КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2012-жылдын 30-августу N 596 

2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планын жана программасын бекитүү жөнүндө 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомунун редакциясына ылайык) 

"Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларына мониторингди жана баалоонун механизмдерин аныктоонун, программалык чараларды жана индикаторлорду деталдаштыруунун жана артыкчылыктуу кылуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары - Программа) 1-тиркемеге ылайык; 

- 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чараларынын планы (мындан ары - План) 2-тиркемеге ылайык. 

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: 

- Программаны жана Планды кыйшаюусуз аткаруу боюнча толук чараларды көрүшсүн; 

- отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин, квартал сайын, Программанын, Пландын жана коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине берип турушсун; 

- отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин, квартал сайын, Программанын, Пландын жана коррупцияга каршы туруу боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарынын аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына берип турушсун; 

- Планды ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жүргүзүшсүн. 

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Программаны, Планды жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын ведомстволук пландарын баалоо жана мониторингдөө боюнча катчылыгы (жумушчу органы) болуп аныкталсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги: 

- функциялардын кошумча жүктөлүшүнө байланыштуу үч штаттык бирдиктин чегинде штаттык расписаниени көбөйтүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин; 

- Программаны жана Планды аткаруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштурууну жана координациялоону камсыз кылсын; 

- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Программаны жана Планды ишке ашыруунун бириктирилген отчетун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте берип турсун. 

5. Бул токтомдун аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аткаруу бийлигинин органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине жүктөлсүн. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы N 327 "2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы туруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын. 

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн. 

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 2-октябрында N 87 жарыяланды 

  

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу 

  

Ө.Бабанов 

 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

2012-жылдын 30-августундагы 

N 596 токтому менен 

бекитилген 

 

2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 

ПРОГРАММАСЫ 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Программанын артыкчылыктары, максаты жана милдети 

3. Өкмөт тарабынан көрүлгөн учурдагы чаралар 

4. Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар 

5. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо 

6. Индикативдик бөлүнгөн бюджет 

 

1. Жалпы жоболор 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча программасы (мындан ары - Программа) комплекстүү мүнөздө, Өкмөт тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан коррупцияга каршы аракеттенүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик чаралардын системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат. 

Бул Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы мамлекеттик саясатынын стратегиясына (мындан ары Стратегия) ылайык иштелип чыккан. 

Бул Программада чагылдырылган иш-чаралар төмөндөгү базалык компоненттерди эске алуу менен түзүлгөн кыска мөөнөттүк жана орто мөөнөттүк чаралардын комплексин камтыйт: 

- коррупция менен күрөшүү боюнча аракеттердин Стамбул пландарынын талаптарын Кыргызстандын аткарышы боюнча Өнүктүрүү жана экономикалык кызматташтык боюнча уюмдун (ӨЭКУ) рекомендацияларын; 

- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган чараларды; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" Программасынын Иш-чаралар планында каралган жоболорду жана чараларды (2012-ж. 25.01 N 55). 

Бул Программа: 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) ишинде тиешелүү мамлекеттик башкарууну камсыз кылуунун, демократиялык башаттын тамырын тереңдетүүнүн, айкындуулуктун, ачыктыктын жана контролдоонун зарылдыгынан улам кабыл алынууда; 

- жарандардын мамлекеттик бийлик системасына карата ишенимин бекемдөөгө, коррупциянын алдын алуунун туруктуу укуктук негиздерин түзүүгө жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө эл аралык укуктун ченемдерин эске алуу менен улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт; 

- Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын негизги принциптерин жана ыкмаларын аныктоочу программалык документ болуп саналат; 

- ошондой эле активдүү кызматташтыкты жана жарандык коом менен коррупцияга каршы аракеттенүүнү карайт; 

- Өкмөт тарабынан коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча артыкчылыктарды, индикаторлорду жана механизмдерди аныктайт. 

Программаны ишке ашыруу төмөнкү принциптерди сактоо менен уюштуруучу иш-чаралардын кеңири комплексин иштеп чыгууну жана аткарууну болжолдойт: 

- таасирдүүлүгү жана натыйжалуулугу; 

- ишке ашыруучулугу (аткаруучулугу) жана даректүүлүгү (жооптуулугу); 

- улантуучулугу жана туруктуулугу; 

- комплекстүүлүгү жана системалуулугу. 

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча натыйжалуу чаралар анын конкреттүү түрүнө жараша иштелип чыгат. Каршы аракеттенүүнүн негизги каражаттары болуп коррупция үчүн болуп келген шарттарды табуу жана четтетүү, ошондой эле коррупцияга алып келе турган шарттарды түзүү аракеттерине бөгөт коюу болуп калат. Программа чектөөлөрдүн атайын иштелип чыккан түрүндө коррупцияга каршы чараларга негизделет, мамлекеттик органдардын күндөлүк ишинин катарын толуктайт, жана дайыма аткарылат. 

Укук коргоо жана атайын органдардын ыкмалары жана каражаттары менен гана күрөшүү - бул социалдык зыянды жаратуунун себептери менен эмес, демек анын кесепеттери менен гана күрөшүү болуп калат. Буга байланыштуу ОЭКУнун эксперттери тарабынан Кыргызстандагы коррупция менен күрөшүү тууралуу жарыяланган жаңы отчетто Өкмөт, коррупциянын пайда болушунун себептери менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүүдө деп белгиленген. Ошондой эле дүйнөлүк тажрыйба бул иште сезилерлик натыйжага коомчулуктун колдоосу менен гана жетишүүгө мүмкүн экендигин көрсөтөт. 

 

2. Программанын артыкчылыктары, максаты жана милдети 

 

Түзүлгөн кырдаалдын өзгөрүшүнө кызыкпаган чиновниктердин калың катмары, ошондой эле коррупция менен күрөшүүгө окшогон милдеттерди чечүүгө карата жарамсыз ыкмаларды аныктаган мамлекеттик кызматтарда эскиче көндүм болгон көз караш жана басымдуулук кылган жагдай сакталып турганда, мамлекеттик органдардын мүмкүнчүлүгүн сын көз караш менен баалап, Программада коррупцияны табуу жана алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү тууралуу төмөнкү артыкчылыктар белгиленүүдө

1-артыкчылык. Коррупциялык схемаларды жоюу. 

2-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгын жана отчеттуулугун арттыруу максатында мамлекеттик башкарууну реформалоо жана модернизациялоо. 

3-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү жана анын маалымдуулугу. 

Программанын максаты: 

- социалдык, экономикалык жана укуктук чөйрөлөрдө мамлекеттин саясатын ишке ашырууну камсыз кыла турган кепилдиктерди күчөтүү менен коррупциялык схемаларды табуу жана четтетүү

- мамлекеттик кызмат системасын коррупциялык процесстердин бузуку таасиринен коргоо жана анын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун жогорулатуу; 

- коррупцияга каршы аракеттенүү ишинде мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун күч-аракеттерин бириктирүү жана анын маалымдуулугун арттыруу. 

Программанын негизги милдети болуп төмөнкүлөр саналат: 

- коррупцияны жараткан жана коштогон коррупциялык схемаларды табуу жана четтетүү менен пайда болгон көйгөйлөрдү комплекстүү чечүүнү камсыз кылуу, анын социалдык-экономикалык тамырынын нак өзүн ачуу, мыйзамга баш ийүүчүлүк жашоо мүнөзүн жана демократиялык жана укуктук мамлекеттин постулаттары менен туура келбестигин жайылтуу; 

- мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун арттыруу боюнча бекитилген иш-чараларды ишке ашырууда күч аракеттерди уюштуруунун, координациялоонун жана бириктирүүнүн жана ресурстарды айкалыштыруунун бирдиктүү жол-жоболорун кабыл алуу; 

- мамлекеттик органдардын жарандык коомдун институттары менен болгон маалымдуулугунун жана өз ара аракеттенүүлөрүнүн бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин иштеп чыгуу жана белгилөө

 

3. Өкмөт тарабынан көрүлгөн учурдагы чаралар 

 

Өкмөт тарабынан коррупциялык схемаларды четтетүү, мамлекеттик кызматтын системасын анын ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу менен оптималдаштыруу жана модернизациялоо, ошондой эле ар кандай коррупцияга каршы чаралардын ажырагыс бөлүгү болгон коомдук бирикмелер жана жарандык сектор менен өз ара аракеттенүүнүн жана кызматташуунун ар түрдүү формаларын кеңейтүү боюнча активдүү иш-аракеттер жүргүзүлөт. Коомдук колдоо коррупция менен күрөшүүнүн негизги элементтеринин бири болуп калат. Буга байланыштуу мамлекеттик органдарга караштуу Коомдук байкоочу кеңештер менен өз ара мамилелердин деңгээлин жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүү жана региондук деңгээлде ушул сыяктуу институттарды түзүү алдыда турат. 

Өкмөт тарабынан буга чейин бир катар маанилүү чаралар ишке ашырылды: 

1) Реформа жүргүзүүнүн натыйжасында мамлекеттик контролдоочу органдардын саны 21ден 12ге чейин кыскартылды. 

2) Жүргүзүлгөн текшерүүлөргө талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну караган тобокелдиктерди баалоонун критерийлери жайылтылууда жана бул тобокелдиктердин критерийлерин баалоонун деңгээлине жараша ишкердик субъекттерин пландуу текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн жөнгө салат. 

3) Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген мамлекеттик контролдоочу органдардын "Текшерүү баракчалары" бекитилди. 

4) Тобокелдиктин критерийлерин аныктоону эске алуу менен ишкердик субъекттери жөнүндөгү маалыматтар базасын түзүүнү караган "Контр-Про 3" долбоорун иштеп чыгуу аяктоодо. 

5) Жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү 20 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Тизмеге болгону 386сы кирип мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлдү

6) Бүгүнкү күндө уруксат берүүлөрдүн лицензиялардын жана алардын түрлөрүнүн 563 каралды, мында алардын 177си алынып салган. Жыйынтыгында бардык лицензиялардын, уруксаттардын жана аларга кирген түрлөрүнүн "Кыргыз Республикасында лицензиялар жана уруксааттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзам долбоору менен каралган уруксат берүүчү документтеринин 100 түрү калат. 

7) "Ишкердик иш-аракетти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-мартындагы N 206 токтому менен "Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылган, анда лицензияга арызды жана лицензия берүүнү кароонун мөөнөттөрү менен байланышкан лицензиялоонун жол-жоболорун ишке ашырууда мамлекеттик лицензиар-органдардын аракеттерин регламентациялоого багытталган "унчукпоо-макулдуктун белгиси" деген ченемди киргизүү каралган. 

8) Оперативдик жана концептуалдык башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуучу мамлекеттик органдардын ишин баалоонун натыйжалуу системасын, ошондой эле республиканын коомчулугу жана калкы менен ачык диалог түзүү боюнча мамлекеттик органдардын иш аракеттерин баалоо системасын түзүү боюнча иш-аракеттер жасалган. 

Буга байланыштуу мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын баалоо үчүн ченемдик укуктук актылардын пакети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому менен бекитилди. 

Баалоонун бул критерийлери базалык, вариативдик көрсөткүчтөр, ошондой эле коомдук пикирди угуу жана эл аралык рейтингдерди жогорулатуу менен негизделди. 

9) Башкаруунун административдик методдорунан алыстоо, бюрократиялык жол-жоболордун деңгээлин жана чыр-чатактардын пайда болуусун төмөндөтүү шарттары камтылган тоо кен бизнеси үчүн "жаңы эрежелер" киргизилет. 

 

4. Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар 

 

Программаны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар: 

1) Саясий күтүүлөр: 

- мамлекеттик органдарга ишенимди бекемдөө

- аткаруу бийлик системасынын мамлекеттик органдарынын кадыр-баркын чыңдоо, ошондой эле эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын көтөрүү

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга багытталган, мамлекеттик саясатка шайкеш келбеген айрым корпоративдик кызыкчылыктын таасирин азайтуу; 

- реалдуу саясий атаандаштыкты күчөтүү, демократиялык институттардын жана мамлекеттик институттардын туруктуу иштешин алсыздандыруунун коркунучун азайтуу. 

2) Экономикалык күтүүлөр: 

- туруктуу өнүгүү жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү

- коррупциянын деңгээлинин аракеттенүү чөйрөсүн тарытуу, салыктык келип түшүүлөрдү көбөйтүү, экономикалык иш чөйрөсүндө ишкер активдүүлүктү жогорулатуу, бюджеттик чөйрөнү чыңдоо; 

- реалдуу атаандаштык механизмдерди ишке кошуу, экономиканын реалдуу секторун чыңдоо, коррупциялык финансылык агымдарды системалуу көзөмөлгө алуу; 

- ишкер жана ишкердик активдүүлүктү көбөйтүү

- аткаруу бийлигинин "оюндун акыйкат эрежесин" белгилөөгө жана сактоого жөндөмдүү экендигине ишкердик чөйрөсүнүн ишенимин бекемдөө

3) Социалдык күтүүлөр: 

- коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өз ара кеңири аракеттенүүсү

- мамлекет менен коомдун жашоосун жөнгө салуунун негизги куралы катары укукту калыбына келтирүү, кылмыштуулук менен чиновниктик зомбулуктун алдында жарандардын корголгондук сезимин чыңдоо; 

- мүлктүк теңсиздиктин өсүш темпин жана социалдык чыр-чатактардын пайда болуу мүмкүндүгүн кыскартуу; 

- контролдоочу, укук коргоочу жана башка мамлекеттик органдардын коррупциялануусун азайтуу; 

- социалдык чыңалууну азайтуу, өлкөдө социалдык жана саясий туруктуулукту чыңдоо. 

 

5. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо 

 

Стратегияда Кыргыз Республикасында коррупция менен күрөшүүнү системалаштырууга бир нече жолу аракет жасалган деп белгиленет, бирок алар формалдык жана декларативдик мүнөздө болгон. Өлкөнүн жетекчилигинин саясий эркинин жоктугу, аткарууну координациялоо жана ага мониторинг жүргүзүү боюнча компетенттүү органдын жоктугу жана анын натыйжасы катары бул же тигил иш-чара канчалык көлөмдө аткарылгандыгын аныктоого мүмкүн эместиги мурда кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын негизги кемчилиги болгон. 

Саясий эрк жетиштүү болгон азыркы этапта Программада каралган коррупцияга каршы аракеттер системасынын ырааттуулугун, бүтүндүүлүгүн жана бүткөрүлүшүн камсыз кылуу зарыл болот. Буга байланыштуу аны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу сунушталат. Ошондой эле Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө жана баалоодо объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо үчүн өкмөттүк эмес уюмдар жана көз карандысыз эксперттер тартылышат. 

Программа натыйжалуу көрсөткүчтөрдүн индикаторлору аркылуу көзөмөлдөөгө алынат. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын маалыматтын эки: мамлекеттик (расмий) жана мамлекеттик эмес (коомдук) альтернативдик каналын түзүү аркылуу куруу белгиленүүдө

Мониторингдин маалыматтарынын негизинде мезгили менен Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруунун натыйжалуулугу бааланат, анын жүрүшүндө "начар" жерлери жана кемчиликтери аныкталат. Алынган жыйынтыктардын негизинде аракеттердин натыйжалуулугун жогорулатуу, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу колдонуу, кызыкдар аткаруучулар менен координациялоону жакшыртуу боюнча оперативдүү чечимдер кабыл алынат. Мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун жана донордук коомдун координацияланган күч-аракети программага мониторинг жүргүзүү жана баалоонун натыйжалуу системасын түзүүдө жана чыңдоодо ийгиликтин салымы болуп калышы керек. 

2014-жылы Программаны ишке ашыруудан Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын ийгиликтүүлүгүнүн күтүлгөн негизги индикаторлору төмөнкүлөр болуп калат: 

- өсүш темпи жана ИДПнын структурасы; 

- негизги капиталга инвестициялардын ИДПдагы үлүшү

- мамлекеттик бюджеттин дефицити/профицити; 

- катталган чарбакер субъекттердин санынын өсүш көрсөткүчтөрү жана салыктык төлөмдөрүнүн көлөмүнүн өсүшү

- анкеттөө жолу менен коомдук пикирди комплекстүү сурамжылоого негизделген жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине "Калктын ишеним индексинен" жана "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоонун индексинен турган "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 токтомуна ылайык аныкталган "Калктын ишеним индекси" боюнча көрсөткүчтөр; 

- жыл сайын өлчөө негизинде Программанын жыйынтыктарына карата жарандык коомдун "Ишеним индикатору"; 

- Transparency International "Коррупцияны кабылдоонун индекси" (CPI) боюнча Кыргызстандын деңгээли; 

- Дүйнөлүк банк тарабынан жарыялануучу "Бизнес жүргүзүүнүн шарттарына жана ишканалардын ишине саресеп", (Business Environment and Enterprise Performance Survey (BEEPS); 

- мамлекеттик башкаруунун сапатынын Индексин коюучу - Дүйнөлүк банктын World Governance Indicators (WGI), коррупция менен байланышкан иликтөөлөрдү өзүнө камтыган, долбоорунун изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары; 

- Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында жарыялануучу Экономикалык ийгиликтүүлүктүн индексин (Global Competitiveness Index - GCI) коррупция көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналган индексти колдонуу менен ар кандай өлкөлөрдө бизнес жүргүзүүнүн ийгиликтүүлүгүнө жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы (GCI Индекси маанилүү экономикалык көрсөткүчтөрдүн жана жүздөн ашык дүйнөлүк рейтингдердин негизинде 142 өлкө үчүн түзүлөт); 

- Freedom House уюмунун комплекстик изилдөөсүнүн көрсөткүчтөрү

- өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүшүн баалоо, "Улуттар транзитте" комплекстүү изилдөөлөрүнүн көрсөткүчтөрү өлкөлөрдөгү демократиянын өнүгүшүн баалоого арналган (демократиянын өнүгүшүнүн рейтингдик баасы окумуштуулар, эксперттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан коюлат, аларга сурамжылоо барагындагы суроолорго жооп берүү сунушталат); 

- Heritage Foundation сайтында жарыяланган коррупциянын рейтинги, (10 эркиндик изилденет, анын бири - коррупциядан эркин болуу) алар экономист Адам Смиттин идеяларын ээрчишет, ал аны 1776-жылы "Улуттун саламаттыгы" деген эмгегинде өөрчүткөн. 

Бул индикаторлор базалык көрсөткүчтөр үчүн колдонулат жана туруктуу негизде көзөмөлгө алынат. 

Ушул Программанын орто мөөнөттүк чараларынын алкагында каралган иш-чаралар дайыма жаңыланып туруучу болуп саналат, алардын мазмунун Өкмөттүн алдында турган артыкчылыктарга жараша өзгөртүп жана толуктап туруу зарыл. Иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга тоскоолдук кылган себептер пайда болгон учурда, аткаруучулар координатор менен макулдашуу боюнча аларды ишке ашыруунун мөөнөтүн өзгөртүү же аткарууну жоюу тууралуу Өкмөттүн кароосуна сунуштарды киргизет. 

Тандалып алынган артыкчылыктардын ар бири боюнча ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүн баалоонун өлчөнүүчү индикаторлору ушул Программанын 7-бөлүмүндө көрсөтүлгөн, мында ошондон эле белгиленген иш-чаралардын ар бир пункту боюнча күтүлгөн аралыктагы жыйынтыктар келтирилет. 

 

6. Индикативдик бөлүнгөн бюджет 

 

Программанын финансылык чыгымдарды талап кылган иш-чараларын жүзөгө ашыруу тийиштүү жылга мамлекеттик органдарга бөлүнгөн сумманын чегинде мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын, тышкы карыздын, ошондой эле техникалык жана консультативдик жардамдар линиясы боюнча эл аралык уюмдардан жана донор-өлкөлөрдөн тартылган ресурстардын эсебинен каралган. 

 

Жыл боюнча жыйынтык суммасы (сом)  

2012-ж.  

2013-ж.  

2014-ж.  

1-артыкчылык. Коррупциялык схемаларды четтетүү  

2785449,0 

951285,4 

697609,3 

2-артыкчылык. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту огорулатуу максатында мамлекеттик башкарууну реформалоо жана модернизациялоо  

2216353,0 

929387,2 

673521,2 

3-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттери жана анын маалымдуулугу  

3170951,0 

2536761,0 

348804,7 

Бардыгы  

8172753,0 

4417433,6 

1719935,2 

 

Эскертүү. Бул эсептөөлөр мамлекеттик органдарын кызматчыларынын эмгек акыларынын фонду боюнча орточо көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелген индикативдик маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү

2013-2014-жылдар үчүн жылдарга 10 пайыздык көбөйтүү принциби колдонулду. 

  

  

  

2-тиркеме 

2012-2014-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы N 395 токтомунун редакциясына ылайык) 

1-артыкчылык. Коррупциялык схемаларды четтетүү 

Баалоонун өлчөнүүчү индикаторлору: коррупцияга каршы аракеттенүү механизмдеринин улуттук комплекстүү системасынын аракеттениши; түзүлүп жаткан максаттуу жумушчу топторунун иш аракеттеринин натыйжалуулугу; коррупциялык көрүнүштөрдү төмөндөтүү жана алдын алуу боюнча бекитилген иш-чаралар пландары; мамлекеттик органдардын жана жумушчу топтордун жарыяланган отчеттору; мамлекеттик органдарды жана аныкталган кызматтык ыйгарым укуктарынын бийлик ыйгарым укуктарын ажыратып караганда коррупциялык тобокелдиктердин системага салынган тизмеси; коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана кабыл алуу; мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн шарттарын жана натыйжаларын расмий сайтта жайгаштыруу; мамлекеттик органдардын функцияларынын бөлүгүн аутсорсингге берүү; ишкердик иш аракетти жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларга регулятивдик таасирин талдоонун бекитилген методикасы; финансылык көрсөткүчтөрдү мониторингдөө боюнча системанын ишке кириши жана аракеттениши; коррупциогендик факторлорду табуу жана четтетүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талдоо (ревизия жүргүзүү) боюнча системанын бар болушу; мамлекеттик кызматчылардын кирешелерин жана чыгымдарын иштиктүү контролдоо; мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ачыктыгы; коомдук пикирди суроонун натыйжалары; коррупциялык кылмыштар боюнча соттун чыгарылган өкүмдөрү

Коррупциялык схемаларды четтетүү боюнча кыска мөөнөттүк чаралар 

  

  

Таблица 1.1 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруучулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

Энергетикадагы, кен байлыктарды пайдалануудагы, трансформациялоодогу жана жер бөлүштүрүүдөгү, жер тилкелерин сатуудагы, мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана алдын алуу боюнча өкмөттүк иш чаралар планын иштеп чыгуу 

Өкмөт Аппараты 

ЭӨМ, МКК, Курулуш агенттиги, СӨМ, ИИМ, ЭККМК, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), УКМК ККК 

Коррупциялык схемаларды табуу жана четтетүү. Мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш чаралардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу. Конкреттүү чөйрөдө коррупциялык укук бузуулар менен көрүшүүгө багытталган системалык жана уюштуруучулук мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу 

2012-ж. октябры 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, энергетикадагы, кен байлыктарды пайдалануудагы, трансформациялоодогу жана жер бөлүштүрүүдөгү, жер тилкелерин сатуудагы, мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан гуманитардык жардамды бөлүштүрүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу жана алдын алуу боюнча иш чаралар планы 

Билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм, бажы жана салык чөйрөсүндө, миграция жана иш менен камсыз кылуу, энергетика системасында, калкты, кыймылсыз мүлктү, транспорт каражаттарын, ЖАСты, ЖККББны паспорттошту- руу/каттоо, шаар куруу жана башка чөйрөлөрдө коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик жол-жоболорун талдоо жана коррупцияга каршы моделдерди иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүү 

ЭжМКСМ 

ЮМ, ФМ, ЭМЖМ, ССМ, ЖАМК, МКК, ИИМ, УКМК ККК ЖӨБО (макул- дашуу боюнча) 

Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо. Мамлекеттик органдар тарабынан өткөрүлгөн иш чаралардын ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу. Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын өтө коррупциялашкан иш чөйрөлөрүн табуу 

2012-ж. аягына чейин 

1. Жумушчу топту түзүү жөнүндө бекитилген ченемдик укуктук акт. 

2. Мамлекеттик органдарды жана аныкталган кызматтык ыйгарым укуктардын ажыратып караганда коррупциялык тобокелдиктердин системага салынган тизмеси. 

3. Жумушчу топтун жарыяланган отчеттору 

Милдеттүү-лицензиялоого тийиштүү болгон иш түрлөрүнүн бирдиктүү конкреттүү тизмесин түзүү, бир эле иштин түрүн эки ирет лицензиялоодон алыс болуу, лицензиялоо критерийлеринин так эмес формулировкаларын жоюу, так лицензиялоо талаптарын аныктоо жана лицензиялоо органдарынын функцияларынын бир бөлүгүн өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарга берүү максатында "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык система жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу" жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү 

ЭжМКСМ 

Кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте эл аралык эксперттерди, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн (макулдашуу боюнча) тартуу менен 

Лицензиялоо ишинин түрлөрүнүн тизмесин азайтуу, документтерди кароонун жана лицензияларды берүүнүн ачыктыгы, ашыкча милдеттүү талаптардан баш тартуу, мамлекеттик органдардын ишкердик ишке кийлигишүүсүн азайтуунун эсебинен өзгөчө эркин ишкердик чөйрөсү 

2012-ж. 4-кварталы 

1. "Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу. 

2. Милдеттүү лицензиялоого тийиштүү иш түрлөрүнүн бирдиктүү конкреттүү тизмесин түзүү

3. Так лицензиялык талаптарды орнотуу. 

4. Лицензиялык органдардын функцияларынын бөлүгүн өзүн-өзү башкаруу уюмдарга аутсорсингге берүү 

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө комиссиялардын курамына коррупциялык коркунучтарды азайтууга мүмкүнчүлүк берген КБКнын мүчөлөрүн кошуу менен ачыктыкты, айкындыкты жана атаандаштыктын кеңири чөйрөсүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуу жана ачык-айкын системасын иштеп чыгуу 

ФМ 

Кызыкдар мамлекеттик органдар менен бирдикте 

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды колдонуунун ачыктыгын камсыз кылуу 

2012-ж. октябры 

Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүнүн шарттарын жана натыйжаларын расмий сайтта жайгаштыруу 

Ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда коррупциялык фактыларды киргизүүгө мүмкүндүк бербеген, чечимдерди кабыл алуу системасын жакшыртуу. Ишкердик ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыга регулятивдик таасирди талдоонун Жаңы методикасын иштеп чыгуу жана жайылтуу 

ЭжМКСМ 

ЮМ, ишке тартылган эл аралык эксперттер 

Ишкердик өнүгүүсүнө терс таасир берүүчү ченемдик укуктук актынын кабыл алынуусун алдын алуу 

2012-ж. ноябры 

Ишкердик ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыга регулятивдик таасирди талдоонун бекитилген методикасы 

Коррупция менен күрөшүү жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук инструменттерде каралган чекте, коррупциялык кылмыштык укук бузуулар үчүн юридикалык талаптардын натыйжалуу жана таасирдүү жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын укук системасына киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароо 

ЮМ 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), ФЧМК, УКМК ККК, ЭККМК 

Юридикалык жактардын коррупциялык көрүнүштөрүнө карата стимулдарды азайтуу 

2012-ж. декабры 

Бул маселени Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун (Иш-аракеттердин стамбулдук планы) отчету боюнча сунуштамалардын чегинде алып салуу 

Экономикалык жана социалдык маанидеги маалыматтык массивдерди түзүү процесстерин автоматташтыруу, экономикалык иш субъекттеринин финансылык көрсөткүчтөрүн талдоо жана мониторингдөө үчүн маалыматтык банкты түзүү маселесин иштеп чыгуу 

