Балдар дүйнөлүк финансылык сабаттуулук үчүн! 

 

2021-жылдын 1-июнунда Дүйнөлүк акча жумалыгынын (GMW-2021) алкагында финансы-кредит мекемелери тарабынан балдар үчүн уюштурулган: балдардын сүрөтү, мыкты видеоролик, чыгармачыл акча кутучасы, китеп утуштары сыяктуу сынактардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атайын номинациясы менен сыйланды. Аталган иш-чара 2021-жылы «Өзүңө сак бол, акчаңа бек бол» деген ураан алдында өттү. Дүйнөлүк акча жумалыгы-2021 өткөрүү боюнча Катчылыктын сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, Улуттук банктын номинанттарын сыйлоо салтанатын кошуу менен иш-чаранын негизги бөлүгү интернет-ресурстарда, социалдык тармактарда онлайн форматында өткөрүлдү

Дүйнөлүк акча жумалыгына (GMW-2021) 33 уюм, анын ичинде 6 мамлекеттик мекеме, 18 финансылык институт, 3 ассоциация жана башкалар катышты. Өлкө ичинде финансылык сабаттуулук боюнча 350гө жакын иш-чара өткөрүлүп, ага 200дөн ашык жалпы билим берүү мектептери, 70ке жакын жогорку окуу жайлары менен атайын кесиптик окуу жайлары катышты. Дүйнөлүк акча жумалыгы иш-чараларына түздөн-түз катышкандардын саны 38000 адамды түздү, ал эми кыйыр катышкандар 3 000 000дон ашты. 

Балдар сынагынын Улуттук банк тарабынан белгилеген катышуучулары жөнүндө маалымат бул жерде.

 

Маалымат катары: 

2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасы дүйнө жүзү боюнча өткөрүлүп келе жаткан, балдардын жана жаштардын акча топтоо маданиятын өркүндөтүүгө жана алардын финансылык билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган Дүйнөлүк акча жумалыгына катышып келет. 

2016-жылы өлкөдө финансылык билим берүү жаатында олуттуу жетишкендиктери үчүн Кыргызстан Эл аралык балдар жана жаштар финансылык уюму (Child Youth Finance International, CYFI) тарабынан уюштурулган өлкө категориясы (Country Award) боюнча финалист катары «Дүйнөлүк жеткиликтүүлүк-2016» (Global Inclusion Awards) номинациясына татыган. 

2019-жылы Кыргыз Республикасы «Жаштарды тартуу-2019» номинациясында өлкө категориясы боюнча жеңүүчү деп табылган. Сыйлык Кыргыз Республикасына мектеп окуучуларынын, жаштардын жана мектеп мугалимдеринин арасында финансылык билим берүү жаатындагы олуттуу жетишкендиктери жана аракеттери үчүн тапшырылган. 

2020-жылдан тартып Дүйнөлүк акча жумалыгы Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун колдоосу алдында өткөрүлүп келет.