1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Азия Банкы» ЖАК тарабынан «Азия Банкы» ЖАКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү кызмат ордуна сунушталган Омоев Тимур Асылбековичтин талапкерлигине 2021-жылдын 27-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Оптима Банк» ачык акционердик коому тарабынан «Оптима Банк» ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Шамырканов Бакыт Талантбековичтин талапкерлигине 2021-жылдын 27-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы «Бай-Түшүм» Банкы ачык акционердик коому тарабынан «Бай-Түшүм» Банкы ААКтын директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү, аудит боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна сунушталган Молдобекова Бурулкан Капаровнанын талапкерлигине 2021-жылдын 27-майында макулдук берүү чечимин кабыл алды.