МСК 

ЭжМКСМ, МБК, СИУИ, Улутстатском (макулдашуу боюнча) 

Маалыматтык банктын иштөөсү экономиканын бардык секторлорунда жана тармактарында товарларды өндүрүүнүн жана тейлөөлөрдүн жашырын жана мыйзамсыз көлөмдөрүн табуу жана баалоо боюнча уюштуруучулук жана методологиялык чаралардын комплексин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет жана мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү боюнча ишти уюштурууда предметтүүлүктү киргизет 

2012-ж. аягына чейин 

Иштелип чыккан долбоордун сунуш. Финансылык көрсөткүчтөрдү мониторингдөө боюнча системаны ишке киргизүү жана иштеши 

Азыркы иштеп жаткан мыйзамдардагы жана мыйзам актыларындагы, мамлекеттик органдар жөнүндө жоболордогу коррупциогендик факторлорду табуу максаты менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын талдоо механизмин иштеп чыгуу жана жайылтуу 

ЮМ 

Мамлекеттик органдар 

Инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө тоскоол болгон коррупциогендик факторлорду четтетүү 

2012-ж. 3-кварталы 

Коррупциогендик факторлорду табуу жана четтетүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талдоо (ревизия жүргүзүү) боюнча системанын бар болушу 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Электрондук мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук кайтарым аукционун өткөрүү эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтом долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү 

ФМ 

Мамлекеттик органдар 

Чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик сатып алуунун натыйжалуу жана ачык системасын түзүү 

2012-ж. 3-кварталынын аягына чейин 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Электрондук мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук кайтарым аукционун өткөрүү эрежелери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун кабыл алуу 

10 

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан ачык жана жашырын оперативдүү маалыматтар болгон учурда коррупциялык ишке тиешеси бар адамдардын жана уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине бөгөт коюу боюнча биргелешкен максатка ылайыктуу оперативдүү-издөө иш-чараларын өткөрүү 

УКМК ККК 

ИИМ, МБК ЭККМК, БКМК 

Коррупциялык кылмыштардын алдын алуу жана ачууда натыйжалуулук. Келип түшкөн маалыматты функциялык жоопкерчилигине жараша конкреттүү укук коргоо органдары тарабынан текшерүү процессинин оперативдүүлүгү жана ачыктыгы 

2012-ж. декабры 

Коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү жөнүндө кабыл алынган ведомстволор аралык макулдашуулар. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн иштелип чыккан системасы 

11 

Экономика, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө. ошондой эле мамлекеттик үлүшү бар ишканаларда жана мекемелерде коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, табуу жана бөгөт коюу боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана фискалдык органдарынын ортосунда оперативдүү маалыматты алмашуунун тартибин иштеп чыгуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

УКМК ККК, ИИМ, МСК, МБК, ЭККМК, Маммүлкфонд 

Козголгон кылмыш иштери боюнча далилдөөчү базаны камсыз кылуу, териштирүүнүн процессин жана мөөнөттөрүн контролдоо 

2012-ж. декабры 

Маалыматты сунуштоо жана алмашуу тартиби жөнүндө түзүлгөн ведомстволор аралык макулдашуулар. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн иштелип чыккан системасы 

12 

Республиканын билим берүү жана илим мекемелеринде акча каражаттарын негизсиз жыйноого мүмкүндүк берген шарттарды жоюу максатында, Кыргыз Республикасынын билим жана илим чөйрөсүн жөнгө салган азыркы иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу жана киргизүү 

БИМ 

ЖӨБ органдарына караштуу билим берүү боюнча департаменттер, ЖОЖдор жана башка билим берүү мекемелери 

Билим берүү чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин жакшыртуу. Республиканын билим берүү жана илим мекемелеринде акча каражаттарын негизсиз жыйноону четтетүү 

2012-ж. аягына чейин 

Республиканын билим берүү жана илим мекемелеринде акча каражаттарын негизсиз жыйноого мүмкүндүк берген шарттарды жокко чыгарган, кабыл алынган ченемдик укуктук актылар 

13 

үбөлөрдү, жабырлануучуларды жана сот арачыларын жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча чараларды камсыз кылуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

ИИМ, УКМК, МБК, ЭККМК, БКМК 

Кылмыш-жаза иштери боюнча далилдерди камсыз кылуу, токтотулган иштердин жана актоочу өкүмдөрдүн санын азайтуу 

2012-ж. 4-кварталы 

Күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана сот арачыларын жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларын коргоонун натыйжалуу системасы 

14 

Эгер мындай маалыматтар тергөөгө чейинки текшерүүнү жана мүмкүн болгон кылмышты алдын ала териштирүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болсо, укук коргоо органдары тарабынан банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарга кирүүнү камсыз кылуу боюнча жана салык, бажы органдарында конкреттүү жеке же юридикалык тараптарга карата эл аралык тажрыйбаны талдоо жана эл аралык мыйзамдардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен укуктук ченемдерин жайылтуунун мүмкүнчүлүгүн кароо 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

ФЧМК, УБ (макулдашуу боюнча) эл аралык донорлор жана институттар менен бирдикте 

Коррупциялык иштер боюнча тергөөгө текшерүүнүн чегинде кылмыш-жаза иши козголгонго чейин банктык маалыматтарга кирүүнү камсыз кылуу 

2012-ж. аягына чейин 

Коррупциялык кылмыштарды териштирүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу 

15 

"Инсайдерлик бүтүмдөр" үчүн мыйзамдуу түрдө бекитүү жана жоопкерчиликке тартуу 

ФЧМК 

Башпрокуратура жана КРУБ (макулдашуу боюнча), Мамфинкөзөмөл 

Ички жашыруун маалыматты колдонуу менен коррупциялык схемаларды четтетүү 

2012-ж. аягына чейин 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү 

16 

Коррупциялык ишке катышкан менчиктин ар кандай формаларындагы уюмдарга (ишкердиктин субъекттерине) санкцияларды колдонуу каралган мыйзамдуу чаралардын пакетин иштеп чыгуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

ЭККМК 

Ишкердик чөйрөсүндө коррупциялык схемаларды четтетүү 

2012-ж. аягына чейин 

Коррупциялык иш үчүн - компанияны мамлекеттик насыя берүүдөн, лицензиялардан, мамлекеттик жеткирүүлөр боюнча контракттарды бекитүүгө мораторийлер- ден ажыратуу үчүн санкцияны мыйзамдуу түрдө бекитүү 

  

Коррупциялык схеманы четтетүү боюнча орто мөөнөттүк чаралар 

  

  

Таблица 1.2 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруучулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

17 

Мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүү жана верификациялоо механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Тастыкталбаган маалыматты бергендиги үчүн жоопкерчиликти өркүндөтүү жана конкреттүү чараларды аныктоо 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдардын Статс-катчылары 

Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын контролдоонун таасирдүү механизмин түзүү 

2013-ж. биринчи жарым жылдыгы 

Мамлекеттик кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын контролдоонун бекитилген ыкмалары жана мыйзамдык бекитилген механизмдери 

18 

Иликтөө иш-чараларын жашыруу жана сапатсыз аткаруу фактыларына каршы туруу максатында кылмыштарды жана укук бузууларды эсепке алуу китепчесинен эсепке алуунун электрондук системасына өтүү боюнча зарыл болгон иш чараларды өткөрүү 

ИИМ 

УКМК, БКМК, ЭККМК, МБК, ФМ, ЖАМК 

Кыргыз Республикасынын укук коргоочу органдарынын ар кандай структуралык бөлүмдөрүнө келип түшкөн арыздарды, кайрылууларды жана даттанууларды эсепке алуу процессин оптималдаштыруу 

2013-ж. аягына чейин (бардык региондорду камтуу менен) 

Кылмыштарды укук бузууларды эсепке алуунун электрондук системасын ишке киргизүү 

19 

Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу боюнча бирдиктүү органды аныктоо. Сатып алуу жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу үчүн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн электрондук системасын ишке киргизүү. Мамлекеттик сыр болгон маалыматтардан башка, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө бардык маалыматтар коомчулук үчүн жеткиликтүү болуш керек 

ФМ 

Кызыкдар болгон мамлекеттик органдар менен биргеликте 

Шарттарды жана кабыл алынган чечимдерди жалпыга маалымдоо менен мамлекеттик сатып алуулардын ачык-айкындуулугун камсыздоо. Мамлекеттик сатып алууларды бир органга топтоо 

2013-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө электрондук система ишке киргизилди. Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу боюнча бирдиктүү орган белгиленди. Мамлекеттик органдарда болгон мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмдөр иш милдеттерин бир кызматкерге жүктөө же сактоо менен кыскартылды (сатып алуулар боюнча сертификаты бар адис) 

20 

Жол эрежелерин бузгандарды автоматтык түрдө сүрөткө тартуу жана видео менен байкоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. "Коопсуз шаар" сынамык программасын ишке ашырууну улантуу 

ИИМ 

ФМ, ТжКМ, шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча) 

Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы системасындагы коррупциянын деңгээлин азайтуу. Тажрыйбаны натыйжалуу башкаруу жана төлөмдөрдүн бюджетке түшүшү 

2013-ж. аягына чейин. Мындан ары зоналарды кеңейтүү менен Бишкек жана Ош шаарлары боюнча 

Жол эрежелерин бузгандарды автоматтык түрдө сүрөткө тартуу жана видео менен байкоо системасы 

21 

Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында "Таза сессия" акциясын жүргүзүү жана ММКга жарыялоо 

