Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Улуттук банк Башкармасынын "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтом долбоорун (мындан ары долбоор) коомдук талкууга сунуштайт. 

Долбоор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында "Улуттук банктын ченемдик актылары"/"Талкууга сунушталган долбоорлор" бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында "Мыйзам алдындагы актылардын долбоорлору" / "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтому" бөлүгүндө жайгаштырылган. 

Кызыкдар болгон тараптар долбоор боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2021-жылдын 26-апрелинен кечиктирбестен azmambetalieva@nbkr.kg электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл