Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

2013-жылдын 16-октябрындагы 

№ 256-О буйругу менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013 - 2014 жылдарда коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча иш-чаралар программасы 

 

1. Жалпы жоболор 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары-Улуттук банк) Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча ушул программаны (мындан ары-Программа) төмөнкүлөрдүн негизинде иштеп чыккан: 

Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 “Коррупцияга каршы аракеттерди көрүү жөнүндө” мыйзамынын; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы аракеттенүү чаралары жөнүндө” Жарлыгынын; 

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы “Кыргыз Республикасын 2013 2017-жылдарда туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө» Жарлыгынын; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча 2012 2014-жылдарга каралган программасы жана иш-чаралар планынын; 

- Кыргыз Республикасынын 20132017жылдарда туруктуу өнүгүүгө өтүү программасынын. 

Коррупцияга каршы аракеттерди көрүү - мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, жарандык коом институттарынын, уюмдардын жана жеке адамдардын төмөнкүдөй ыйгарым укуктарынын чегинде жүргүзгөн иши: 

1) коррупциянын бөгөт коюу, анын ичинде коррупциянын себептерин аныктоо жана четтетүү (коррупциянын алдын алуу) боюнча; 

2) коррупциялык укук бузууларды аныктоо, тыюу салуу, бетин ачуу жана изилдөө

3) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу, жоюу; 

4) коррупциялык укук бузууларды аныктоого, бөгөт коюуга, тыюу салууга, бетин ачууга жана изилдөөгө көмөктөшүү

Бул программанын ишке ашырылышы коррупцияга каршы чаралардын ырааттуулугун жана алардын аткарылышын камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 

 

2. Улуттук банкта коррупциянын бөгөт коюу боюнча утурумдук чаралар 

Улуттук банк коррупциянын бөгөт коюу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүзүүдө

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы Коррупцияга бөгөт коюу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) коррупцияга бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү аркылуу коррупцияга бөгөт коюу жана каршы аракеттерди көрүү максатында түзүлгөн. Коррупцияга бөгөт коюу жана каршы аракеттерди көрүү боюнча мамлекеттики саясатты Улуттук банкта ишке ашыруу, комиссиянын негизги милдети болуп саналат. 

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы 26 Жарлыгын аткаруу максатында, Улуттук банктын Төрагасынын 2012-жылдын 29-февралындагы № 32-О буйругу менен Улуттук банктын Коррупцияга каршы аракеттерди көрүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү жагында көрүлгөн чаралар боюнча Иш-чаралар планы бекитилген. Улуттук банктын Коррупцияга каршы аракеттерди көрүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу жана коррупцияга каршы аракеттенүү жагында көрүлгөн чаралар боюнча Иш-чаралар планы Комиссия тарабынан чейрек сайын каралып турат. Жогоруда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын аткаруунун алкагында: 

2.1. Кыргыз Республикасы менен Улуттук банктын коррупцияга каршы аракеттерди көрүү боюнча негизги ченемдик документтеринин тизмеги түзүлгөн, ошондой эле башка өлкөлөрдүн коррупцияга каршы көрүлгөн чараларына иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү боюнча тажрыйбалары изилдөөгө алынган. 

2.2. Комиссиянын чечими менен Улуттук банкта коррупцияга өбөлгө түзүүчү негизги факторлор бекитилип, аларга бөгөт коюу боюнча чаралар иштелип чыккан. Бул документтер менен түзүмдүк бөлүмдөр тааныштырылган.  

2.3. Инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө тоскоолдук кылган коррупциогендик факторлорду четтетүүнүн алкагында, туруктуу негизде кемчиликтерди аныктоо жана колдонуудагы жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында ченемдик укуктук базага иликтөөлөр жүргүзүлүп, колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча тиешелүү сунуштар киргизилген. 

2.4. Улуттук банкта коррупция аныкталган учурда кызматтык териштирүү иши жүргүзүлүүгө тийиш. Аныкталган коррупциялык иштер фактылары бирдиктүү маалыматтар базасында катталат.  

2.5. Улуттук банктын эл алдында иш алып барган кызмат адамдарынын Өзүн алып жүрүү кодекси жана кызматтык жүрүм-турум долбоору иштелип чыккан. 

2.6. Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Корпоративдик кодексинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Бул долбоордо Улуттук банктын көзөмөлдүк функцияларын аткарган жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу кызматкерлердин категорияларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор камтылган.  

2.7. Туруктуу негизде көзөмөлдүк (контролдук) функцияларын аткарган жана ишкердик менен алектенген субъекттердин (ФКМ) ишине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө ыйгарым укук чегерилген кызматкерлердин ишкердигин жакшыртууга багытталган иш-чаралар жүзөгө ашырылып турат.  

2.8. Коррупциялык иштерди алдын алуу жана кадрлар менен иш алып баруу боюнча ишти жакшыртуу максатында Ички аудит кызматы тарабынан аудитордук текшерүүлөр жүргүзүлүп турат. 

2.9. Улуттук банктын адистеринин кесиптик даярдыгынын сапатын жогорулатуу үчүн банктын кызматкерлерине коррупцияга каршы чара көрүү боюнча окутуу семинарлары/тренингдер пландаштырылып, алар өткөрүлүп турат. 

2.10. Акчалай жыйымдардын так жөнгө салынышын камсыз кылуу үчүн Улуттук банкта кайрымдуулукка багытталган Жыйымдардын ачык тескөөгө алынышын камсыздоо жол-жобосунун долбоору иштелип чыккан.  

2.11. Төмөнкүлөрдү кошо алганда, шарттарды, жол-жоболорду жана сатып алуу механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган иштер жүргүзүлгөн:  

· Сатып алуу классификатору бекитилген. 

· Сатып алуулар жана типтүү келишимдер үчүн стандарттык формалар иштелип чыгып, туруктуу негизде колдонулууда.  

· Сертификациялоонун алкагында, сатып алууну уюштуруу маселелери боюнча техникалык координатордон болушкан бөлүмдөрдүн кызматкерлерин окутуу ишке ашырылууда. 

2.12. Банктын кызматкерлерине коррупциялык иштерге каршы аракеттерди көрүү боюнча укуктук маалымат берүү жана коомчулукка тигил же бул чөйрөдө коррупциялык тобокелдиктер тууралуу маалымдоо үчүн “Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча колдонмо” иштелип чыгып, түзүмдүк бөлүмдөргө тааныштырылган.  

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтомун жүзөгө ашыруу боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.  

 

 

3. Артыкчылыктар, максаттар жана милдеттер 

Программа 20132014-жылдарга карата иштелип чыккан.  

Программанын артыкчылыктары:  

1) Коррупциялык иштерди алдын алуу. 

2) Ачык-айкындуулукту жана эсепке алынышын жогорулатуу максатында Улуттук банкта башкаруу системасын модернизациялоо.  

3) Улуттук банктын жарандык коом менен тыгыш байланышта иш алып баруусу жана алардын маалымдуулугу.  

 

Программанын максаты:  

1) Улуттук банктын кызматкерлеринде коррупцияга каршы аракеттенүү сезимин күчөтүү жана коомдун борбордук банктын ишкердигине ишенимин жогорулатуу максатында, Улуттук банкта коррупцияга каршы чара көрүү системасын түзүү

2) Коррупциянын келип чыгышына, анын Улуттук банктын кызматкерлерине таасирин тийгизишине бөгөт коюу. 

3) Улуттук банктын коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын маалымдуулугун жогорулатуу жагында жарандык коом менен өз ара иш алып баруусун өнүктүрүү

 

Программанын милдеттери: 

1) Коррупцияга каршы чара көрүү саясатынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу; 

2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын коррупцияга каршы аракеттенүүсүнө алдын ала экспертиза жүргүзүлүшүн камсыздоо; 

3) Улуттук банкта коррупциянын жана коррупциялык тобокелдиктердин келип чыгышына өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды аныктоо, аларды четтетүү

4) коррупцияга жана коррупциялык тобокелдиктерге каршы аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

5) кадрларды ишке кабыл алуу системасын жана Улуттук банкка ишке кабыл алууга, ошондой эле кызматтык ишкердикке байланыштуу чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын сакталышына контролдукту өнүктүрүү

6) ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана Улуттук банктын ишине тиешелүү маалыматтардын ачык берилишин камсыздоо; 

7) Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүүдө жарандык коом институттары менен өз ара кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү

8) Улуттук банкта ишенимдүү башкаруу жана этикалык нормалар принциптерин өркүндөтүү

 

4. Программаны жүзөгө ашыруудан күтүлүп жаткан натыйжалар  

 

Программаны жүзөгө ашыруудан күтүлүп жаткан натыйжалар: 

1) Улуттук банкта тескөөгө алуу натыйжалуулугун жогорулатуу; 

2) Улуттук банктын кызматкерлерин коррупцияга каршы аракеттенүүнү уюштуруу чөйрөсүндө кесиптик жактан даярдоо сапатын жогорулатуу; 

3) Улуттук банктын ишине жарандардын ишенимин бекемдөө

4) Улуттук банктын ишине тиешелүү маалыматтардын ачык-айкындуу берилиши.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Программаны жана Иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” токтомун аткаруунун алкагында, ошондой эле Программаны жүзөгө ашыруу максатында, Улуттук банкта 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү планы иштелип чыгып, анда бул боюнча негизги иш-чаралар жана аткаруучулар (кошо тиркелет) көрсөтүлгөн.  

 

5. Мониторинг жана баа берүү 

 

Программанын жана Иш-чаралар планынын аткарылышына мониторинг, Улуттук банкта коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иштерди аткарууга жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктуу адам түзүмдүк бөлүмдөр сунуштаган отчетторду жалпылап, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Коррупцияга каршы чара көрүү жагында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары Улуттук банкта чейрек сайын Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комиссия тарабынан кароого алынат.  

Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы жөнгө салуу саясаты министрлигине чейрек сайын төмөнкүлөр сунушталат: 

· Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы №596 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Программанын жана Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу отчет (“1 А” формасы боюнча); 

· Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен бекитилген Улуттук банктын 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Программанын жана Иш-чаралар планынын аткарылышы тууралуу отчет (“1 Б” формасы боюнча). 

 

6. Индикативдик бөлүштүрүлгөн бюджет 

 

Программанын финансылык сарптоолорду талап кылган иш-чараларын, Улуттук банктын тиешелүү жылга бөлүнгөн суммаларынын чегиндеги бюджетинин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана донор-өлкөлөрдүн техникалык жана консультативдик көмөктөшүү линиясы боюнча тартылган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашыруу каралган.