Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен ижарачынын ортосунда иджара мутахийя биттамлик операциясы боюнча түзүлгөн типтүү келишимдерди стандартташтыруу маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет. 

Иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдерин түзүүгө, ошондой эле иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдеринин үлгүсүнө карата негизги талаптарды аныктоо сунушталат. 

  

1. Проблемалар жана негиздер.   

Иджара/иджара мунтахийя биттамлик стандарттуу келишимдеринин оптималдуу түзүмүн сунуштоо аркылуу сунушталып жаткан жөнгө салуу иджара/иджара мунтахийя биттамлик финансылык продукттарын андан ары жайылтуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  ислам каржылоо принциптери боюнча типтүү келишимдерди стандартташтыруу. 

  

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр  келишим предмети болуп саналган иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишимдерин түзүү эрежелери жана нормалары тартипке келтирилиши, өз кезегинде келишим тараптары үчүн ыңгайлуулукту жана алардын кызыкчылыгы мүмкүн болушунча корголушун камсыз кылат. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү:  

 Бул ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы алгылыксыз натыйжаларды жаратпайт, анткени ал банктардын ишин чектөөгө багытталган эмес.  

 

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Сунушталып жаткан жөнгө салуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган коммерциялык банктардын, анын ичинде "ислам терезесине" ээ коммерциялык банктардын ишине тиешелүү

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Сунушталып жаткан жөнгө салуунун субъектилери кошумча сарптоолорго учурабайт.   

Коммерциялык банктар үчүн пайда: документтердин иштелип чыккан формаларын пайдалануу менен банктардын ишин жөнөкөйлөтүү аркылуу ислам каржылоо кызматтарын көрсөтүү шарттарын жакшыртуу

  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын чыгымдары мамлекеттик органдардын ишин ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу 

urazzakov@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын 16-мартынан кечиктирбестен