БИМ 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу билим берүү боюнча департаменттер. ЖОЖдор жана билим берүү мекемелери 

Билим берүү системасында мыйзамсыз акчалай сыйлыктар алынган фактыларды табуу жана жок кылуу. Билим берүү системасындагы билимди реалдуу баалоо 

2014-ж. аягына чейин ар бир жарым жылдыкта 

Коомдун ой-пикирин суроо, алардын жыйынтыктарын Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында жарыялоо 

22 

Коррупцияга каршы темада массалык маалымат каражаттарына чыгып сүйлөөнү улантуу, ошондой эле "тегерек стол", конференция, лекция, семинар, брифинг өткөрүү, ошону менен тренингдик окуулардын жаңы ыкмасын жана формасын пайдалануу 

БИМ 

Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктуу кызматкери 

Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүдө өзүнүн укуктарын терең билүү мүмкүнчүлүгү жана коррупциянын элементтерин азайтуу 

2014-ж. аягына чейин бекитилген графикке ылайык 

Пландалган иш чараларда мамлекеттик органдардын ведомстволук пландары бар. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын дарегине берилүүчү ушул пландарды ишке ашыруу боюнча отчеттор 

23 

Бизнестин коррупцияга кабылышына мониторинг жүргүзүү жана талдоо аркылуу өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун деңгээлин баалоо 

ЭМ 

СИУИ, УКМК КИК, (макулдашуу боюнча), бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) 

Колдонуудагы коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо 

2014-ж. аягына чейин, ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча 

Өкмөттүн коррупцияга каршы саясатынын жетишкендик- теринен күтүлүүчү аныктагычынын негизи боюнча көрсөткүчтөр 

24 

Мыйзамдык базанын жоболорун чыңдоо жана коррупцияга каршы аракеттердин мыйзамдык негиздерин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, Кыргыз Республикасынын "Изин суутпай издөө иши жөнүндө", "Жаза-аткаруу системасындагы органдардын жана мекемелердин катардагы жана башчылык кылган курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө", "Мамлекеттик кызмат жөнүндө", "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Мыйзамдарына жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана иштеп чыгуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

УКМК КИК, ЭККМК, МБК, БКМК 

Коррупцияга каршы аракеттердин мыйзамдык негизин түзүү. Чиновниктерге чечим кабыл алууда вариативдик мүмкүнчүлүктөрдү берген өткөрүп жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген, альтернативдик ченемдерди ченемдик укуктук актылардан четтетүү, башкача айтканда ашыкча административдик тоскоолдуктарды 

2013-ж. 2-кварталынын аягына чейин 

Белгиленген тартипте Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоору 

25 

Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик сатып алуу системасынын ачык-айкындуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо 

ЭМ 

СИУИ, УКМК КИК (макулдашуу боюнча), Коомдук байкоочу кеңеш (макулдашуу боюнча), жарандык коом институту (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик сатып алуулар системасында ачык-айкындуулукка, мамлекеттик бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын персоналдык жоопкерчилигин жана отчеттуулугуна жетишүү 

2013-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик сатып алуулар системасынын ачык-айкындуулугу 

2-артыкчылык. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу максатында мамлекеттик башкаруунун реформасы жана модернизациясы 

Баалоонун өлчөнүүчү индикатору: мамлекеттик органдардын ачык-айкындыгы жана контролдуулугу; мамлекеттик кызмат системасындагы коррупциялык факторлорду жок кылуу жана алдын-алуу каралган мыйзамдык актыларды кабыл алуу; ресурстук макулдашууларды түзүү эсебинен мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акысынын деңгээлин жогорулатуу; коррупциянын жогорку деңгээлиндеги ведомстволорго комплекстүү жана тематикалык текшерүүлөрдү жүргүзүү; мамлекеттик органдарда табылган укук бузууларды жана коррупцияга каршы отурумдардын жыйынтыктарын жарыялоо жана теледен берүү; электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү; каражаттарды сарптоо боюнча табылган коррупциялык тобокелдик жана укук бузуу фактыларын жалпыга жарыялоо; саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеген жактардын жана алдын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлктөрү жөнүндө жалпы маалыматтарды, ошондой эле коррупцияга каршы темадагы ченемдик укуктук актыларды Өкмөттүн коррупцияга каршы сайтында жарыялоо. 

Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү боюнча кыска мөөнөттүк чаралар 

  

  

  

Таблица 2.1 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруу- чулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

26 

Объективдүү текшерүүнүн профессионалдуулук жана компетенттүүлүк критерийлеринин маанисин жогорулатуу аркылуу мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жалдоо системасын өркүндөтүү жана кызматтык өсүшүн камсыздоо 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик орган- дардын Статс- катчылары 

Мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин аппаратын түзүүдө атаандашуу шарттарын камсыздоо. Персоналды жалдоодо жана алдыга жылдырууда ачык-айкындуулукту жогорулатуу 

2012-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жалдоонун натыйжалуу системасын түзүү жана кызматтык өсүшү каралган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

27 

Мамлекеттик административдик кызматтарга кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо тартибин өркүндөтүү, аларга квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик орган- дардын Статс- катчылары 

Конкурстук тандоодон өтпөстөн мамлекеттик административдик кызматтарга кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо каралган ченемдерди жок кылуу 

2012-ж. аягына чейин 

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

28 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга дайындаганга чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талапкерлерин (соттолгондугу, мамлекеттик, муниципалдык кызматтардан кадыр-баркын кетирүү жана башка терс себептер боюнча бошоп кеткендигин) милдеттүү текшерүү механизмин жайылтуу максатында Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган мыйзам долбоорлорду иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү 

ЮМ 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) ИИМ, ЭККМК, УКМК КИК 

Мамлекеттик кызматтардагы коррупцияга каршы мыйзамдык негиздерди түзүү 

2012-ж. аягына чейин 

Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

29 

Социалдык коргоону өркүндөтүү, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин коррупцияга каршы жүрүм-турумдарга умтулуусун жогорулатуу, ресурстук макулдашууларды түзүү аркылуу мамлекеттик органдарынын кызматкерлери үчүн материалдык дем берүүнүн кошумча чараларын иштеп чыгуу (эмгек акысын жогорулатуу) боюнча сунуштарды иштеп чыгуу 

ФМ 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча), СӨМ, Жаштар, Эмгекмин 

Мамлекеттик кызматтарда пайда болгон коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу шарттарын түзүү 

2012-ж. аягына чейин 

Финансы министрлиги менен эмгек акыны жогорулатууга, мамлекеттик кызматкерлердин эмгекке умтулуусун, социалдык коргоону өркүндөтүүгө багытталган сунуштамалар- ды иштеп чыгууга арналган ресурстук макулдашууларды түзүү 

30 

Ички иштер, сот органдары, мамлекеттик сатып алуу, салык жана бажы органдары, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары сыяктуу мамлекеттик органдардагы коррупциянын таасиринин деңгээлин жана кесепеттерин баалоо 

ЭМ 

Мамлекеттик органдар, КИК (макулдашуу боюнча), консал- тинг компаниялары (макулдашуу боюнча), бизнес коомдоштук (макулдашуу боюнча) жана Коомдук байкоочу кеңештин биргелешкен топтору (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдардын коррупцияга кабылгандыгын баалоо жана коррупцияга каршы колдонуудагы чаралардын натыйжалуулугу 

2012-ж. аягына чейин 

Коррупциянын жогорку деңгээли менен кармалган ведомстволорго комплекстик жана тематикалык текшерүү жүргүзүү боюнча Өкмөткө негиздүү сунуш берүү, жыйынтыктарын жарыялоо 

31 

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иммунитетке ээ, коррупциялык укук бузууларга катышкан адамдарга карата кароонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин жана териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн укуктук механизмдерин иштеп чыгуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

ЭККМК, УКМК КИК 

Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартуу жана иликтөө жүргүзүү боюнча тоскоолдуктарды жоюу 

2012-ж. ичинде 

Коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн сөзсүз жазалоо 

32 

Өзүнчө партияларга жана талапкерлерге карата дискриминациялоо мүмкүнчүлүктөрү пайда болбоосу үчүн саясий партиялардын, талапкерлердин жана шайлоо кампанияларынын каржылануусу жөнүндө коомдук отчеттуулукту камсыз кылуу, шайлоо фонддорун түзүүдө жана пайдаланууда ачык-айкындуулукка кепилдик берүү. Өзүлөрүнүн шайлоо алдындагы кампанияларын каржылоо үчүн ошол талапкерлер тарабынан пайдаланылуучу "администрациялык ресурс" түшүнүгүнө аныктама берүү жана бул "администрациялык ресурстарды" пайдаланууга тыюу салуу 

БШК (макулдашуу боюнча) 

ЮМ, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), УКМК КИК 

Саясий партиялардын жана талапкерлердин каржылануусуна мониторинг жүргүзүү. Шайлоо компаниясында "администрациялык ресурстарды" пайдаланууну жок кылуу 

2012-ж. аягына чейин 

Шайлоо фонддорун пайдалануу жөнүндө отчетторду кошо алганда, саясий партиялардын жыл сайын берилүүчү жана жарыялануучу финансылык отчеттуулугу 

33 

Коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдарынан иштен бошотулган адамдар жөнүндө маалыматтарды топтоо үчүн маалымат базасын түзүү жана колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү толуктоолорду киргизүү 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

