Улуттук валюта   сомдун жүгүртүүгө чыкканына 28 жыл болду 

 

Бүгүн 10-майда, улуттук валютабыз кыргыз сомунун жүгүртүүгө чыгарылганына 28 жыл толду.  

Эгемендикке ээ болгондон кийин Кыргызстан, мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп, өз улуттук валютасын кыргыз сомун колдонууга киргизген.  

1993-жылдын 3-майында Кыргызстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен улуттук валютаны - кыргыз сомун колдонууга киргизүү чечими кабыл алынып, ошол эле жылы 10-майда сом жалпы өлкө аймагында расмий төлөм каражатынан болгон. 

Биздей жаш республика үчүн өзүнүн улуттук валютасын ошол мезгилде колдонууга киргизүү маанилүү кадамдардан болгон деп айтсак болот. Мындай чечкиндүү кадам экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгууга өбөлгө түзгөн.  

28 жыл ичинде кыргыз сому өз алдынча акча-кредит саясатын жүргүзүүнүн негизги инструменти гана болбостон, эгемендүү мамлекетти түптөөнүн ажырагыс символуна айланды.  

Өлкө экономикасындагы мезгил-мезгили менен болуп турган олуттуу таасирлерге, саясий олку-солку абалга жана дүйнөдөгү кескин жагдайларга карабастан, бүгүнкү күндө улуттук валютабыз совет доорунан кийинки мамлекеттердин мейкиндигинде кыйла туруктуу валюталардын катарына кирет.  

Бүгүнкү күндө улуттук валюта сом, өзүнүн туруктуулугу, коргоо белгилери жана банкноттордун дизайны боюнча да эл аралык көргөзмөлөрдө жана сынактарда жогорку баага ээ болуп, башка валюталардын арасында татыктуу орунду ээлейт.