Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2021-жылдын 20-майынан тартып «ASIAPAY (АЗИЯПЭЙ)» ЖЧШнын (Казакстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында эл аралык электрондук акча системасынын оператору катары каттоосу жокко чыгарылды. 

Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган эл аралык электрондук акча системаларынын операторлорунун/ эл аралык электрондук акча эмитенттеринин реестри менен Улуттук банктын расмий сайтынан «Банктын милдеттери»/«Төлөм системасы»/«Эл аралык электрондук акча системалары» бөлүгүнөн таанышсаңыздар болот.