УКМК КИК, ИИМ, БКМК, ЭККМК, ЖАМК, МБК, ЮМ 

Өзүн жаманатты кылган адамдарды табуу жана анын кайра жетектөөчү кызмат орундарына дайындалышына жол бербөө 

2012-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик кызматкерлерди сапаттуу тандоону жана дайындоону мыйзамдык камсыздоо жана маалымат базасын түзүү 

34 

Түздөн-түз коррупцияга каршы туруу боюнча иштей турган укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын кызматкерлеринин тандоосунун так милдеттүү талаптарын жана критерийлерин, ошондой эле психометрикалык тестирлөөнү иштеп чыгуу 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

УКМК КИК, ИИМ, ЭККМК 

Кадрдык маселелерди чечүүнүн ачыктыгын камсыз кылуу, жеке берилгендик, бири биринин айыбын жашыруучулук принциби боюнча адамдарды кызматка алууну жокко чыгаруу 

2012-ж. аягына чейин 

Укук коргоо органдарына жана атайын кызматтарга кызматкерлерди тандоодо милдеттүү талаптарды, критерийлерди белгилөө 

35 

Чет өлкөлүк саясий жактан кадыр-барктуу адамдар сыяктуу, улуттук саясий ишмерлерге жана эл аралык уюмдарга карата, СКБАнын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакын байланыштарына карата - кылмыштуу кирешелерди адалдоо үчүн коррупциялашкан чиновниктер тарабынан пайдаланылган методдорду чагылдыруу менен текшерүүгө тийиштүү болгон күчөтүлгөн чараларды колдонуу максатында КРнын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана киргизүү 

ФЧМК 

Баш прокуратура (макулдашуу боюнча), УКМК КИК 

Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү. Ээлеген кызмат постторунун күчү менен жогорку коррупциялык коркунучтарды көрсөтө алган СКБАга карата талаптарды күчөтүү 

2012-ж. аягына чейин 

Саясий жактан кадыр-барктуу адамдарга карата мониторинг жүргүзүү үчүн мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 

Мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү четтетүү боюнча кыска мөөнөттүк чаралар 

  

  

Таблица 2.2 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруучулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

36 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отурумунда коомдо коррупцияга карата жек көрүүчүлүк мамилени түзүү боюнча жана жарандар көп туш болгон (турмуш-тиричилик коррупциясы) коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүндүк берген шарттарды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын иштеген иштерин карап чыгууну уюштуруу 

Өкмөт Аппараты 

УКМК КИК, ИИМ, ЮМ, ЭМ, ТИМ, БИМ, ММТМ, Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

Жарандар көп туш болгон (турмуш-тири- чилик коррупциясы) коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүндүк берген шарттарды табуу жана жоюу 

2014-ж. аягына чейин ар бир жарым жылдыкта 

Теле берүү каналдарынан мындай отурумдардын жүрүшүн көрсөтүү. Коррупциялык кылмыштарды жасоого мүмкүндүк берген шарттарды жоюу жана коомдун коррупцияга карата жек көрүүчүлүк мамилени түзүү боюнча мамлекеттик органдардын жасаган иштеринин натыйжаларын жарыялоо 

37 

Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттешүүсү максатында электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү 

MKT кеңеши 

Өкмөт Аппараты, мамлекеттик органдар 

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка, жеке секторлорго жана МКТ аркылуу Өкмөттүк эмес уюмдарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүүлөрүн камсыздоо; 

- мамлекеттик органдардын натыйжалуу өз ара аракеттешүүсүн жогорулатуу жана оперативдүүлүк; 

- бюджеттик каражаттарды үнөмдөө

- мамлекеттик башкарууну реформалоо 

2013-ж. биринчи жарым жылдыгы 

Акырындык менен "кагаз" иш кагаздарын жүргүзүүдөн баш тартуу менен электрондук документ жүгүртүү системасын киргизүү 

38 

Кийинки сунуштарды киргизүү менен мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды табуу максатында, мамлекеттик органдардын КБКлары менен бирдикте мамлекеттик органдардын ведомстволук актыларын талдоо боюнча иш-чараларын өткөрүү 

ЭМ 

Улутстатком (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар, мамлекеттик органдардын КБК (макулдашуу боюнча), коомдук бирикме- лер (макул- дашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди коомдук жана коррупцияга каршы контролдоо. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу мониторинг системасы 

2014-ж. аягына чейин ар бир жарым жылдык- та 

Табылган коррупциялык тобокелдиктерди жок кылуу 

39 

Мамлекеттик органдардын веб-сайттарына жана ЖМКга мамлекеттик жашыруун сырды түзгөн маалыматтардан башка, бардык деңгээлдеги бюджеттердин жана Инвестициялардын долбоорлорунун аткарылышы жөнүндө отчетторду, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитордук отчеттору боюнча материалдарды жарыялоо 

ФМ 

Эсеп палатасы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар 

Мамлекеттик бюджеттин жана башка тартылган акча каражаттарын сарптоодогу ачык-айкындуулукту жогорулатуу 

Зарылдыгына жараша кварталына бир жолудан кем эмес 

Каражаттарды сарптоо боюнча табылган укук бузууларды мамлекеттик органдардын веб-сайтта- рында жана ЖМКга жарыялоо 

40 

Өкмөттүн коррупцияга каршы сайтына төмөнкүлөрдүн жайгаштырылышын камсыздоо: 

- Кыргыз Республикасынын "Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо жана жарыялоо тууралу" Мыйзамына ылайык саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын кирешелери жөнүндө жалпыланган маалыматтар; 

- коррупцияга каршы тема боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары 

Өкмөт Аппараты 

Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын коррупцияга каршы багытталган иш аракеттери жөнүндө маалыматка калктын калың катмарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо 

2013-ж. 2-кварталы жана андан ары 

Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери менен мүлкү жөнүндө жалпыланган маалыматтарды жана коррупцияга каршы тема боюнча Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларды Өкмөттүн коррупцияга каршы сайтына жайгаштыруу 

41 

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун сунуштарын жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын эске алуу менен орто мөөнөттүк келечекте коррупцияга каршы ведомстволорду мындан ары бириктирүү жана чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу 

Өкмөт Аппаратынын коргоо, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмү 

Башпро- куратура (макулдашуу боюнча), УКМК ККК, ЭККМК, ИИМ 

Аларды кийин адистештирүү жана консолидациялоо максатында, коррупция менен күрөшүүгө тартылган укук коргоо органдарынын азыркы функцияларын инвентарлоо жана талдоо 

2013-ж. 1-жарым жылдыгы 

Укук коргоо органдарынын функциясындагы кайталоолорду жок кылуу жана оптималдаштыруу 

42 

Мамлекеттик кызматтарда коррупцияны азайтуу үчүн мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин 2011- жана кийинки жылдары декларацияларына мониторинг жасоо жана талдоо 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

"Жарандар коррупцияга каршы" УБ (макулдашуу боюнча), Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин мыйзамсыз кирешелерин жашыргандыгын табуу 

2014-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик органдардагы карасанатай кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу жана жумуштан бошотуу 

43 

Коррупцияга каршы турууга катышуу кызматтык милдеттерине кирген мамлекеттик кызматкерлерди, укук коргоо органдарынын, фискалдык органдардын жана атайын кызматтардын кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу программасын иштеп чыгуу 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (макулдашуу боюнча) 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча), Мамкадр кызматы (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар 

Коррупцияга каршы аракеттер боюнча мамлекеттик органдардын иштеринин натыйжалуулугун жана маалымдуулугун камсыздоо 

2014-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик кызмат системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын-алууга жана ага каршы күрөшүүгө мамлекеттик органдардын кызматкерлерин системалуу окутуу 

44 

БУУнун Конвенциясынын жоболорунун чегинде, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук фактыларын тергөөдө бир бирине жардам көрсөтүү жөнүндө катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы милдеттенмелерди укуктук бекитүү боюнча иш жүргүзүү 

Башпрокуратура (макулдашуу боюнча) 

ТИМ, укук коргоо органдары 

Улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук фактыларын иликтөөдөгү таасирдүүлүктү жана натыйжалуулукту жогорулатуу 

2013-ж. аягына чейин 

Коррупцияга каршы БУУнун Конвенциясынын 4-главасына ылайык катышуучу-өлкөлөр арасында эки тараптык кызматташууну түзүү 

45 

Коррупциялык байланыштардын пайда болуусун алдын алуу максатында кадрдык орун алмаштырууну жүргүзүүнү колдонуу - кадрлардын орун алмаштыруусунун ички ведомстволук планын иштеп чыгуу аркылуу коррупцияны алдын алуу боюнча ишти: 

- орун алмашуу жол-жоболорунун мыйзамдуулукка жана ачыктыкка; 

- мамлекеттик органдын кадрдык курамын талдоого; 

- коррупциялык укук бузуулар пайда боло турган мамлекеттик кызматчылардын ишинин участкаларын изилдөөгө

- мамлекеттик кызматчыларга карата түшкөн жарандардын айыптоорун жана даттанууларын талдоого негиздеп күчөтүү 

Мамкадр кызматы (макул- дашуу боюнча) 

Мамлекеттик органдардын статс-катчылары жана/же кадр маселелерин тейлеген жетекчинин орун басарлары 

Мамлекеттик кызматтарда коррупцияны алдын-алуу 

2014-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик органдардагы адам ресурстарын башкаруу боюнча кызматтарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик кадр кызматына отчет берүү 

3-артыкчылык. Мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара аракеттери жана анын маалымдуулугу 

Баалоонун өлчөнүүчү индикаторлору: Коомдук байкоочу кеңештерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүү; коомдук консультацияларды жана угууларды жүргүзүү; мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коомго отчеттуулугунун макулдашылган жана бекитилген форматы; ИИМдин системасын реформалоого жарандык сектордун катышуусу; мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн алкагында коррупцияга дуушарланууну кыскартуу боюнча Концепцияны кабыл алуу; коррупцияга каршы маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларды жүргүзүү боюнча бекитилген универсалдуу методология; кайра каралып чыккан маалыматтык-билим берүү стандарты; даректүү фильмдерди жана башка медиапродуктыларды чыгаруу; он-лайн режиминде мыйзам долбоорлорун жарыялоо жана талкуулоо; улуттук платформаларды түзүү жана жылдыруу; коомчулукка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүндө алардын укуктарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын негизги ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүү боюнча иш-чаралар; мамлекеттик органдар тарабынан белгиленүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жарыялоо жана ачыктыгын камсыз кылуу. 

Жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнүн кыска мөөнөттүк чаралары жана коррупцияга каршы аракеттер чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу 

  

  

Таблица 3.1 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруучулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

46 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук байкоочу кеңештеринин ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Өкмөттүн кароосуна белгиленген тартипте киргизүү 

Курулуш агенттиги 

ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупцияга каршы аракеттердин укуктук негизин өркүндөтүү 

2012-ж. аягына чейин 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук байкоочу кеңештеринин ишин жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу 

47 

Бардык кызыкдар тараптар менен коомдук угуулар форматында коррупцияга каршы саясаттын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун планын талкуулоо; маморгандар тарабынан, жарандык коом тарабынан, бизнес-коомчулуктун институттар тарабынан, эл аралык донор уюмдар тарабынан, коомдук байкоочу кеңештер тарабынан, изилдөө институттары тарабынан, илимий жана билим берүү мекемелери тарабынан 

СИУИ 

КИК (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар 

Коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга кеңири коомчулукту тартуу 

2012-ж. аягына чейин 

Коомдук угуулардын жыйынтыгын ММКда, ведомстволук сайттарда ж.б. чагылдыруу 

48 

Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коомдун алдында "тегерек стол" жана коомдук угууларды жүргүзүү аркылуу отчеттуулугунун форматын түзүү 

СИУИ 

КИК (макулдашуу боюнча), КБК (макулдашуу боюнча) жана жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), маморгандар 

Маморгандардын жарандык коомдун алдында отчеттуулугу 

2012-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коомдун алдында отчеттуу экендигинин макулдашылган жана бекитилген форматы 

49 

Кызыкдар тараптар менен ички иштер органдарын реформалоонун альтернативдик концепциясынын долбоорун талкуулоо 

ИИМ 

ИИМдин КБКсы (макулдашуу боюнча), жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча) 

Ички иштер органдарында коррупциянын деңгээлин азайтуу 

2012-ж. аягына чейин 

Ички иштер органдарын реформалоонун бекитилген, бириктирилген концепциясынын долбоору 

50 

ЖККББ реформалоонун Концепциясынын долбоорун талкуулоо жана жыйынтыгы боюнча аны ишке ашыруунун тийиштүү планын Өкмөттүн кароосуна киргизүү 

ИИМ 

КИК жана ИИМдин КБКсы (макулдашуу боюнча) 

Ички иштер органдарынын структурасы - ЖККББда коррупциянын деңгээлин азайтуу 

2012-ж. аягына чейин 

Кайгуул-күзөт кызматын бириктирүү менен ЖККББнын жаңы структурасын түзүү 

51 

Мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн жана диалогдун алкагында коррупцияга дуушар болууну кыскартуу боюнча Концепциянын долбоорун талкуулоо жана аны ишке ашыруу боюнча Өкмөткө сунуш киргизүү 

СИУИ 

Инвестициялык "тегерек стол", КИК (макулдашуу боюнча) жана бизнес-коомчулук (макулдашуу боюнча) ЭжМКСМ 

Бизнеске ак ниеттүүлүк принциптерин жайылтуу 

2012-ж. 3-квар- талы 

Мамлекет менен жеке өнөктөштүктүн жана диалогдун алкагында коррупцияга дуушар болууну кыскартуу боюнча Концепциянын долбоорунун жыйынтыктоочу вариантын даярдоо 

52 

Маалыматтык-түшүндүрүүчү кампанияларды жүргүзүүнүн комплекстүү методологиясын иштеп чыгуу 

СИУИ 

Жарандык коомдун институттары жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) 

Коррупцияга каршы маалыматтык-түшүндүрүүчү кампанияларды натыйжалуу жүргүзүү 

2012-ж. 3-кварталы 

Коррупцияга каршы маалыматтык-түшүндүрүүчү кампанияларды жүргүзүү боюнча бекитилген универсалдуу методология 

53 

Коррупциянын булактары жана кесепеттери жөнүндө, коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүүнүн куралдары жөнүндө, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдөгү жарандардын укуктары тууралуу коомдун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча кампаниянын стратегиясын жана планын иштеп чыгуу жана талкуулоо 

СИУИ 

УКМКнын КККсы, ИИМ, ЭККМК, Жарандык коомдун институттары жана эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) 

Коррупциянын булактары жана кесепеттери жөнүндө, коррупциянын алдын алуу жана аны менен күрөшүүнүн куралдары жөнүндө, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдөгү жарандардын укуктары тууралуу коомго маалымдоо 

2012-ж. аягына чейин 

Бирдиктүү макулдашылган маалыматтык-билим берүү стандарты 

54 

"Мамлекеттик органдардын ишине калктын ишеним индексине" ылайык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын ишеним деңгээлин баалоо 

СИУИ 

ЭжМКСМ, Курулуш агенттиги КБК жана Жарандык коомдун институттары, (макулдашуу боюнча), Улутстатком (макулдашуу боюнча) 

Коррупцияга каршы кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугун баалоо 

2012-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын ишеним деңгээлине баалоо жүргүзүүнүн иштелип чыккан жана бекитилген методикасы 

55 

"Трансперенси Интернешнл" коррупциянын деңгээлин баалоонун барометрин эске алуу менен коррупциянын абалын изилдөө боюнча толукталып иштелип чыккан методологияны иштеп чыгуу жана Өкмөттүн кароосуна киргизүү. Методикалык рекомендацияларды (европалык союздун Рекомендацияларын колдонуу менен) даярдоону камсыз кылуу 

СИУИ 

КИК (макулдашуу боюнча), Президентине караштуу МБА (макулдашуу боюнча), ЭМ, УКМКнын КККмы, Мамлекеттик кадр кызматы (макулдашуу боюнча) 

Мамлекет тарабынан ишке ашырылуучу чаралардын артыкчылыктары жана натыйжалуулугу 

2012-ж. аягына чейин 

Коррупциянын абалын изилдөө боюнча Өкмөт тарабынан жактырылган методология 

Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жарандык коом менен өз ара аракеттенүү жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу боюнча орто мөөнөттүк чаралар 

  

  

Таблица 3.2 

  

Иш-чаралар 

Жооптуу орган 

Кошо аткаруучулар 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Аяктоо күнү 

Аралыктагы натыйжалар 

56 

Даректүү тасмаларды жана башка медиапродукцияларды даярдоо менен агартуучулук иштер аркылуу коррупцияга карата коомдун терс мамилесин жаратуу. Калк үчүн коррупциялык коркунучтар, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жолдору жана коррупцияга каршы жүрүм-турум жөнүндө атайын окутуучу программаларды ишке ашыруу 

СИУИ 

Эл аралык донорлор (макулдашуу боюнча), өкмөттүк эмес уюмдар менен бирдикте (макул- дашуу боюнча) 

Коррупцияга каршы жүрүм-турум жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугу 

2013-ж. аягына чейин 

Коррупциялык коркунучтар, коррупцияга каршы аракеттенүүнүн жолдору жана коррупцияга каршы жүрүм-турум жөнүндө даректүү тасмаларды жана башка медиапродукцияларды чыгаруу 

57 

Орто, кесиптик-техникалык жана жогорку окуу жайларда окугандар үчүн коррупция жана аны менен күрөшүүнүн формалары тууралуу окуу курстарын/атайын программаларды иштеп чыгуу. Мектепке чейинки балдар мекемелеринин ата-энелер комитеттери (кеңештери) менен бирдикте коррупциянын жагымсыз таасири жөнүндө тааныштыруу (таанып билүү) иш-чарларын дайыма өткөрүү 

БИМ 

Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттик 

Орто, орто-кесиптик жана жогорку билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жек көрүүчүлүктү түзүү 

2013- жана 2014-окуу жылдарына 

Билим берүү жана Илим министрлиги тарабынан бекитилген орто, орто-кесиптик жана жогорку жайларынын окуучулары үчүн окуу курстары/ атайын программалары 

58 

Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу жана укуктук пропагандалоо боюнча иштин чегинде, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө алардын укуктарын, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизги жоболорун коомчулукка түшүндүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу. Кыргыз Республикасынын аймагында, окуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн наркын көрсөтүү менен окутуу тейлөөлөрүн көрсөтүүчү билим берүү мекемелеринин маалымат базасын түзүү. Мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү тейлөөлөр жана аларга белгиленген тарифтер жөнүндө ЖМК аркылуу коомчулукка маалымат берүү. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн тизмесин жалпыга ыңгайлуу болгон жерлерге жайгаштыруу 

