Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн Борбордук банктарынын Эл аралык программаларынын алкагында чыгарылган коллекциялык монеталары 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн баалуу металлдарынан коллекциялык монеталарды чыгаруу жана сатып өткөрүү боюнча эл аралык программанын алкагында коллекциялык күмүш монеталарды жүгүртүүгө чыгарып келүүдө жана алардын бетине түшүрүлгөн ЕврАзЭС эмблемасы коллекциялык монеталардын бардык сериясын бириктирген негизги элементинен болуп саналат.  

Ар бир күмүш монета сертификаты кошо өзүнчө кутучага салынып сакталат.  

Коллекциялык монеталар «proof» сапатына жана Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.  

2011-жылдын 20-декабрынан тартып 10 сом номиналындагы «Улуу Жибек Жолу» жана «Аруулук уялаган балдар дүйнөсү» коллекциялык күмүш монеталары жүгүртүүгө чыгарылган.  

«Улуу Жибек Жолу» күмүш монетасынын алдыңкы бетинде ЮНЕСКО уюмунун тизмесине кирген белгилүү маданий-архитектуралык эстеликтер түшүрүлгөн. Алдыңкы планда Улуу жибек жолунун чиеленишкен чыйыры жогорку сапаттагы алтындан чегилип, арткы планда Евразия картасы чагылдырылган. Монетанын сол жагында металлдын сапат белгиси жана салмагы (Ag 925/31.10г), төмөн жагында монетанын номиналы (10 сом) берилген. Монетанын арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, асман тиреген тоолор сапарлаш болуп, узатып келе жаткан кербендин түспөлүндөгү элес чагылдырылып, монета чыгарылган жыл (2011) көрсөтүлгөн.  

Улуттук банк тарабынан «Дүйнө менин көз карашымда» темасында өткөрүлгөн сынактын жеңүүчүсү Бишкек шаарындагы № 29 гимназиянын 5 «Г» классынын окуучусу Асеин кызы Айым тарткан сүрөт «Аруулук уялаган балдар дүйнөсү» күмүш монетасынын негизги сюжетин түзөт. Монетанын төмөн жагында номиналы (10 сом), металлдын сапат белгиси жана салмагы (Ag 925/31.10г), ал эми арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлүп, монета чыгарылган жыл (2011) көрсөтүлгөн.  

«ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн элдеринин жөрөлгөлөрү жана салт-санаасы» сериясындагы 10 сом номиналындагы «Түндүк көтөрүү» жана «ЕврАзЭСке 10 жыл» коллекциялык күмүш монеталары 2010-жылдын 1-октябрынан тартып жүгүртүүгө чыгарылган.  

«Түндүк көтөрүү» монетасынын алдыңкы бетинин негизги мазмунун кыргыз элинин улуттук каада-салтынын биринен болгон боз үй көтөрүү процесси чагылдырылган.  

«ЕврАзЭСке 10 жыл» монетасынын алдыңкы бетинин чок ортосунда түстүү эмаль менен ЕврАзЭС эмблемасы түшүрүлгөн. Арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, монета чыгарылган жыл (2010) көрсөтүлгөн.  

«ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн элдеринин уламыштары жана жомоктору» сериясындагы 10 сом номиналындагы “Бугу эне» күмүш монетасы жана «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн жаныбарлар дүйнөсү» сериясындагы 10 сом номиналындагы «Бүркүт» күмүш монетасы жүгүртүүгө 2009-жылдын 29-октябрынан тартып чыгарылган. 

Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Ак кеме” повестиндеги бугу-эне уламышы монетанын алдыңкы бетинин сюжетин түзүп, ЕврАзЭС эмблемасы түшүрүлгөн болсо, арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, монета чыгарылган жыл (2009) көрсөтүлгөн. 

“Бүркүт” монетасынын алдыңкы бетинде бүркүттүн элеси, ЕврАзЭСтин түстүү эмаль менен капталган эмблемасы түшүрүлгөн. Арткы бетинде Кыргыз Республикасынын герби, монета чыгарылган жыл (2009) көрсөтүлгөн.  

Кыргыз Республикасынын аймагында «ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору» сериясындагы 10 сом номиналындагы «Бишкек» күмүш монетасы 2008-жылдын 18-декабрынан тартып жүгүртүүгө чыгарылган. 

Асман тиреген тоолор кучагында борбор калаанын жалпы архитектуралык сүрөттөлүшү негизги сюжетти камтып, Манас атабыздын ат үстүндөгү скульптуралык келбети жана ЕврАзЭС эмблемасы алдыңкы планда берилген. Жер шаарынын рельефтик фонунда Кыргыз Республикасынын герби монетанын арткы бетинде түшүрүлгөн. 

 

Коллекциялык монеталардын өзгөчөлүктөрү 

 

Аталышы 

Номиналы 

Металлы 

(сапат белгиси) 

Салмагы 

(г) 

Диаметри/ Өлчөмү 

(мм) 

Нускасы  (даана) 

Баасы 

«Улуу Жибек Жолу» 

10 сом 

күмүш  925°/ 

алтын 999° 

31,10 

38,61 

2 000 

3 400 сом 

«Аруулук уялаган  

балдар дүйнөсү» 

10 сом 

күмүш 925° 

33,94 

39,00 

3 000 

3 300 сом 

«Түндүк көтөрүү» 

10 сом 

күмүш 925° 

31,10 

38.60 

3 000 

сатуу аяктаган

«ЕврАзЭСке 10 жыл» 

10 сом 

күмүш 925° 

31,10 

38.60 

2 000 

1 600 сом 

«Бугу эне» 

10 сом 

күмүш 925° 

31,10 

38.60 

3 000 

сатуу аяктаган 

«Бүркүт» 

10 сом 

күмүш 925° 

31,10 

38.60 

3 000 

сатуу аяктаган  

«Бишкек» 

10 сом 

күмүш 925° 

31,10 

38.60 

2 500 

сатуу аяктаган