Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» биргелешкен токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында «Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору» / «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому» бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 29-апрелинен кечиктирбестен asyrgataev@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл