«Сестерций» кредиттик союзунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө  

 

«Сестерций» кредиттик союзу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине, “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамынын 30 жана 33-беренелерине, “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун 10.2-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына, “Кредиттик союздарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралар жөнүндө” жобонун 3.8-пунктуна, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобонун 2.1-пунктунун “т” пунктчасына таянуу менен, «Сестерций» кредиттик союзуна 2005-жылдын 12-августунда берилген №496 лицензия, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2013-жылдын 16-ноябрынан тартып кайтарып алган.  

 

«Кут Ордо» кредиттик союзунун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө 

«Кут Ордо» кредиттик союзу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесине, “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамынын 30 жана 33-беренелерине, “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобонун 10.2-пунктунун 1 жана 4-пунктчаларына, “Кредиттик союздарга карата көрүлүүчү таасир этүү чаралары жөнүндө” жобонун 3.8-пунктуна, ошондой эле Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө” жобосунун 2.1-пунктунун “т” пунктчасына таянуу менен, «Кут Ордо» кредиттик союзуна 2007-жылдын 3-майында берилген №523 лицензия, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан 2013-жылдын 16-ноябрынан тартып кайтарып алган. 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Европа союзунун (ЕС) макрофинансылык жардам көрсөтүү маселеси боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмөлөрдү берет 

30 млн. евро, анын ичинде 15 млн. евро биздин республикага бюджетке колдоо көрсөтүү үчүн кредит катары сунушталууда. Сырттан кредиттерди тартуу Өкмөттүн пререгативасы болуп саналат. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө” мыйзамына ылайык, Финансы министрлиги Өкмөттүн мамлекеттик карызын тескөө, тышкы карыз алышуусун ишке ашыруу жана мамлекеттик гарантияларды берүү жагында жалгыз агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик ишканалар жана мекемелер тышкы насыяларды тартууга жана мамлекеттик гарантияларды берүүгө укугу жок.  

Бирок Өкмөттүн өкүлдөрүнөн тышкары (Финансы министрлигинин атынан), ЕС менен документтерге кол коюу укугу Улуттук банкка да сунушталган. Улуттук банк бул кредитти алууга тоскоолдук кылбайт, бирок Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мындай документтерге кол коюуга ыйгарым укугу жок. Ушуга байланыштуу, Улуттук банкты ЕС сунуштаган документтерге кол коюуга катышуудан четтетүү сунушталган.  

Конституциялык палата, "АзияУниверсалБанк" ААКсынын мурдагы жетекчилери Н.Абдразаков менен Ч. Кемпирбаева каршы чыккан Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын конституциялык деп тааныган. 

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы, Н.Абдразаков менен Ч.Кемпирбаеванын Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын айрым пункттарын конституциялык эмес катары таануу жөнүндө өтүнүч катын карап көрүп, кайрылууну канааттандыруудан баш тарткан. Бул ченемдик укуктук актылардын негизинде, мурда "АзияУниверсалБанк" ААКсынын банк Башкармасынын Төрагасынын кызматын ээлеген Н.Абдразаков менен аталган банктын вице-президенти кызматын ээлеген Ч.Кемпирбаева Улуттук банк тарабынан алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйба катары классификацияланган иштерге катышы бар катары таанылган. 

Конституциялык палатанын чечиминде төмөнкүлөр белгиленген: “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктардын ишине көзөмөлдүк жүргүзгөн орган катары, бардык банктар жол берилген ишкердик менен гана алектенүүсүн, ал эми банктардын кызмат адамдарына калктын акча каражаттары жана мүлкү ишенип берилгендиктен, алар кынтыксыз абройго, банк иши чөйрөсүндө атайы билимге ээ болуусун талап кылууга укуктуу... Банктын кызмат адамдарын милдеттүү түрдө макулдашуу жол-жобосу, Улуттук банкка кызмат орундарына ишенимге ээ болгон адамдардын дайындалышына көз салууга мүмкүндүк берет. Эгерде бул адамдар мыйзамдардын бузулушуна жол берсе, банкты ишенимден ажыроого алып келген алгылыксыз жана кооптуу тажрыйбага тартса, Улуттук банк аларды белгиленген тартипте алмаштырууга укуктуу”. “Кароого алынган “Банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата көрүлүүчү таасир этүү чаралар жөнүндө” жобонун 6.9.3. жана 6.9.4.-пунктчалары “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 45-1-беренесинин 1,2,7-бөлүктөрүндө каралган”. Демек, банктын бардык же айрым кызмат адамдарын алмаштыруу, алардын банктын андан аркы ишине катышуусуна тыюу салуу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган. Талапкерлерди коммерциялык банктардын кызмат орундарына макулдашуу тартибин жөнгө салган “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасынын нормалары “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 25-1-беренесинде каралгандыгын” Конституциялык палата белгилеп кеткен.  

