Кошумча лицензияны өз ыктыярдуу кайтарып берүү жөнүндө катышуучулардын 2021-жылдын 25-февралында кабыл алган чечимине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кредиттик союздун катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна берилген «Копилка-777» кредиттик союздун 2009-жылдын 14-январындагы №56-001 кошумча лицензиясы 2021-жылдын 31-мартынан тартып жокко чыгарылды. Юридикалык дареги: Ысык-Көл областы, Балыкчы шаары, Ж. Абдрахманов көчөсү 217/92.