Коммерциялык банктардын ишинде электрондук документтерди колдонуу, тактап айтканда, банктык эсептерди ачуу жана кредит берүү боюнча банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалымат системалары аркылуу алынуучу документтерди электрондук форматта колдонуу жолу менен Кыргыз Республикасында банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаптарды тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2021-жылдын 31-мартында №2021-П-12/14-5-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому кабыл алынды. 

Токтом Улуттук банктын расмий интернет-сайтында www.nbkr.kg/Банк тууралуу/Банк иши тууралуу мыйзамдар/Улуттук банк Башкармасынын токтомдору бөлүгүндө жайгаштырылган.