Жогоруда белгиленгендерди эске алуу менен Конституциялык палата, “Банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата көрүлүүчү таасир этүү чаралар жөнүндө” жобонун 6.9.3. жана 6.9.4.-пунктчаларын жана “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун 16.1-пунктунун 5 б) пунктчасын конституциялык эмес катары таануу жөнүндө талаптарды негизсиз деп эсептөө менен алар мыйзам ченемдерин такташтырып, чечмелөө менен белгиленген чектен ашпайт тургандыгын белгилеген.  

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө” мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерине таянуу менен Конституциялык палата, “Банктарга жана айрым башка финансы-кредиттик мекемелерге карата көрүлүүчү таасир этүү чаралар жөнүндө” жобонун жана “Банк ишин лицензиялоо жөнүндө” жобонун белгиленген пунктчаларын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келе тургандыгын таануу тууралуу чечим кабыл алган. Н.Абдразаков менен Ч.Кемпирбаеванын өтүнүч каты канааттандырылган эмес.  

Конституциялык палатанын чечими акыркы болуп саналат жана ал жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Чечим кайра кароого алынбайт.  

Төмөнкү БФКМдерге жана алмашуу бюролоруна лицензиялар/күбөлүктөр берилген: 

"Банкнота" ЖЧКсына 2013-жылдын 12-ноябрынан тартып нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна каттоо номери 3107 №5113 лицензия берилген. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, Ю.Абдрахманов атындагы көчө,150. 

 

Төмөнкү БФКМдердин лицензиялары/күбөлүктөрү кайтарылып алынган: 

 

«Сестерций» кредиттик союзуна 2005-жылдын 12-августунда берилген №496 лицензиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Көзөмөл боюнча комитеттин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 40/7 токтомунун негизинде 2013-жылдын 18-ноябрынан тартып кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, "Кокжар" жаңы конушу, Арстанбап көчөсү, 141. 

«Кут ордо» кредиттик союзуна 2007-жылдын 3-майында берилген № 523 лицензиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын жана талаптарын сактабагандыгы үчүн Көзөмөл боюнча комитеттин 2013-жылдын 16-ноябрындагы № 40/8 токтомунун негизинде 2013-жылдын 18-ноябрынан тартып кайтарылып алынган. Юридикалык дареги: Чүй областы, Панфилов району, Күрпүлдөк айылы, А.Шерипбаев атындагы көчө, 64. 

МКК "Жолдош Групп" ЖЧКсына жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөгө берилген эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө 2003-жылдын 22-апрелиндеги №2 күбөлүгү, катышуучулардын 2013-жылдын 4-ноябрындагы өзүн-өзү жоюу тууралуу №34/13 чечимине ылайык, 2013-жылдын 22-ноябрынан тартып жокко чыгарылган. Юридикалык дареги: Бишкек шаары, М.Элебаев атынлдагы көчө, 91/1, 3-кабат, 10-бөлмө

 

Банктар аралык төлөм системаларынын көрсөткүчтөрү (БТС) 

Бардыгы болуп БТС 

анын ичинде 

Клирингдик система 

Гросстук система 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

көлөмү

сом менен 

саны, 

даана 

2012-жылдын 18-ноябрынан 22-ноябрына чейинки аралыктагы көрсөткүчтөр (отчеттук мезгил ичинде) 

Абсолюттук мааниде  

34 706 120 974,09 

119 350 

3 721 632 514,85 

111 788 

30 984 488459,24 

7 562 

БТС төлөмдөрүндөгү үлүшү (%)  

100,0 

100,0 

10,7 

93,7 

89,3 

6,3 

анын ичинде  (%)  

  

  

  

  

  

  

БАПБнын таза позициялары  

0,1 

1,3 

1,3 

1,4 

0,0 

0,0 

БК чыгыш   

14,9 

10,3 

23,2 

11,0 

13,9 

1,0 

БК кириш 

16,2 

32,0 

17,4 

34,0 

16,0 

3,0 

СФ чыгыш 

0,7 

4,4 

6,1 

4,7 

0,0 

0,0 

СФ кириш   

1,3 

20,2 

11,7 

21,6 

0,0 

0,0 

Өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөр 

Абсолюттук мааниде  

17 270 565 699,65 

61 606 

1 894 397 461,16 

57 680 

15 376168238,49 

3 926 

Отчеттук мезгил ичиндеги көрсөткүчтөрдүн өткөн ай үчүн орточо жумалык көрсөткүчтөрдөн четтеши 

Абсолюттук мааниде  

17 435 555 274,44 

57 744 

1 827 235053,69 

54 108 

15 608320220,75 

3 636 

%  

101,0 

93,7 

96,5 

93,8 

101,5 

92,6 

Элкарт улуттук төлөм системасынын көрсөткүчтөрү 

карата абал боюнча  

2013-жылдын  

16- ноябрына карата  

2013-жылдын  22-ноябрына карата  

Жүгүртүүдөгү карттардын саны   

(кайра чыгарылгандарын эске албаганда)  

 229 386 

 232 509 

Бардыгы болуп, pos-терминалдардын саны,   

анын ичинде:  

- банктарда  

- соода түйүндөрүндө  

 

1180 

660 

520 

 

1180 

660 

520 

Банкоматтардын саны  

308  

322