Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн, кредит/овердрафт берүүдө, ошондой эле күрөөлүк  камсыздоонун наркын баалоодо негизсиз комиссиялык төлөмдөрдү алгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен коммерциялык банкка айып пул салынган. 

 

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 26-февралындагы № 2020-П-12/8-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына комиссиялык жана башка төлөмдөр боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому менен төмөнкү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилген: 

- 2010-жылдын 30-июнундагы №52/4 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- 2013-жылдын 14-июнундагы №19/2 “Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо; 

- 2015-жылдын 24-июнундагы №35/10 “Финансылык кызматтарды сунуштоо жана керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо тартибине карата минималдуу талаптар жөнүндө” жобо. 

Киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, сунуштаган кызмат көрсөтүүлөр үчүн банк/ФКУ тарабынан алынуучу комиссиялык жана башка төлөмдөр төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- кардар үчүн өзүнчө пайдага же болбосо керектөө баалуулугуна  ээ болуу;  

- кредит берүү боюнча негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн өз алдынча жана көз карандысыз болуу;  

- мыйзам талаптарына ылайык акысыз сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөргө таандык болбоо.  

Бир эле ошол операцияны ишке ашыргандыгы үчүн банк тарабынан пайыздарды жана комиссиялык төлөмдөрдү алууга жол берилбейт.