Ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө 

БИЛДИРҮҮ  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аралыктан банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгып, анын жөнгө салуучу таасирине талдоо жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле бул маселеге кызыктар тараптардын сунуштары кабыл алына тургандыгын маалымдайт.  

Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. 

  

1. Проблемалар жана негиздер.  

Кардарлардын мүмкүн болушунча кеңири чөйрөсүнө банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү жана инновациялык финансы рыногун калыптандырууга көмөк көрсөтүү үчүн аралыктан тейлөө каналдарын өнүктүрүү

Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаал банк өкүлчүлүктөрүнө барууга жана жарандардын байланышына атайын талаптарды коюуну шарттап жаткандыгын дагы эске алуу зарыл. Демек, кардарларга аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөтүү үчүн банктык кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле кардарды идентификациялоонун ишенимдүү ыкмаларын киргизүү талап кылынат. 

  

2. Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты  аралыктан банктык кызмат көрсөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, операциялык тобокелдиктерди азайтуу. 

 

3. Сунушталган жөнгө салуудан күтүлүп жаткан пайдага жана артыкчылыктарга баа берүү:  

- жеке адамдар, жеке ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө дем берүү;  

- аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөтүүдө операциялык тобокелдиктерди азайтуу. 

  

4. Келип чыгышы мүмкүн болгон алгылыксыз натыйжаларга баа берүү  

- банктардын ишин уюштуруунун технологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу сунушталып жаткан жөнгө салууну ишке ашыруу үчүн жетишсиз корголгон механизмдерди колдонуу. 

  

5. Ишкер субъектилери жөнгө салуу сунушталган адресат боюнча мүнөздөмө жана санына баа берүү   

Жөнгө салынуучу механизм Кыргыз Республикасынын айрым коммерциялык банктарында гана сунушталат. Ченемдик укуктук актылардын талаптары такталгандан кийин көп банктарга жайылтуу мүмкүн болот. 23 коммерциялык банкта ишке ашырылышы мүмкүн.  

  

6. Сунушталып жаткан жөнгө салууну колдонууга киргизүүдөн улам потенциалдуу адресаттардын кошумча чыгашаларын жана пайдаларын болжолдуу баалоо 

Ишкерлердин сарптоолору минималдуу болот, анткени сунушталган чечим иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.  

Кардарлар үчүн пайда:  

- аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;  

- операциялык тобокелдик деңгээли төмөндөйт.  

  

7. Сунушталып жаткан жөнгө салууну киргизүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджетинин чыгашаларын жана пайдасын болжолдуу баалоо 

Долбоор банктардын кардарларды аралыктан идентификациялоо боюнча чечимдерди кабыл алууга кеткен чыгашаларынан тышкары, Кыргыз Республикасынын бюджетинен кошумча чыгашаларды талап кылбайт.  

  

Коомдук консультациянын катышуучулары үчүн суроолор:  

- жөнгө салууну өзгөртүү аркылуу чечүүнү талап кылган, көрсөтүлгөн проблемалар туура болуп саналабы; 

- көрсөтүлгөн максат ага жетүү үчүн негиздүү, маанилүү болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу проблемаларды чечүү үчүн кыйла артыкчылыктуу ыкма болуп саналабы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар келип чыгышы мүмкүн; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс натыйжалар орун алышы ыктымал; 

- проблемаларды чечүүнүн альтернативдүү, кыйла натыйжалуу ыкмалары барбы; 

- сунушталып жаткан жөнгө салуу боюнча сиздин жалпы пикириңиз.  

  

  

Байланышуу үчүн маалымат жана сунуштарды талкуулоо үчүн мөөнөттөр  

1. Сунуштар төмөнкү ыкмаларда кабыл алынат:  

   

- электрондук почта аркылуу  

asadykov@nbkr.kg 

- почта дареги  

720001, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Чүй пр., 168  

2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү   

2021-жылдын 13-майынан кечиктирбестен  

3. Сунуштар жана жооптор реестрин Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жайгаштыруу мөөнөтү  

2021-жылдын 20-майынан кечиктирбестен