Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу  

  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын укуктук статусу - комплекстүү мүнөзгө ээ, ал укуктук ченемдер менен эле эмес, ошондой эле Улуттук банктын аткарган иш милдеттеринен келип чыккан экономикалык негиздүүлүк менен да аныкталат. 

Улуттук банктын укуктук статусу Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августундагы № 92 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамына ылайык аныкталат. 

Көз карандысыздык принциби Улуттук банктын укуктук статусунун өзөктүү элементи, ал эң оболу Улуттук банктын мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмүнө кирбегендиги, акча чыгарууну жана жүгүртүүнү уюштуруу боюнча артыкчылыктуу укукка ээ өзгөчө институт катары иш алып баргандыгы менен белгиленет. 

Кыргыз банкынын жылдык отчёту көз карандысыз тышкы аудиттен өткөндөн кийин Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, ошондой эле жалпы коомчулукка кеңири жарыялоо менен сунушталат. 

Улуттук банк юридикалык жак болуп саналат, аталышы жазылган жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөргө ээ. Улуттук банктын мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча ыйгарым укук Улуттук банктын өзүнө гана таандык, Улуттук банктын мүлкүн алып коюуга, ага башка милдеттерди жүктөөгө жол берилбейт. Улуттук банк өзүнүн статусун жана ыйгарым укуктарын сот тартибинде коргоого укуктуу. 

Улуттук банктын финансылык көз карандысыздыгы Улуттук банк өзүнүн чыгашаларын өз кирешелеринин эсебинен жапкандыгында, мамлекеттик алымдардан бошотулгандыгында чагылдырылат. Улуттук банктын сарптоолорунун бюджетин түзүү принциптери Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген. 

Улуттук банктын укуктук статусун айырмалаган өзгөчөлүк болуп, анын ченемдик укуктук актылары саналат. Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары Улуттук банк тарабынан ченем жаратуучу компетенциясынын алкагында жана ушул компетенциянын чегинде чыгарылат жана көзөмөлгө алынган жактар үчүн милдеттүү болуп саналат. Банктык укук мамилелерине тиешелүү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылат. 

Улуттук банк финансы маселелери жана банк ишине тиешелүү башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин финансылык кеңешчиси болуп саналат.