Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын 

2020-ж. “___”_______________ 

№______________ буйругуна тиркемеси 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 13-сентябрындагы № 474  

токтомун жүзөгө ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында 2020-2021-жылдар  

ичинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

 

№ 

Милдеттер 

Чаралар/Иш-аракеттер 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Күтүлүп жаткан жыйынтыктар /индикаторлор 

Жооптуу аткаруучу/ 

кошо аткаруучулар 

  

Коррупцияга каршы саясат 

 

Коррупцияга каршы саясатты иштеп чыгууга жана аны ишке ашырууга багытталган жарандык демилгелерди жүзөгө ашыруу  

1. Коррупцияга каршы саясат жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгууда кеңири жана ачык катышуусун камсыз кылуу. 

Туруктуу негизде 

Бизнес-коомчулуктун институттары менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча өз ара аракеттенүү механизмдерин ишке киргизүү  

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы 

 

Маалыматтан пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө мыйзамды эл аралык стандарттарга ылайык реформалоо  

1. Алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелген (анын ичинде “Кызматтык иште пайдалануу үчүн” гриф менен) документтерге инвентаризация жүргүзүү жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө зарылчылыгы болбогон же актуалдуу болуп саналбаган документтерден мындай грифтерди алып салуу боюнча сунуштарды киргизүү

 

2. Суроо-талап кылынган маалыматтын эске алынышын жана иштелип чыккан суроо-талаптар боюнча аталган статистиканы жана алардын жыйынтыктарын Улуттук банктын расмий сайтына жарыялоо  

Туруктуу негизде 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Туруктуу негизде 

Маалыматты, ошондой эле пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө грифи алынып салынган документтерди берүү тууралуу калктын аткарылган суроо-талаптарынын саны көбөйтүлгөн. 

 

 

 

 

Улуттук банк тарабынан калктын суроо-талаптары боюнча сунушталган маалымат тууралуу статистикалык маалыматтарды жарыялоо  

Коопсуздук жана маалыматтык коргонуу башкармалыгы, Түзүмдүк бөлүмдөр 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү 

 

Электрондук өкмөткө өтүү  

1. «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына бардык тартылган мамлекеттик органдарды толук туташтырууну камсыз кылуу менен ишке киргизүүнү аягына чыгаруу. 

2021-жылдын 4-чейреги 

«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына туташтырылган бардык автоматташтырылган маалымат базалары интеграцияланган жана талап кылынган маалыматты жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарды жөнөтүүсүз жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алуучуларынан ар кандай түрдөгү кошумча маалым каттарды талап кылуусуз ыкчам түрдө алууга өбөлгө түзөт. 

Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, Түзүмдүк бөлүмдөр 

 

Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияны өлчөө боюнча методологиялык негизди түзүү  

1. Улуттук банкта коррупциянын деңгээлин Кыргыз Республикасынын стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методологиянын негизинде аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитилген методологиясы менен бир кварталдын ичинде 

Мамлекеттик органдарда коррупциянын деңгээлин даярдалган методологиянын негизинде аныктоо  

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт)  

 

Улуттук банкта коррупцияны алдын алуунун жана коррупцияга каршы ишти контролдоонун колдонуудагы механизмдерин өркүндөтүү  

1. Коррупцияны алдын алуу маселелери, анын ичинде анын милдетин аткаруучу адамды жана туруктуу негизде окутуу маселеси боюнча ыйгарым укукту адамды ишке кабыл алуу жана иштен бошотуу атайын регламентин иштеп чыгуу жана жайылтуу.  

 

2. Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адамдын функцияларын жана милдеттерин кайра карап чыгуу. 

 

 

 

 

3. Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу адамдын ишин демилгелөө механизмдерин ишке киргизүү

2020-жылдын 

3-чейреги 

 

 

 

 

 

 

2020-жылдын  

3-чейреги 

 

 

 

 

 

 

2020-жылдын 

3-чейреги 

Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын көз карандысыз макамын бекемдөө.  

 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамдын функцияларын жана милдеттерин бирдейлештирүү.  

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу жана кадрлардын бат-бат алмашуусун алдын алуу чөйрөсүнө жогорку квалификациялуу кадрларды ишке тартуу үчүн шарттарды түзүү

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы,. 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Юридика башкармалыгы 

 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Финансы жана мониторинг жүргүзүү бөлүмү, Юридика башкармалыгы 

 

Улуттук банкта иш алып баруу 

 

Улуттук банктын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу  

1. Улуттук банкка ишке кирүү үчүн тестирлөө системасын кызматкерлердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын толук билүүгө, интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн жана логикалык ой-жүгүртүүсүн баалоого кайра багыттоо. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ишке кабыл алуу жөнүндө жобого бир түзүмдүк бөлүмдө 10 жылдан ашуун бир эле ошол кызматты ээлеген кызматкерлерди милдеттүү ротациялоо жөнүндө ченемдерди киргизүү зарылчылыгы тууралуу маселесин карап чыгуу.  

2020-жылдын 4-чейреги 

 

 

 

 

 

2020-жылдын 4-чейреги 

Тестирлөө системасына талапкерлерди иш жөндөмдүүлүктөрүн жана ой-жүгүртүү деңгээлин баалоого өбөлгө түзгөн маселелерди киргизүү.  

 

Бир бөлүмдө 10 жылдан ашуун кызмат ээлеген адамдар ротацияланууга тийиш.  

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү  

 

 

 

 

 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү 

 

Улуттук банкта кызматта таламдардын каршы келишин баалоонун жана жөнгө салуунун укуктук жана институционалдык негиздерин жайылтуу  

1. Улуттук банктын кызматкерлерин таламдардын каршы келишин алдын алуу, аныктоо жана жөнгө салуу жана өздүк (жеке) таламдарынын декларацияларын толтуруу маселелери боюнча окутууларды туруктуу негизде өткөрүү

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын кызматкерлерин таламдардын каршы келиши жагдайларын алдын алуу, жөнгө салуу жана башкаруу боюнча окутуу. 

Улуттук банктын кызматкерлери тарабынан өздүк (жеке) таламдары жөнүндө декларацияларын жыл сайын милдеттүү тартипте тапшыруу  

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү, Улуттук банкта этика жана коррупцияны алдын алуу боюнча комиссия  

 

Улуттук банкта ак ниет иш алып барууну камсыз кылуу  

1. Улуттук банктын кызматкерлерин этикалык ченемдердин сакталышы маселелери боюнча окутуудан туруктуу негизде өткөрүү

 

 

2. Этика боюнча комиссиянын коррупциянын алдын-алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер менен натыйжалуу бирге аракеттешүүсүн камсыз кылуу 

Туруктуу негизде 

 

 

 

 

 

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын кеминде 30% кызматкерлеринин этикалык ченемдерди сактоо маселелери боюнча жыл сайын окутуу өткөрүү

 

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу кызматкерлер этика боюнча комиссиянын курамына кошулду 

Персонал менен иш алып баруу бөлүмү 

 

 

 

 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт). 

 

Улуттук банктын ишинин ачыктыгын жогорулатуу жана анын маалыматтын ачык-айкындыгын камсыз кылуу  

 

Улуттук банктын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтарын/туруктуу негизде берилүүчү отчетторун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу. 

1. Улуттук банктын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалыматтарын/туруктуу негизде берилүүчү отчетторун Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу 

Чейрек сайын 

Жарандардын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө да жигердүү катышуусуна багытталган бизнес сектор жана коомчулук менен иш алып баруу сапатын жогорулатуу.  

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Юридика башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү 

 

10 

Иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, билдирүүлөрдүн серияларын чыгаруу, борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында атайын маалыматтык аянтчаларда интервью берүү 

1. Улуттук банктын катышуусу менен өткөрүлгөн иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, анын ичинде Улуттук банктын иши боюнча билдирүүлөрдүн серияларын чыгаруу  

Туруктуу негизде 

Улуттук банктын иш-чараларын жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, билдирүүлөрдүн серияларын чыгаруу/чагылдыруу, борбордук коомдук-саясий, ишкердик басма жана электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарында атайын маалыматтык аянтчаларда интервью берүү

Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Түзүмдүк бөлүмдөр, Юридика башкармалыгы 

 

11 

Калктын, жарандардын жана уюмдардын коррупциянын фактылары, аларды жасоого өбөлгө түзгөн себептер жана шарттар тууралуу билдирүүгө мүмкүн кылган коомдук кабылдаманын, “ишеним” телефондорунун туруктуу негизде иштешин жана таасирдүүлүгүн камсыз кылуу 

1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн алкагында коомдук кабылдаманын, ишеним телефондорунун ишин камсыз кылуу  

Туруктуу негизде 

Жарандардын коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жигердүү катышуусуна багытталган коомчулук менен иш алып баруу сапатын жогорулатуу. 

Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт), Юридика башкармалыгы, Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмү, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгы, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү  

 

Коррупцияга жол бербөө/алдын алуу. Административдик жол-жоболор 

 

12 

Бизнестин ак ниет иш алып баруусун камсыз кылуу  

1. «Пара алуу менен күрөшүү менеджмент системасы. Талаптар жана колдонуу боюнча колдонмо» КМС ISO 37001:2016 улуттук стандартын ишке киргизүүнү изилдөө

2020-жылдын 4-чейреги 

«Пара алуу менен күрөшүү менеджмент системасы. Талаптар жана колдонуу боюнча колдонмо» ISO 37001:2016 эл аралык стандартын ишке киргизүү

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы, Ички аудит кызматы, Банк ишин автоматташтыруу башкармалыгынын Операциялык тобокелдиктерди, иштеги кемчиликтерди аныктоо жана бизнеске талдоо жүргүзүү бөлүмү, Юридика башкармалыгы, Коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу (эксперт) 

 

13 

Лицензиялоо системасын жакшыртуу  

1. Талдоо жүргүзүп, лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн санын кыскартуу, ошондой эле аларды алуу боюнча жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү (адамдын өмүрү жана ден соолугуна потенциалдуу коркунуч келтирген же улуттук коопсуздук маселелерине тиешелүү чөйрөлөрдө гана лицензиялоо зарылчылыгын калтыруу менен). 

2020-жылдын 4-чейреги 

Лицензиялардын жана уруксат берүүлөрдүн санын кыскартуу, аларды алуу боюнча жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн. 

Банктарды көзөмөлдөө методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы, Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы, Төлөм системалары башкармалыгы