"Ата Журттун нукура байлыгы - өз эли" 

 

2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата чыгарылган "Ата Журттун нукура байлыгы - өз эли" аттуу темада социалдык видеороликтердин презентациясы болду. 

Видеороликтер улуттук валютанын банкнотторунда элеси түшүрүлгөн ойчул-философ акын Жусуп Баласагын, улуу манасчы Саякбай Каралаев, тунгуч классик акын Алыкул Осмонов, сүрөтчү жана актёр Сүймөнкул Чокморов сыяктуу көрүнүктүү инсандар тууралуу тартылган.  

Видеороликтер кыргыз элинин руханий мурасын даңазалоо, калктын улуттук валютага ишенимин жогорулатуу жана ага сарамжалдуу мамиле жасоо маданиятын калыптандыруу максатында тартылган.  

«Улуттук валютанын банкнотторунда тарыхый ишмерлердин, илим менен маданиятка, искусствого эмгек сиңирген, өлкөнүн улуттук сыймыгы болгон мыкты инсандардын элеси түшүрүлгөн», - деп Т.Абдыгулов өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө белгилеп кетти.  

Видеороликтер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Президентинин Аппаратынын, Өкмөттүн, маданият менен искусствонун, тарыхтын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын катышуусунда көрсөтүлдү.  

Роликтер режиссер Руслан Акун жетектеген "Байрак Групп" чыгармачыл тобу, белгилүү кино ишмерлер Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдор тарабынан жаралган.