Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети  

 

Акча-кредиттик жөнгө салуу комитети Улуттук банктын акча-кредит саясатын ишке ашырууда тактикалык чечимдерди иштеп чыгат. 

Негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 

- акча-кредит чөйрөсүндөгү түптөлгөн жагдайга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү, ачык жана валюта рынокторундагы операциялар боюнча чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды кабыл алуу; 

- банк тутумунда ликвиддүүлүктү жөнгө салуу, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык акча-кредит саясатынын инструменттерин колдонуу боюнча сунуштарды кароо. 

2024-жылы комитеттин 54 отуруму өткөрүлүп, анда банк тутумунун ликвиддүүлүгүн жөнгө салуу, пайыздык чендерди аныктоо жана акча-кредит саясатынын башка маселелери боюнча 132 маселе каралган.