Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө  

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы электрондук кол тамга коюлган документтерди электрондук форматта сунуш кылган коммерциялык банктардын отчетторун жана каттарын кагаз жүзүндө жеткирүү боюнча талаптарды алып салуу маселеси боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле бул маселеге кызыкдар тараптардын сунуштары кабыл алына тургандыгын маалымдайт.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өз ара аракеттенүү процесстерин кагаз жана электрондук түрдө кайталоону токтотуу максатында өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 

 

1. Проблемалар жана негиздер.  

- кагаз жүзүндө документ жүгүртүүнүн ашыкча болушу; 

- өз ара аракеттенүү процесстерин кагаз жана электрондук түрдө кайталоо; 

- электрондук документ жүгүртүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базанын жоктугу; 

- электрондук документтерди сактоо жана юридикалык күчүн камсыз кылуу, аларда камтылган маалыматтарды коргоо жана жок кылуу узактыгы боюнча мыйзамдуу талаптардын жоктугу. 

Бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан отчетторду берүү талаптары электрондук документтерди бир мезгилде колдонууну жана камсыздоону, андан кийин кагаз жүзүндө жөнөтүүнү көздөйт. Бул талаптар операциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш-чараларды колдонуу алкагында иштелип чыккан. Учурдагы шарттарда мындай кайталоо электрондук өз ара аракеттенүүгө толук өтүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. 

 

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты отчетторду жана электрондук кол тамга коюлган каттарды электрондук форматта берген учурда, коммерциялык банктар менен Улуттук банктын ортосунда электрондук өз ара аракеттенүүнү киргизүү, ошондой эле кагаз жүзүндө жүгүртүүнүн үлүшүн, анын толук алынып салынышына чейин туруктуу кыскартуу. 

 

3. Сунушталып жаткан жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- коммерциялык банктар менен өз ара аракеттенүүнүн алыскы каналдарын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу; 

- электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана кагаз документтерди колдонууну минималдаштыруу. 

 

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

Банк ишин уюштуруунун технологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу сунушталган жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн өз ара аракеттенүү каналынын жетишсиз корголгон механизмдерин колдонуу. 

 

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү  

Жөнгө салынуучу механизм Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары үчүн сунушталат. 

 

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо. 

Ишкерлердин сарптоолору минималдуу болот, анткени сунуш кылынган чечим документ жүгүртүү боюнча кайталанма процесстерди жоюуга багытталган.  

Ишкерлер үчүн пайда:  

- документтерди кагаз жүзүндө сактоону уюштуруу чыгымдарын азайтуу (иштеп чыгуу жана сактоо); 

- электрондук маалымат каражаттарында документтер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук деңгээлин жогорулатуу; 

- документтерди иштеп чыгуу процессин оптималдаштыруу жана автоматташтыруу.  

 

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Долбоор Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

 

Бул маалыматты талкуулоо үчүн каралган мөөнөт жана байланышуу үчүн маалыматтар  

1. Сунуштар төмөнкү ыкмаларда кабыл алынат:  

 

- электрондук почта аркылуу 

malmanbetova@nbkr.kg  

- почта дареги 

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү 

2021-жылдын 11-апрелинен кечиктирбестен

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2021-жылдын 18-апрелинен кечиктирбестен