Банктык тегерек стол 

2021-жылдын 21-майы 

 

2021-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан уюштурулган кезектеги банктык тегерек стол маеги болуп өттү

Банктык тегерек стол маегинин ишине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги жана кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесинин, «Кепилдик фонд» ачык акционердик коомунун, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.  

Аталган иш-чаранын катышуучулары коронавирус инфекциясына байланыштуу кризис шартында банк ишин жүргүзүү, Баткен областында болуп өткөн окуялардан улам жабыр тарткан карыз алуучулар боюнча жагдайды кароого алуу, ошондой эле банк ишин жөнгө салууну өркүндөтүү жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча актуалдуу тенденциялар сыяктуу банк секторундагы маанилүү маселелерди талкуулашты. 

Банктык тегерек стол маегинин ишинин жүрүшүндө коронавирус инфекциясына байланыштуу жагдай, өлкөнүн банк сектору үчүн да сыноо болгондугу белгиленди. Ошону менен бирге, кыйын кырдаалга карабастан, банк системасы кыйынчылыктарга жетиштүү деңгээлде туруштук бере алды. Мындай жагдайлар кризистен ийгиликтүү чыгуу үчүн жөнгө салуучу менен коммерциялык банктардын өз ара тыгыз иш алып баруусунун мааниси чоң экендигин дагы бир жолу тастыктайт.  

Банктык тегерек стол маеги банк секторунун катышуучулары үчүн салттуу аянтча болуп саналат, анда банк коомчулугунун орчундуу маселелери талкууланат.