ЮМ 

Маморгандар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана өкмөттүк эмес уюмдар менен (макулдашуу боюнча), БИМ, ЭМ 

Билим берүүнүн жана тарбиялоонун ар түрдүү көйгөйлөрү боюнча коомчулуктун маалымдуулугу 

2013-ж. аягына чейин 

Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө алардын укуктарын, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы- нын ченемдик укуктук актыларынын негизги жоболорун коомчулукка түшүндүрүү боюнча иш-чаралар. Окутуу үчүн нарк жөнүндө, мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү тейлөөлөр жана аларга белгиленген тарифтер жөнүндө, ошондой эле акы төлөнүүчү тейлөөлөрдүн тизмеси жөнүндөгү маалыматты жалпыга ыңгайлуу болгон жерлерге жайгаштыруу 

59 

Мындай тренингдерди жана маалыматтык-түшүндүрүү кампанияларын өткөрүүгө ЖКИни тартуу менен, кийинки 3 жылга мамлекеттик мекемелердин, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жумушчулары жана жеке сектордун өкүлдөрү үчүн коррупция менен күрөшүү боюнча окутуучу иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана талкуулоо 

СИУИ 

Жарандык коомдун институттары (макулдашуу боюнча), Эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

Коррупция менен күрөшүү жаатында мамлекеттик кызматчылар менен жарандардын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу 

2013-ж. биринчи жарым жылдыгы 

Коомдук институттар менен жарандык сектордун пикирлерин эске алуу менен бекитилген даярдоо, кайра даярдоо жана квалификация- ны жогорулатуу боюнча окуу-темати- калык пландар 

60 

Аймактарда коррупция менен күрөшүү проблемаларын жеринде изилдөө максатында, ӨЭУнун, ЖМКнын активисттери менен, жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен төмөнкүдөй максаттарда жолугушууларды өткөрүү

- коррупция менен натыйжалуу күрөшүүнү жүргүзүүгө тоскоол болгон себептерди жана шарттарды табуу; 

- аларды классификациялоо жана коррупция менен күрөшүүнүн методдорун аныктоо; 

- жер-жерлерде коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү борборлорун уюштуруу 

Курулуш агенттиги 

КИК (макул- дашуу боюнча), Эксперттерден мобилдүү топту түзүү менен, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

Коомчулуктун укуктарын жана эркиндигин бузуу менен күрөшүү боюнча чечкиндүү кыймылдарга багытталган аракеттерин активдештирүү 

2013-ж. биринчи жарым жылдыгы 

Жер-жерлерде коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү борборлору даярдалган жана түзүлгөн. Мыйзамдык жана уюштуруу мүнөзүндөгү конкреттүү чараларды көрүү 

61 

"Коррупциянын деңгээлинин барометри" он-лайн режиминде Мамлекеттик органдардагы, жеке сектордогу жана эл аралык компаниялардагы коррупциянын деңгээлин көз карандысыз баалоо 

СИУИ 

КИК (макулдашуу боюнча), КБК, консалтинг компаниялар бизнес коомчулук (макулдашуу боюнча), УКМКнын КККсы 

Кабыл алына турган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо 

2013-ж. тартып 

"Коррупциянын деңгээлинин барометри" он-лайн режими долбоорун ишке киргизүү 

62 

Ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде курамына жарандык сектордун жана КБКнын өкүлдөрүн тартуу менен, коррупциянын алдын алуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу дайыма иштөөчү комиссияны (жарандык контролдоо комитеттерин) түзүү 

Курулуш агенттиги 

ЖӨБО (макул- дашуу боюнча) 

Жергиликтүү өз алдынча системасында коррупциялык схемаларды четтетүүгө жарандык коомдун катышуусун камсыз кылуу 

2013-ж. тартып 

Жарандык сектордун жана КБКнын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыктыярдуу жана акысыз негизде иштеген коррупциянын алдын-алуу боюнча региондук комиссиялар 

63 

Туруктуу негизде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин жана жарандык сектордун жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнүн катышуусу менен төмөнкү маселелер боюнча кеңешмелерди өткөрүү

- коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жана башка укук бузуулардын алдын-алуу боюнча өткөрүлүүчү иштин натыйжалуулугу; 

- Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу; 

- Планды ишке ашыруу; 

- коррупцияга каршы чараларды ишке ашырууга тоскоолдук кылган проблемалар; 

- коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка маселелер 

СИУК 

Өкмөт Аппаратынын координациялоосу менен мамлекеттик органдар 

Коррупция менен күрөшүү боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугун контролдоону камсыз кылуу. Бул мүнөздүү каталарды табууга жана мамлекеттик структуралардын бардыгында таркатуу үчүн айрым өзүнчө алынган ведомстводогу коррупция менен күрөшүү боюнча натыйжалуу ыкмаларды колдонууга алуу 

2013-ж. башынан тартып 

Туруктуу иштөөчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилери- нин, жарандык сектордун өкүлдөрүнүн, көз карандысыз эксперттердин катышуусу менен диалогдук аянтча. Коррупцияга каршы аракеттенүү жана коррупциялык жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун иштелип чыккан жана бекитилген методологиясы 

64 

Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоону жана дискуссияларды өткөрүү үчүн аянт катары Мыйзамдуулук, саясий транспаренттүүлүк, коомдук коопсуздук жана адам укуктары үчүн жалпы улуттук платформа 

СИУИ 

Мамлекеттик органдар жана кызматташтык жөнүндө меморандумдун негизиндеги жарандык коом институттары 

Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун катышуусу менен коррупцияга каршы күрөшүү маселелерин талкуулоону жана дискуссияларды өткөрүүнүн тажрыйбасын иштеп чыгуу 

2013-ж. башынан тартып 

Коррупция менен күрөшүүнү алга жылдыруу жана мыйзамдын үстөмдүгү үчүн дайыма аракетте болгон коммуникация- луу аянт 

65 

Калктын ар түрдүү топторун, мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын сурамжылоо жолу менен Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясынын жетишкендиктеринин (ийгиликсиздигинин) себептерин талдоо 

СИУИ 

КИК (макулдашуу боюнча), жана консалтингдик компаниялар (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча), УКМКнын ККК, Улутстатком (макулдашуу боюнча) 

Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо 

2014-ж. акырына чейин мезгил-мезгили менен 

Коррупцияга каршы чараларды күчөтүү жана оңдоп-түзөтүү боюнча Өкмөттүн кароосуна киргизилген сунуштар 

66 

Коррупциянын рейтинги жогору болгон мамлекеттик органдардын түз байланыштарынын, коомдук кабылдамаларынын жана "ишеним телефондорунун" ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо 

ЭжМКСМ 

СИУИ, КИК (макул- дашуу боюнча) жана КБК (макулдашуу боюнча) 

Кабыл алынган коррупцияга каршы чаралардын натыйжалуулугун баалоо 

2014-ж. акырына чейин 

Көңүл буруу жана кабыл алынган чаралар боюнча отчеттор 

67 

Мамлекеттик органдардын материалдарын, отчетторун жана эксперттик коом өткөргөн изилдөөлөрдүн натыйжаларын мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялоо 

СИУИ 

КИК жана КБК (макулдашуу боюнча), жарандык коом институттары (макулдашуу боюнча) чаралар жөнүндө коомчу- лукка маалымдоо 

Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы 

2014-ж. акырына чейин, ар бир жылдын жыйын- тыгы боюнча 

Мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы чаралардын ачык-айкындуулугун, таасирдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу 

Кыскартуулардын тизмеси 

УКМК ККК 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы кызматы 

КТБА 

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттик 

РТТ 

Регулятивдик таасирин талдоо 

КИК 

Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши (коомдук уюм) 

Өкмөт Аппараты 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты 

КР ПМБА 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы 

ЖОЖ 

Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайлары 

ГМРМА 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик 

Курулуш агенттиги 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 

Башпрокуратура 

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 

Мамкадр кызматы 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы 

МСК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы 

Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясы 

Мамфинкөзөмөл 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги 

МКК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

ЭККМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат (финансы саясаты) 

ЖАМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 

БКМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат 

ФЧМК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы 

МБК 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 

ЖККББ 

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылы коопсуздугу башкы башкармалыгы 

Жогорку Кеңеш 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 

ИИМ 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 

МКТ 

Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар 

ЖКИ 

Жарандык коом институттары 

ТИМ 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 

ССМ 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

ФМ 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

ЮМ 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги 

ММТМ 

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 

ЭМЖМ 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги 

БИМ 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

СӨМ 

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги 

ТКМ 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 

ЭМ 

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

ЭӨМ 

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги 

Улутстатком 

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети 

КРУБ 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

СИУИ 

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту 

ЧУА 

Ченемдик укуктук актылар 

ӨЭУ 

Өкмөттүк эмес уюмдар 

ЖӨБО 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

КБК 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын алдындагы Коомдук байкоочу кеңештер 

ЭКӨУ 

Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму 

СКБА 

Саясий жактан кадыр-барктуу адамдар 

Өкмөт 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 

Президент 

Кыргыз Республикасынын Президенти 

УБ "Жарандар коррупцияга каршы" 

"Жарандар коррупцияга каршы" Укук коргоо борбору 

ЖМК 

Жалпыга маалымдоо каражаттар 

Эсептөө палатасы 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 

ЖАС 

Кыргыз Республикасынын Жазык аткаруу системасы 

Маммүлкфонд 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

БШК 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия