2020-жылдын 19-июнунда банктарды кайра каржылоо максатында кредиттик аукциону өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет.
Кредиттик аукциондун параметрлери:
Аукциондун коду |
АК 20 20 |
Кредиттин мөөнөтү (ай) |
6 ай |
Кредиттик ресурстардын көлөмү (млн. сом) |
1 000,00 |
Ауцион өткөрүү ыкмасы* |
III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукциону |
Максаттуу багытталышы |
COVID-19 вирусунун жайылышынан улам экономикада пайда болгон терс кесепеттерди жеңилдетүү максатында ишкер субъектилеринин ишин кредиттөөгө, анын ичинде жүгүртүү капиталын каражаттар менен камсыз кылууга |
Пайыздык чен (%) |
Аукцион өткөрүү учурунда Улуттук банк аныктаган эсептик чени |
Билдирменин минималдуу көлөмү (млн. сом) |
20,00 |
Билдирменин максималдуу көлөмү (млн. сом) |
150,00 |
Коммерциялык банктардын түпкү карыз алуучулары үчүн чектүү номиналдык пайыздык чени |
10% чейин |
Пайыздын төлөө убакыты |
Ар бир айдын 1чи күнүндө |
Кредиттин күрөөлүк камсыздоосу |
Улуттук валютадагы мамлекеттик баалуу кагаздары (МБК) (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
Улуттук банктын ноталары (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
Улуттук банктагы пайызсыз депозиттик эсепте турган чет өлкө валютасы (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 105%) |
|
Кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу (кредитти күрөөлүк камсыздоо көлөмү 200%) |
|
Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү максималдуу күрөөлүк камсыздоо |
Жалпы күрөөлүк камсыздоонун 70% ашпаган |
* III ыкма - Белгиленген чен боюнча аукцион. Мындай аукционду өткөрүү учурунда бардык билдирмелер Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети тарабынан белгиленген чен боюнча канааттандырылат. Эгерде билдирмелердин суммардык көлөмү аукциондо сунушталган кредиттик ресурстар көлөмүнөн ашса, алар миңге чейин тегеректелип, пропорционалдуу негизде канааттандырылат.