Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы мурабаха операциясын эсепке алуу маселеси боюнча укуктук ченемдик актынын долбоорунун жөнгө салуучу таасирине талдап-иликтөө жүргүзүү, ошондой эле кызыкдар болгон тараптардын сунуштарын топтоо тууралуу билдирет.  

Ислам финансылык институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун №28 «Мурабаха жана бөлүп төлөө менен башка товардык бутүмдөр» стандартын эске алуу менен мурабаха бутүмү боюнча эсепке алуу, кирешелерди таануу жана маалыматты ачыкка чыгаруу методикасын стандартташтыруу сунушталат. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.   

Ислам банктары жана «ислам терезесине» ээ банктар тарабынан кардарларга каржылоону сунуштоодо кеңири колдонулган келишим мурабаха келишими, ошондуктан ал финансылык отчеттун кыйла бөлүгүн ээлейт.  

Ислам каржылоо принциптеринин калыптануу баскычын жана ислам банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна жаңы катышуучулардын киришин эске алганда, банк рыногунун бардык катышуучулары үчүн мурабаха бүтүмүн эсепке алуунун бирдиктүү эрежелерин белгилөө зарылдыгы жаралууда. 

Бүгүнкү күндө каржылоонун ислам принциптери боюнча кызматтарды сунуш кылган банктар мурабаха операциясынын предмети активдин наркынын өлчөмүндө мурабаха каржылоосун тааныйт. Бүтүм боюнча үстөк баа мурабаха боюнча төлөө графигине ылайык ай сайын эсептелет жана таанылат. Бирок, мурабаха бүтүмүнүн негизи катары тараптар ортосунда алдын-ала макулдашылган баада товарларды кайра сатуу санала тургандыгын эске алуу зарыл. Ушуга байланыштуу, AAOIFI №28 стандартында көрсөтүлгөндөй, мурабаха бүтүмү боюнча карызды үстөк баа боюнча кийинкиге жылдырылган кирешени таануу менен, бүтүмдүн предмети активдин наркынан жана банктын үстөк баасынан турган  нарк боюнча таануу сунуш кылынат.  

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  ислам каржылоо принциптери боюнча бүтүмдөрдү эсепке алууну стандартташтыруу. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү

- маалыматтарды эсепке алуу жана ачыкка чыгаруу боюнча банктардын бирдиктүү мамилеси; 

- шариат стандарттарын сактоо менен байланышкан банк секторунун аброюна шек келтирүү тобокелдигин төмөндөтүү

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү: мурабаха боюнча белгиленген үстөк баа боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдарды банктардын туура эмес эсептеп койгон жагдайдын жаралышы.  

 

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү

Учурда эки банк мурабаха операцияларын жүргүзүү укугуна ээ. Ченемдик укуктук актынын долбоорун күчүнө киргизүү күнүнүн кийинкиге жылдырылышын эске алуу менен дагы эки банкта сунушталган жөнгө салууну жүзөгө ашыруу мүмкүн. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Мурабаха операциясын жүргүзүү укугуна ээ эки банктын чыгымдары мурабаханы жаңы талаптарга ылайык эсепке алуу үчүн автоматташтырылган банк системасын модернизациялоо менен байланыштуу болушу мүмкүн.  

Банктарга финансылык күч келүүнү азайтуу максатында, аталган өзгөртүүлөрдү күчүнө киргизүү күнү банктар менен талкуулоонун жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын январь айынан эрте эмес убакытка белгиленет. Ошол эле учурда, мурабаха кызматын сунуштаган банктардын санынын аздыгын эске алуу менен бул документтин өз убагында кабыл алынышы ислам банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кийинчерээк кирүүнү пландаштырган банктарга, ислам терезесин ачуу боюнча жалпы чаралардын алкагында, өздөрүнүн ички документтерин жана автоматташтырылган банк системасын алдын-ала ылайыкташтырууга мүмкүндүк берет. 

Ишкерлер үчүн артыкчылыктар: эсепке алуунун шариат стандарттарына туура келүүсү

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт. Мамлекеттик органдардын чыгымдары мамлекеттик органдардын ишин ишке ашырууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардан ашпайт. 

 

Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолор тизмеги:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр: 

1. Сунуштарды кабыл алуу:  

   

- электрондук почта аркылуу 

smaitashova@nbkr.kg   

- почта дареги аркылуу 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 9-мартынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү 

2021-жылдын 16-мартынан кечиктирбестен