчтык Плюс" ЖЧКсына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү укугуна 2013-жылдын 26-июнунда каттоо номери №3095, №5103-лицензия берилген. Юридикалык дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 155., пр. Чуй, 15 

 

 

Банктар аралык төлөмдөр 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 24-июнунан 29-июнуна чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

20 711 045 709,88 

62 694 

1 843 107 574,14 

58 657 

18 867 938 135,74 

4 037 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

8,9 

93,6 

91,1 

6,4 

анын ичинде (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,05 

1,1 

0,5 

1,2 

0,0 

0,0 

БК чыгыш  

17,8 

10,3 

23,9 

10,8 

17,2 

3,7 

БК кириш 

19,4 

38,5 

21,3 

40,8 

19,2 

5,7 

СФ чыгыш 

0,002 

0,1 

0,03 

0,1 

0,0 

0,0 

СФ кириш  

0,2 

2,7 

2,7 

2,9 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

15 563 714 453,39 

49 844 

1 576 576 754,55 

46 651 

13 987 137 698,84 

3 192 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

5 147 331 256,49 

12 850 

266 530 819,59 

12 006 

4 880 800 436,90 

845 

%  

33,1 

25,8 

16,9 

25,7 

34,9 

26,5 

 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

21- июнуна карата  

2013-жылдын  

28- июнуна карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны  

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

205 821 

206 800 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,  

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1061 

800 

261 

 

1113 

852 

261 

Банкоматтардын саны  

274 

282